Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

“Кыргызстан” партиясы Бишкекте шайлоого катышат


Мындай чечимди БШКнын алдындагы жумушчу топ кабыл алып, аймактык шайлоо комиссиясынын өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу БШКдан маалымдашты.

“Кыргызстан” партиясы үгүт иштерине диний ишмерди аралаштырып жатат деген негизде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы аталган партиянын шаардык кеңешке коюлуп жаткан тизмесин жокко чыгарууну өтүнүп, БШКга кайрылган эле.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы “Кыргызстан” партиясына эки жолу эскертүү берген. Экинчиси 9-декабрь күнү берилген. Анда Бишкек жана Кыргызстандагы христиандардын епискобу Даниилдин катышуусу менен үгүт материалдарын жарыялабоо тууралуу айтылган. Бирок экинчи жолку эскертүүдөн кийин да бул үгүт материалы айрым телеканалдардан кое берилген. Аймактык шайлоо комиссиясы партия дин ишмерлерин саясатка аралаштырып жатат деп бекемдөөдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG