Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Жалал-Абад: суукта газсыз калган үйлөр


Жыл сайын күз-кыш мезгилинде Жалал-Абадды үзгүлтүксүз газ менен камсыздоодо Өзбекстандан кошумча көгүлтүр от сатылып алынчу.
Жыл сайын күз-кыш мезгилинде Жалал-Абадды үзгүлтүксүз газ менен камсыздоодо Өзбекстандан кошумча көгүлтүр от сатылып алынчу.

Жалал-Абад шаарына берилүүчү жергиликтүү газдын басымы төмөндөп кетип, үч миңге жакын жер үйдө газ өчтү.

"Газпром Кыргызстан" ишканасынын жергиликтүү өкүлчүлүгү болсо, үйүн газ менен жылыткандарды көмүргө өткүлө деп күздөн бери эскертип келишкенин, газ азыр көп кабаттуу үйлөргө тамак жасоо үчүн гана берилерин айтууда.

Рыслохан Маккамованын үйүндө үч күндөн бери газ жок. 80 жаштагы шаар тургуну неберелери менен азыр бир бөлмөдө олтурууга аргасыз. Жыл сайын газ менен кышты өткөргөн үй-бүлөгө эми суук түшкөндө отун алуу түйшүгү жаралды. Бирок бул жагдайдын көпкө узашын каалабаган эне газ эртерээк берилип калабы деп, үмүт артууда.

- Мурда газ өчөт дегенине ишенген эмес болчук, жыл сайын болгон газ быйыл да болсо керек деп ойлогонбуз. Мына үч күндөн бери газ өчүп, кыйынчылык башталды. Отун да алган эмес болчубуз, эми каптап көмүр ташып жатабыз. Неберелерим менен тамактануу аябай эле кыйын болуп жатат. Үйүбүз да газ аркылуу жылытылат эле, азыр күн сайын эки каптан көмүр жагып жатабыз. Айткылачы, газды берүүнү кайра калыбына келтиришсин.

Жалал-Абаддагы жер тамдарга кышкысын газ берүү токтотулат деген кабар жай айларынан бери айтылып, тургундарга эскертүү берилип келген.

"Газпром Кыргызстан" ишканасынын “Жалал-Абатгаз” филиалынын жетекчиси Таалайбек Малабеков азыр шаардын үч миңге жакын жашоочулары газсыз калганын айтат. Анын себебин газ басымынын азайышы менен түшүндүрдү.

- Газ басымы азайгандыктан, 30-ноябрь күнү алгач 1865 абонентти өчүргөнбүз. 5-декабрь күнү дагы 1150 абонентке газ берүүнү токтоттук. 8-декабрда да стабилдүү газ болгон жок. Башка алтернативдүү жолго өткүлө деп, күз-кыш мезгилине даярдык жүрүп жаткан учурда эле жер тамда жашагандарга эскерткенбиз. Газды 30-ноябрга чейин үзгүлтүксүз берип жатканбыз, алдыдагы күндөрү газ басымы жогоруласа, кайра бере баштайбыз.

Жалал-Абад, Майлуу-Суу жана Кочкор-Ата шаарларындагы 25 миңге чукул кардарды "Кыргызмунайгаз" ишканасы жергиликтүү газ менен камсыз кылат. Ошондой эле Майлуу-Суу электро лампа заводун көгүлтүр от менен камсыздоо да алардын карамагында. Кыш айында керектөө күч алгандыктан, газга болгон тартыштык жаралды. "Бирок газды өндүрүү өз калыбында уланууда", - дейт өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын региондук өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Ажимамат Асаев.

- "Кыргызмунайгаз" мурда 100 миң куб беребиз деп убада берсе, ошол эле калыпта газ берүүнү улантып жатат. Майлуу-Суу лампа заводу 60 миң куб газ иштетти. Ал ишкана №1 объект болгондуктан, биринчи кезекте ага беришибиз шарт. Ошондой эле "Кыргызмунайгаздын" Кочкоратада да бир топ объектилери бар. Биринчи өздөрүнүн ошол мекемелерине берет. Ишканада нефтини жылыткан иштерге да газ колдонушат, ошол себептүү керектөө көбөйдү. Бүгүн Жалал-Абад шаарында гана басым азайып, маселе жаралууда. Ошондуктан көп кабаттуу үйлөрдү калтырып, калган жер тамдарды өчүрүп жатабыз. Азыр бар газыбызды туура бөлүштүрүп, эң биринчи зарыл жактарга берип жатабыз.

Жалал-Абадда газ колдонуучу 19 миң 647 абонент болсо, алардын 8 миңден ашыгы көп кабаттуу үйлөргө тиешелүү. Адистер жер үйлөргө кышы менен газ берилүүсү күмөн экендигин эскертүүдө. Газдын өчүрүлүшү эми электр энергияга болгон муктаждыкты күчөтүп, авариялык өчүрүүлөр орун алышы мүмкүн экендиги да айтыла баштады. Ошондуктан газсыз олтурган жашоочулар алдыга күндөрү чогулуп, шаар бийлигине кайрылышканы турушат. Алардын бири Майрамкан Касымова:

- Газ жоктугунан үйдүн ичин жылытууда, тамак-аш бышырууда да электр мешин колдонуп жатабыз. Үйдө оорукчан балам бар, ага да бат-баттан ысык тамак жасап берүүгө туура келет. Өзүм да оорукчанмын. 1-2 саатта араң тамак бышырасың, кыйынчылык болуп жатат. Газды эртерек берсе жакшы болоор эле, же 2-3 сатка берип, калган убакта өчүрүп койсо да болмок. Бул көчөдөгү жашоочулар эртеңден шаар бийлигине барып кайрылалы деп турабыз.

Жыл сайын күз-кыш мезгилинде Жалал-Абадды үзгүлтүксүз газ менен камсыздоодо Өзбекстандан кошумча көгүлтүр от сатылып алынчу. Быйыл "Кыргызгаз" ишканасынын "Газпромго" толук сатылганына байланыштуу өзбек тарап газ берүүнү жай айынан тарта токтотуп койгон. Ош шаарынын тургундары да ушул күнгө чейин газсыз олтурат. Кочкор-Ата шаарындагы "Кыргызмунайгаз" ишканасы жыл сайын 28 млн. куб газ өндүрүп, өздүк керектөөнүн 60% гана камтыйт.

XS
SM
MD
LG