Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:12

Жалал-Абадда быйыл буудай аз айдалды


Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов айдап-себүү иштери тууралуу "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Жазгы талаа иштери кандай жүрүп жатат? Жер-жерлерде дыйкандарга күйүүчү май жетишпей жатканы айтылып жатат. Сиздерде абал кандай?

Бектур Асанов: Жалал-Абад облусунда, айрыкча төмөнкү райондордо: Сузак, Базар-Коргон жана Ноокенде жазгы айдап-себүү иштери башталды. Бизде азырынча күйүүчү май боюнча анча деле проблема жок. Бизде жер семирткич жана техниканын эскилиги чоң көйгөй болуп турат. Биз бул эки маселени өкмөттүн алдына койдук.

Мына бүгүн бизге айыл чарба министри өзү келип, бүгүн жазгы талаа жумуштарына даярдык боюнча облустук жыйын өттү. Министр өзү бир топ жетекчилер менен келди. Жогорудагы эки маселеге кеңири токтолдук.

“Азаттык”: Ал маселелерди чечүүнүн кандай жолдорун карап жатасыздар?
Пахтанын жана жашылча-жемиштин баасы аябай көтөрүлүп кеткенге байланыштуу көпчүлүк дыйкандар буудай эгүүдөн баш тартышты.


Асанов: Жер семирткич жагынан бир топ эл аралык уюмдар каражат жагынан жардамдашууга макул болуп жатышат. Түркиянын Кызыл жарым ой коому, ЮСАИД да бүгүн 5 миллион доллардын тегерегинде акча каражатын бөлүү тууралуу сөз кылып жатат. Ошол эле убакта биз жер семирткич алып келген фирмаларды Айыл чарба министрлиги алдында тендерге катышуу маселесин койдук. Буйруса бул маселе апрель айы чечилип калышы керек. Апрель айы, майдын 15терине чейин бизде жер семирткич жетет. Бизге жер семирткич майдын аягы, июнь айында пахта өсүмдүктөрүнө жана күрүчкө керектелет.

Биз арзаныраак жер семирткич алуу максатында коңшу Өзбекстан менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.

Бектур Асанов
“Азаттык”:
Сиз Жалал-Абадда күйүүчү май проблема эмес деп айттыңыз. Бирок башка аймактарда тартыш болуп жаткан экен. Сиздер май маселесин кантип чечип жатасыздар? Мурда камдап алдыңыздар беле?

Асанов: Бизге арзандатылган баада 1700 тонна күйүүчү май бөлүнүп берилген. Анын миң тоннадан ашыгын алып келдик. Бирок ошол эле учурда эркин сатууда, базарда 34-35 сомдон сатылып жатат. Майга таңсыктык жок. Ал эми өкмөт тарабынан бөлүнгөн күйүүчү майдын баасы 25 сомдон. Биздин жалпы керектөөбүз 7 миң тоннанын тегерегинде. 1700 тонна бизге жетпейт. Бирок 34-35 сомдон кеңири сатып алса болот. Эми бул мурдагыга караганда бир топ дурус. Себеби былтыр 40 сомдон деле алганбыз да. Ага караганда абал дурусурак.

“Азаттык”: Азык-түлүк каатчылыгы тууралуу көп эле сөз болуп жатат. Жазгы талаа иштери ушул каатчылыкты алдын алуу боюнча пландаштырылып жатабы?
Арзан жер семирткич алуу максатында коңшу Өзбекстан менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.


Асанов: Сөзсүз түрдө. Азык-түлүк коопсуздугу боюнча өкмөттүн бизге берген пландары бар. Бирок чынын айтыш керек, биз быйыл жазгы, күзгү буудайды кошуп эсептегенде 3,5 миң гектарга азыраак эктик. Себеби пахтанын жана жашылча-жемиштин баасы аябай көтөрүлүп кеткенге байланыштуу көпчүлүк дыйкандар буудай эгүүдөн баш тартышты.

“Азаттык”: Анан күзүндө ун жетпей калбайбы?

Асанов: 3,5 миң гектар жер Кыргызстан үчүн эле эмес, биздин Жалал-Абадга деле таасир эте албайт. Ошондуктан менимче бул жактан проблема деле болбойт.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG