Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:16

Мүмкүнчүлүгү чектелген таланттар тандалды


21-июлда Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында мүмкүнчүлүгү чектелгендердин республикалык музыкалык фестивалы өттү.

“Кара-Шоро” аттуу ырды аткарган Марат уулу Эламан Аксынын борборунда өткөн республикалык фестивалдын эң кенже аткаруучусу. Ал сыяктуу бир нече таланттуу балдар менен кыздар фестивалдын кызыктыруучу сыйлыктарына ээ болушту.

Өнөр мелдешине Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустары менен Бишкек шаарынан мүмкүнчүлүгү чектелген өнөрпоздор келишти. Калыстар тобу фестивалдын талабы боюнча алардын ыр, бий, музыкалык аспаптарда ойноо жөндөмүнө көз салды.

Фестивалды “Цефей” аттуу коомдук уюм баш болгон мүмкүнчүлүгү чектелгендердин беш уюму уюштурган. Ал бирикмеге башчы Бактыбек Калиевдин айтымында, өнөр мелдешин Кербендеги жергиликтүү ишкерлер менен мекеме-уюмдар колдоду.

- Себептүү жагдайларга байланыштуу адегенде калыстар тобуна мүчө болууга макул болгон таанымал эстрадалык ырчылар ал сынак өтөөр күнү катышуудан баш тартышты. Каржынын айынан бир топ облустардын мүмкүнчүлүгү чектелген өкүлдөрү да катыша албай калды. Фестивалдын максаты - мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын музыкалык талантын колдоо. Себеби алар да башка адамдардай эле коомдун кадимкидей мүчөлөрү.

Фестиваль мындан ары Жалал-Абаддын бардык район-шаарларында уланса деген тилегин облустук бийликтин өкүлү Абдылда Камбаров билдирди. Калыстар тобунун бул башчысы облуста мүмкүнчүлүгү чектелгендердин коомдук уюмдары көбөйсө деген тилегин айтты:

- Мамлекеттик уюмдарга караганда, өкмөттүк эмес уюмдарыбыз активдүү жактарын көрсөтүшүп, мамлекеттик уюмдар менен бирге ушундай сынактарды өткөрүүгө жетишти. Буга чейин алардын уюштуруусу менен Аксыда спорт боюнча мелдеш болгон, кийин ал чоң деңгээлде Жалал-Абад шаарында өттү. Бул – республикалык музыкалык экинчи фестиваль. Мындай фестиваль Ысык-Көл облусунда жыл сайын өтөт экен.

Өнөр мелдеши өткөн райондук маданият үйү көрүүчүлөргө жык толуп, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге тең орток мамиле жасоону аксылык Бактыгүл Нееталиева айтты:

- Жакшы болду. Мүмкүнчүлүгү чектелгендерди көрүп, кээде бооруң ооруп кетет, чыдай албайсың. Бүгүн булар ичтеги бугун чыгарып алышты.

Фестивалга Ысык-Көлдөн келген Үкөй Мураталиева өнөктөшү экөө кыргыз, орус ырларын аткаруу менен калыстардын мыкты баасына татып, баш байге - түстүү сыналгы утуп алышты:

- Өнөктөшүм экөөбүз орусча ырдап, байгени кантип тең бөлүп алабыз деп ойлонуп турганбыз. Мен үчүн күтүүсүз болду.

Өнөрүнүн бааланышына бишкектик Алина Курманбекова да нааразы эмес:

- Мен Жалал-Абадга экинчи ирет келишим. Келген сайын байге алып кетем.

Көрүүчүлөрдүн бири Шекербек Камчыбек уулун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин өнөр мелдешине жогорку бийлик өкүлдөрүнүн кайдыгер мамилеси өкүндүрдү:

- Фестиваль жогорку деңгээлде, уюшкандыкта өттү десе болот, жергиликтүү бийлик, мекеме-уюмдардын колдоосу менен. Бирок жогорку деңгээлдеги жетекчилердин бири да келген жок. Жогорку Кеңештин депутаттарынын, өкмөттүн мүчөлөрүнүн жоктугу да өкүндүрөт. Мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кайдыгер болбой, көз салып коюшса жакшы болот эле.

Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин республикалык музыкалык алгачкы фестивалы адегенде Ысык-Көл боюнда өткөн. Фестивалдын катышуучулары 22-июлда Аксынын Сары-Челек көлүндө эс алышты.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG