Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

Базар-Коргон: сел элге бүлүк салды


12-майдын түнүндө Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунун аймагында жүргөн сел 55 турак жайды жашоого жараксыз кылып кеткен.

Андай үйлөрдүн бири Кеңеш айылында жашаган Григорий Мищенконун үй-бүлөсүнө таандык.

Мал-жанын, документтерин селге алдырып, бир сыйра кийими менен көчөдө калган Мищенколордун студент уулунун окуу акысын өкмөт төлөп бермей болду.

Москвадагы ишкерлик институттун Оштогу филиалынын студенти Владислав Мищенко короосун селден кийинки ылайдан тазалап жүрөт. Ылайдын көбүн 15-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тазалап кетишкен.

Селдин катуу жүргөнүнөн үйдөгүлөр турушу менен эптеп качып чыгып, жууркан-төшөк, эмереги эле эмес, документтери суунун, ураган дубалдардын алдында калыптыр.

Сел жүргөн түнү 11 жаштагы Никитаны үйдөн тайэнеси көтөрүп чыкканга жетишиптир. Тоок, өрдөк, коен сыяктуу мал жандыктарын да сел алыптыр.

Владислав Мищенко селдин айынан окуусуна кайтып бара элек. Кыргызча түш жоруган Слава буларды айтты:

- Өзүбүз тазалап жатабыз. Жарым метрдей ылай. Бул эки үйдүн бири 80-жылдары курулган. Бири эски үй, ошол эски үй анча-мынча туруп калды. Бир капталы аңтарылып калды, жашоого болбойт да баары бир. Экинчи үйдүн эки дубалы калды, калганы кулады, ичиндегилердин баарын басып калды. Басууга деле коркунучтуу, кайсы маалда болсо да басып калышы мүмкүн.

Үйдүн ичиндеги буюмдар суу эле эмес, жууса кеткис ылай болуп калды. Сарай, бастырма, жада калса ажаткана деле калбады. Өзүбүз качып чыктык. Келишимдик акчаларым бар эле. Оштогу институтта окуйм. Ал жакка да отуз миң сом төгүшүм керек эле, документтер сууга агып кетти.

Ал кыян болгондон бери ата-энеси, жээни жана өзү кошунасыныкында жашап, ошонун төшөнчүлөрүн пайдаланууда. Эки күн мурда Өзгөчө кырдаал министрлиги чатыр берген, бирок анда жашоо мүмкүн эмес. Себеби керебет, төшөнчү, жуурканы жок.

Коңшусу Александр Требконун айтымында, Абдраимов атындагы бул айылда орус тилдүү 36 адам калыптыр:

- Чатыр тийгенине эки күн болду да. Анда эч нерсе жок, жерге жатышабы? Куру чатырдан бөлөк эч нерсе жок. Көрпө-төшөк жок, суунун түбүндө калды. Суу эле эмес, сел келгенде ылай басып калды, үйдүн ичинде дагы эле ылай турат.

Владиславдын ата-энеси пенсия курагында, бирок иштешет. Азыр тамак-аш жагынан буларга коңшулары каралашууда. Владислав сууга агып бараткан жашылчаларды жыйнап алганга үлгүргөн.

Мына ушундай оор абалга кирептер болуп турган Мищенколордун баласы Владиславдын окуусу үчүн акыны өкмөт төлөп бермей болду. Мындай убаданы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов 16-майда Базар-Коргонго келгенде берип, аны ишке ашырууну өзү менен кошо жүргөн билим берүү министри Канат Садыковго тапшырды.

Өкмөт башчы 16-майда Кеңеш жана Акман айыл өкмөттөрүндө селден өзгөчө жабыркаган бүлөлөрдүн ал-абалын көрдү. Жабыркагандар Бабановдон үй-жайларын оңдоого көмөк көрсөтүүнү, банктардан алган насыяларынын төлөө мөөнөттөрүн узартууну өтүнүштү. Премьер-министр насыя маселесин банктар менен сүйлөшөөрүн, жалалабаддыктарга 92 тонна жүгөрү үрөнү бөлүнгөнүн билдирди.

Акыркы селде 2457 үйгө суу кирген. Алардын ичинен 55 үй жашоого жараксыз болуп калган.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG