Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:55

Жалал-Абад: Селсаяктар үчүн жайдын шарты начар


Жалал-Абадда январда үй-жайсыз адамдар түнөөчү жай ачылган. Бирок жерге салынган төшөнчүлөрү менен электр жылыткычтары эле болбосо, он орундуу бул эски үйдө жашоо мүмкүн эмес.

Шаардагы майыптардын укугун коргоочу "Либра" уюму туш келди жашаган 36 адамды каттап, алардын экөөсүнө паспорт алууга көмөк көрсөттү. Шаар бийлиги жаңы ачылган түнөөкана убактылуу экенин, шарты жакшы баш калкалоочу жай изделип жатканын, азырынча селсаяктарга өкмөттүн токтомуна ылайык бир маал тамак берилерин билдирди.

Камчыбек Исаков карыянын түнөө жайга келгенине төрт күн болду. Ал күндүз да иштетилип жаткан эки электр жылыткычына кол сермеп, бул жерде жашаган өзүндөй адамдар таң эрте чыгып кетип, каш карайганча кара курсактарын багуунун амалын издешээрин айтууда.

Карыя бул жерге жыйырма чакырым алыс тоодо турган үйүнө жетүүгө мүмкүн болбой калган күндөрү кайрылат экен. Анын айтымында, Орусияда жүргөн бир уулунан башка төрт баласы өзүнчө бөлүнүп кетип, байбичеси каза болгондо үйүндө аны багаар адам калган эмес.

Бөлмөдө он адамдык көөнө матрац, шейшеп болгону менен керебеттер, жуунар, тамак ичүүчү жай жок. Дейди адамдарга түшкүсүн тамак берген шаардагы “Кайрымдуулук” борбору ишемби, жекшемби күндөрү үчүн буларга бөлкө таштап кетет экен:

- Үйүм алыс, жыйырма километр, ат-эшек менен барыш керек. Бул жер жылуу эле. Биринчи, экинчи деп оокат берет экен, бир жумада беш күн.

Эски төшөктө кийими менен жаткан, эми таңкы уйкудан ойгонгон Таир уулу Заирбек эки күндөн бери тамак ичпептир. Ал тогуз балалуу ата-энеси ажырашкандан кийин балдар үйүндө тарбияланган. Туугандары Заирбектен, Заирбек алардан кабар албайт экен.

Балдар үйүндөгү орто мектептен кийин Жалал-Абаддагы кесипчилик-техникалык лицейди бүткөндө кайда бараарын билбей көчөдө калган. 22 жаштагы жигит түнөөканада жашагандарга эртең менен, кечинде оокат берилбей турганын, өзү күндүз темир-тезек терип, аны тапшырып тапкан акчага тамактанаарын айтты:

- Азык-түлүк тапсак тамак бышырып жей турган казан-табак керек. Айнектерин клеенка менен тосуу керек. Себеби суук киргени үчүн кийимим менен жатам да. Көчөдө жашачумун, бул үй ачылганда ушул жакка келдим. Ата-энем бар, алар Аксыда. Түшкү тамак беришет. Темирде иштейм. Жуунганга бөлмөлөр, кол жууганга самын керек. Ушул полдору бойолбогон, жаракалары бар.

Үй-жайсыз, майып жана жалгыз-жарым жарандардын укуктарын коргоо боюнча республикалык бирикменин Жалал-Абаддагы "Либра" аттуу бөлүмү Заирбекти кайра жумушка жайгаштырганы турат. Бөлүмдүн төрайымы Лидия Линдоренко уюм Зайырбекке жана дагы бир кишиге кыйла кыйынчылык менен паспорт алып берүүгө көмөктөшкөнүн айтты. “Анткени дейди адамдардын туруктуу катталган жери жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок. Бөлүм көчөдө жашаган 36 адамды каттады”, - дейт ал:

- Үч маал тамак берилбейт. Себеби түнөөкана убактылуу, ал баш калкалоочу расмий жай эмес. Булар өздөрү иштеп таап, эки жолу тамактанышы керек. Бул жигитти канча жолу ишке жайгаштырдык, мунун иштегиси келбейт. Иштесе анан үч маал тамак иче алат. Араңдан зорго көчөдө жүргөн эки адамга паспорт алып бердик. Булардын эч кандай документтери болгон эмес.

Жалал-Абаддын базар оозунда түртмө арабада отуруп, кайыр сураган Ибрахим Исламовдун да баш калкалаар жайы жок. Ал жашай турган дайындуу үйү болбосо да, өзүндөй кишилер баш калкалоочу түнөө жайга барбай тургандыгын айтууда. 67 жаштагы бул Ибрахим карыя облус борборунда кырк жылдан ашык убакыттан бери ар кайсы жерде күн өткөрүп келатат:

- Паралич болуп, коляскада отуруп калганыма тогуз жыл болду. Көчөдө жүрсөм мага ким карайт? Өзүмдү өзүм карайм да. Шаарда жашай турган жайым жок. Түндө өз жайымды таап алам. Ата-энемдин көзү өткөндөн кийин бул жакка баса бергем. Туугандарымды акыбети жок. Эмне жардам кылат? Өкмөт да жардам бербейт. 1968-жылдан бери Жалал-Абадда жашайм. Пенсия ала элекмин, пособиянын кереги деле жок. Аялым паралич болгондон кийин чанып кетип калган.

Жалал-Абадда буга дейре селсаяктар үчүн түнөө жай болгон эмес. Шаар бийлиги аны Дене-тарбия институтунун карамагында турган бөлмөгө көчөдө жашагандар суукта тоңуп калбашы үчүн убактылуу ачкан.

Мэрдин орун басары Гүлзат Алимбаева санитардык талаптарга ылайыксыз жай он орундуу болгонун, үшүк тийген үй-жайсыз бир киши ооруканага жаткырылганын, жергиликтүү бийлик үйсүздөрдүн бардыгын мажбурлоо жолу менен түнөөканага жаткырууга укуктуу эмес экендигин билдирди.

Алимбаеванын ырасташында, түнөөкана үчүн жергиликтүү казынадан каражат каралган эмес, өкмөттүн атайын токтомунда көчөдө калгандарды бир маал тамак жана убактылуу баш калкалоо жайы менен камсыз кылуу жагы каралган. Шаар бийлиги ал токтомду өз мүмкүнчүлүгүнө жараша аткарып, Жалал-Абаддагы “Кайрымдуулук” борбору аркылуу 87 адам түшкүсүн жылуу тамак ичүүдө. Мэриянын дейди адамдар үчүн эми облустук психикалык ден соолук ооруканасында бөлмө ачуу максаты бар:

- Санитардык тазалоо жүргүзүлдү. Бир врач, бир медайым бекитилген. Стандартка ылайык баш калкалоочу жай ачуу үчүн көп каражат керек. Себеби ал жерге жок дегенде он-он беш штат кармашыбыз керек. Убактылуу эмес, келечекте селсаяктар дайыма жата турган кылып, туруктуу баш калка жай ачуу максатыбыз бар, облустук психикалык саламаттык ооруканасында. Каалагандар, үшүп калгандар түнөө жайга келип атышат. Кечээ күнү бирөөсүн өзүнүн каршылык кылганына карабай, “бутуңузду үшүк уруптур, жатпасаңыз болбойт” деп эле облустук оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырдык. Кимсанов Талип деген 67 жаштагы киши түнөөкана ачылганга дейре суукка урунган экен.

Убактылуу баш калка жай ачканга жергиликтүү бийлик демөөрчүлөрдү издемекчи болуп турат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG