Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:09

Жалал-Абад: кооганы эске салган дубалдар


Жалал-Абадда талкаланган үйлөрдүн бири, 14-июнь, 2010-жыл
Жалал-Абадда талкаланган үйлөрдүн бири, 14-июнь, 2010-жыл

Июнь коогалаңына беш жыл толду. 2010-жылкы каргашалуу бул окуяда Жалал-Абадда 750дөн ашык имарат өрттөлгөн.

Алардын дээрлик басымдуусу мамлекет жана эл аралык уюмдар тарабынан көмөк берилип, калыбына келтирилген. Бирок Кыргызстандан кетип калгандардын, каражаты тартыш айрым тургундардын менчик турак жайлары дагы эле калыбына келбеген бойдон кала берүүдө.

2010-жылдын 10-июнунда Ош шаарында башталган массалык башаламандык Жалал-Абадга 12-июнда жеткен. Улут аралык араздашууда далай имараттар өрттөлүп кетти.

Андай үйлөрдүн арасында Сузактын Таш-Булак айылынын тургуну Равшан Тилекожоевдин да турак жайы бар болчу. Ошол каргашалуу күнү анын үйүндө той өтүп, кызын турмушка узатып жаткан. Кайгылуу кагылышта кызынын себи жүктөлгөн унаа жана турак жайы толугу менен күйүп кеткен. Бирок арадан убакыт өтүп, Тилекожоевдер эскисиндей болбосо да, чаканыраак турак жай тургузууга жетишти.

- Эми окуя болуп өттү, аны кайра эстөөнүн кажети жок. Жамандыкты эстесең, жакшылык келбейт. Азыр баары тынч, буюруса жардам берилип жатат. Курулуш материалдары жагынан көмөк алдык. Турак жайыбызды колдон келишинче бүтүрдүк. Азыр эки улут бир туугандай болуп, кудалашып кеткенбиз. Мисалы, атамдын инисинин аялы кыргыз, ал эми акемдин кызы былтыр кыргыз балага турмушка чыкты. Бизге мындан артык эмне керек? Тынчтык жана саламаттык болсун.

Жалал-Абад университети, 17-июнь, 2010-жыл
Жалал-Абад университети, 17-июнь, 2010-жыл

Турак жайын кыйналса да калыбына келтирип алып, жакшы тилектер менен жашоону улантып жаткандар көпчүлүктү түзөт. Ошентсе да ээлери ушул күнгө чейин аныкталбаган же каражаты жетишпеген үй-бүлөлөргө таандык имараттардын бир тобу ушул күнгө чейин өрттөлгөн калыбында кала берүүдө. Маселен, Манас проспектисинин №140 дарегиндеги эки кабаттуу турак үй күлгө айланган калыбында турат. Анын ээси коогалаң учурунда Украинага качып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Коңшулары алар менен байланыш жок экендигин ырасташат.

Ал эми Пушкин көчөсүндөгү эки кабаттуу соода борборунун биринчи кабаты өткөн жылы ишке берилсе, экинчи кабаты күйгөн абалда тазаланбай турат. Анын кожоюну Азимжан Кожокаланов каражаттын тартыштыгы аны толук бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатканын айтат.

Атамдын инисинин аялы кыргыз, ал эми акемдин кызы былтыр кыргыз балага турмушка чыкты. Бизге мындан артык эмне керек?

- Биздин үй-бүлөбүздө көп адам жашайт. Ошол себептүү тиричиликтен акча ашпай жатат. Бир кабатын мамлекет тарабынан берилген жардам эсебинен оңдоп алдык. Ал эми экинчи кабатына каражат жетпей жатат. Мында авиакасса, касапкана, банктын бөлүмү, дүкөн бар болчу. Баары күйүп, эч нерсе калган эмес. 5 жыл ичинде акырындан калыбына келтирип жатабыз. Ишкерлерге деп банктан 14 пайыздык насыя алгыла дейт, бирок аны кайтаруу жагын ойлоп, алуудан баш тартып койдук. Кийинки жылы эки кабатын бүтүрүп ишке берели деп жатабыз.

Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Ажимамат Исаев алардын ээлери келмейин тазалоого мүмкүн эместигин билдирди.

- Жалал-Абад шаары, Ноокен, Сузак, Базар-Коргон жана Ала-Бука райондорунда баары болуп 757 имарат өрттөлгөн. Алардын эски пакса дубалдан курулган үйлөрүнүн ордуна кирпичтен там салып бердик. Мамлекет жана эл аралык уюмдардын көмөгү алдында буларга алгылыктуу эле жардам берилди. Ал эми күйгөн имараттар шаардын Ленин көчөсүндө да бар. Алар короосунун дубалдары өз каражатынын эсебинен оңдошу керек. Ишкерлердин өрттөлгөн имараттарын сүрдүрүүгө же тазалоого биздин акыбыз жок. Бул алардын укугу. Ээлери аныкталбагандыктан ошол бойдон турат.

Ынтымакка чакыргандардын жыйыны, 17-июнь, 2010-жыл
Ынтымакка чакыргандардын жыйыны, 17-июнь, 2010-жыл

Коогадан соң бардык жабырлануучуларга БУУ Качкындар программасы аркылуу эки бөлмөлүү турак жай салынып берилсе, бир бөлмөсү Мамлекеттик дирекциянын көмөгү менен курулган.

Окуяда өрткө кабылган имараттардан келтирилген жалпы чыгым 720 млн. сом деп эсептелген. Алардын арасындагы ишкерлерге чыгымына карап 50 миңден 200 миң сомго чейин мамлекет тарабынан каражат берилген. Бирок алардын баары кайра бизнесин калабына келтире алышкан жок.

Буга карабастан учурда улуттар арасындагы тынчтык жана достук мамиле жолго коюлуп келаткандыгын Сузактын жашоочусу Валикожо Токтоматов аксакал айтты:

- Дагы чыр-чатак уюштурам дегендер өзүнүн балдарын да ойлошу керек. Бүгүнкү күн менен жашабай, эртең балдарыбыздын келечеги эмне болот деп көп каталарга жол бербей, ойлонуп кадам ташташыбыз керек. Дагы канча жашарыбызды Кудайдан башка эч ким билбейт. Бизге азыр тынчтык гана керек. Ал окуяларды кимдер пайдаланып, өз кызыкчылыгы үчүн колдонушту, эми аларга да Алла нысап берсин. Үйүбүздөгү бир сындырым нанды да тынчтык болбосо жесең, денеге аш болбойт. Биз азыр каалаганыбызды аткарганга мүмкүнчүлүк бар. Дагы бизге эмне жетишпейт?

2010-жылы 10-июнда Ош, Жалал-Абад шаарларында улуттар аралык жаңжал тутанып, анда 400 ашуун киши набыт болгон. Ондогон адамдар бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз.​

XS
SM
MD
LG