Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:22

КСДПда гранттар маселесин талкуулоо кийинкиге калды


Кыргызстанга берилген гранттарды талкуулоо боюнча парламенттеги жыйынга вице-премьер-министр Олег Панкратовдун келбегени КСДП фракциясынын депутаттарында нааразылык туудурду. Бүгүн аталган фракция өлкө алган гранттарды пайдалануунун күңгөй-тескейин өкмөт өкүлдөрү менен талкуулоо үчүн жыйын уюштурган. Ага экономика жана финансы министрлери келди.

Депутат Ирина Карамушкинанын айтымында, маселени толук карап чыгуу үчүн тиешелүү тармакты тейлеген вице-премьердин катышуусу зарыл болчу. Башка эл өкүлдөрү да муну колдоп, талкуу кийинки аптага калды.

Кыргызстан экономикалык-социалдык маселелерди чечүүдө бардар мамлекеттерден, эл аралык уюмдардан насыя жана гранттарды алып турат. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG