Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:14

Тогуз жылдык күтүү, томсоргон эне...


Алманбет Саттаровдун аскердеги сүрөтү.
Алманбет Саттаровдун аскердеги сүрөтү.

Жалал-Абаддын Кызыл-Байрак айылынын 43 жаштагы тургуну Алманбет Саттаров тогуз жылдан бери дайынсыз. Аны артынан издеп кеткен жубайы менен бир тууган агасы да бир нече жылдан бери Орусияда жүрүшөт. Үйүндө болсо Алманбетти оорукчан апасы менен уулу саргара күтүп, жол карап отурушат.

Сузак районундагы Кызыл-Байрак айылынын 1971-жылы туулган тургуну Алманбет Саттаров Орусияга иштегени 2006 - жылы март айында кеткен. Ошол жылы апасы менен күз маалында сүйлөшкөн. Андан кийин Алмамбеттин ың-жыңы чыккан эмес.

Баласын тирүүлөй жоготкон апасы Бүмайрам Саттарованын күйүтү күч. Эне кээде Алманбет менен Орусияда чогуу иштеген жоро-жолдошторунан да күмөн санап кетет.

Жалгыз пенсияны карап отурбай, жан сактаганга акча табат элем деп, келини Гүлбайра да былтыр чоң эне менен неберени калтырып, Орусияга аттанган. Гүлбайра жөнөткөн тыйын-тыпырга небере, чоң эне тиричилигин тыңытып, бирин-экин бодо мал, кой күтүштү. “Алманбетти издейт элем” деп, байбиченин тун уулу Алмазбектин да Орусияга кеткенине 5 жыл болду.

Алманбет келинчеги менен.
Алманбет келинчеги менен.
- Алманбет уулу 1-класска киргенде Орусияга кеткен. Азыр неберем тогузунчу класста окуп жатат. Келиним карап атат бизди. Телефон аркылуу сүйлөшүп турабыз. Кантет элем, эки-үч жыл анын барышына да макул болбой, анан аргасыз көндүм. Өзү эки эле уулум бар. Чоң уулум, бир тууган агасы да Алманбетти издеп кеткен. Инимди тапмайынча барбайм деп көгөрүп, ал да ошол жакта жүрөт.

Бүмайрам байбиченин айтымында, жоголгон уулу Алманбет Саттаров кезинде атайын кесиптик билим алган. Токсонунчу жылдары Баткендеги жоочулар менен согушка өз ыктыяры менен катышып, чек араны коргогондордун бири. Ишине так, келбеттүү жигит эски үйдө жашаганга арданса керек энесин укпай, эл катары акча табуу үчүн Орусияга кеткен.

- Балам көзүмдүн тирүүсүндө табылып калса, болду эле. Эч кемтигим жок, бир гана баламдын күйүтү жаман болуп атат. Кой, ушул жерде ишиң жакшы ,- десем көнбөй койду. Досторунун тилине кирип кетти да. “ Апа, Орусияда иштеп келип, үй-жайды оңдойм. Качанга дейре ушинтип жашайт элек?”, - деп кетип, мени ушинтип кууратты. Ал кеткенде баласы биринчи класста окуп аткан. Азыр 9-класста окуйт, бир үйдө экөөбүз эле жашайбыз. Балам акыркы жолу акча салганда “Балама кийим алып берип, карындашымдын окуусуна төлөңүз!”,- деп дайындаган. “Кийин акча жибергенимде, мал алыңыз”,- деди. Акыркы сүйлөшкөн сөзүбүз ушу болду. Ошондон бери кабары жок. Малы деле, пулу деле жерге кирсин! Өзү көрүнсө болду эле, - деп зар-какшап, сыздап ыйлайт алтымыш жети жаштагы эне.

Алманбетти кайындары ОРТнын “ Күт мени!” жана КТРКнын “Издейм сени!" аттуу телекөрсөтүүлөрү аркылуу да издеп көрүштү. Сурабаган тааныш-билиштери да калган жок. Бирок дайыны эмдигиче чыкпай атат. Алмамбеттин кайын эжеси Ибадат Токоева:

Тогуз жылдан бери дарексиз
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:44 0:00

- Досторунан сурасак, 2006-жылы бизди поездге салып, узатып коюп, квартирада жашаган балдар менен калган дешти. Так дарегин билген адам жок.

Алманбеттин дагы бир кайнежеси Инаят Жунусова Алмамбетти айрыкча энеси менен баласы зарлап күтүп жүрүшкөндүгүн айтып, уккан-билгендер болсо, кабарлап коюшса деген үмүт менен “Азаттыктын” угармандарына кайрылды:

- Бир ийнебиз жоголуп кетсе, ушул жерде жакшы ийнем бар эле деп ага ичибиз канча ачышат? Кантсе да адам баласы го! Уккан-көргөн, тааныш тамырлары, бирге иштеген достору деле адам катары боор ачып, айтып койсо болот эле дарегин.

Алманбеттин уулу Арслан атасынын үнүн акыркы жолу 6-7 жашында уккан экен. Ал азыр кадимкидей кол арага жарап калды. Сузактын Орто Азия айылындагы Базаров атындагы орто мектепте окуйт. Бардык түйшүк ушу өспүрүмдүн мойнунда. Мешке от жагып, кир жууп, нан бышырып, мал караган жалгыз өзү.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG