Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:24

Жалал-Абад облусунда быйыл күйдүргү чыккан жок, бирок күйдүргүнүн 369 очогу бар. Анын ону корулган эмес. Очоктордун тең жарымынан көбү каякта экени белгисиз. Күйдүргүнүн белгилүү очокторунда ооруну болтурбоо иш-чарлары жүрүүдө.

Облус аймагында мурда катталган күйдүргүнүн 369 очогунун эки жүзү белгисиз. Белгилүү очоктор убагында бетондолуп, тегереги тосулганын облустук ветеринардык мекеменин коопсуздук боюнча башкы адиси Эрмамат Калмаматов айтууда.

Быйыл күйдүргү бир малдан чыккан, бирок адамга жуккан жок. Ылаңды жуктурбоо үчүн бардык малга эмдөө жасалды. Жайлоодон түшчү малга эмдөө эми жасалат. Ылаңдын алдын алуу максатында облуста чукул кырдаал комиссиясынын жыйыны өткөн.

Күйдүргүнүн корулбаган очоктору Сузактын Багыш жана Барпы айыл өкмөттөрүнүн аймактарында бар. "Аларды тосуу жергиликтүү бийликтердин милдети", - дейт Эрмамат Калмаматов:

- Сузак районунан башка райондордогу белгилүү очоктордо көйгөй жок. Бардыгы тосулган, белги коюлган. Сузак районунда болгон күйдүргүнүн 59 очогунун баары бетондолгон. Бирок он очок, анын сегизи Багыш айыл өкмөтүндө, экөө Барпы айыл өкмөтүндө, ошентип жалпысынан он очок тосулган эмес.

Сузактын Багыш айыл өкмөтүнүн аймагында күйдүргүнүн 13 очогу белгилүү. Айыл өкмөттүн мал чарба адиси Акмат Кабиров ал очокторду дезинфекциялоого жана аларды кайра тосмолоого 30 миң сом каражат бөлүнгөнүн билдирди. Ал бизге көрсөткөн очоктордун бири 1989-жылы, экинчиси 2005-жылы темир кашаалар менен тосулган экен. Айрым убакта белгисиз адамдар темир кашаалардын тосмолорун жулуп кеткен учурлары болуптур. Очокторго дары - дармек чачылганы көрүнүп турат. Күзүндө кайрадан дары себилет экен:

- Быйылкы жылы күйдүргүгө каршы малды эмдөө ишин жакшы өткөрдүк. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Күйдүргү менен ооруп өлгөндөн кийин көмүлгөн малдын мурун тосулбаган очокторун оңдоп, темир тосмолор менен тосуп, дезинфекциялап жатабыз. Темир тосмосу жулунган бир очок азыр тосулбай турат.

Күйдүргү тосулган жерге эң жакын жашаган адам – Сахабидин Кудайназаров. Андан "малыңыз ылаңдаса, күйдүргүдөн сактанууну билесизби?" деп сурадык.

- Күйдүргү очогунан 500 метр алыста жашоо керек. Очокту бетондоп, жылына тазалап туруу зарыл. Ылаңдаган малды сойгондо, же этин кескилегенде, колуңузда жара, же кесик болбоосу зарыл. Күйдүргү – кесилген жер аркылуу жугат, бизде мал ылаңдай элек. Антсе дароо мал доктурга сөзсүз көрсөтөбүз. Негизи ылаңдаган малдын этин жебеген оң. Эгер жей турган болсо, этти майда туурап, өтө кайнатып, же жакшы кууруш керек.

Облуста быйыл адамдар арасында күйдүргүгө чалдыккандар катталган жок. Ноокенде күйдүргү деп шектелген малга тиешеси бар адам өз убагында дарыланды. Санитардык-көзөмөл борборунун баш дарыгери Үсөнкул Жоробаев мурдагыга караганда адамдар малдан жугуучу ылаңдан сактануунун жол-жоболорун билип калышкандыгын, облуста күйдүргүгө каршы 360 адам эмделгенин айтты;

- Мурда адамдар ылаңдаган малга кошкөңүл мамиле кылгандыктан аны сойгондор же этин кармагандар ооруп калчу. Азыр райондордогу күйдүргү очокторунун жер кыртыштары дагы эле биздин көзөмөлүбүздө.

Адистер күйдүргүнүн тосулган очокторуна жылына эки ирет дары чачуу зарыл деп эсептешет. Быйыл облуста 33 ит, чөө, карышкыр, эшек кутурма илдетине чалдыккан. Сузакта уу-химикаттар төгүлүп, кароосуз калган жай эми тосулаары белгилүү болду. Ал жерде жазында отуздан ашык кой ууланып өлгөн. Былтыр кышта жасалма вакцинадан улам эки миңден ашуун кой-эчки кырылганы маалым.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG