Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:55

Узун-Акмат: кенди иштетүүгө каршылар талап койду


Токтогулдагы митинг, 25-февраль, 2016-жыл.

Токтогулдагы митинг, 25-февраль, 2016-жыл.

Токтогул районунун Чолпон-Ата айылынын тургундары Узун-Акмат кенин иштетүүгө каршылыгын билдирип чогулгандан кийин 5-мартка чейин өкмөткө убакыт беришти.

Чолпон-Ата айылы 1973-жылы Токтогул ГЭСин курууда азыркы көл түбүндө калган эски айылдан көчүрүлүп чыккан. Учурда 7 миңге чукул калк жашайт.

Жергиликтүүлөрдүн айтуусунда, Узун-Акмат кенинин жанында 1950-жылдары кен казуу иштери жүргүзүлүп, бирок уран заты табылган соң жабылып калган. Айыл тургуну Токтобүбү Бобоева буларга токтолду:

- Ушул кенди казбай эле койсо жакшы болмок. Буга чейин көрүп келген тиричилигибизди өткөрө берет болчубуз. Токтогул ГЭСин курабыз деп 1973-жылдары бизди ушул жакка көчүрүп келишкен. Эки тоонун ортосуна алып келип коюп, караган деле киши жок. Электр энергия же башка жактан жардам жок, эми болсо алтыныбызды ачабыз деп турушат. Учурунда 1950-жылдары ошол жакта кен казуу иштери жүргүзүлүп, менин апам ошол жерде иштеген экен. Анда казылган жерлерден чыккан топурак капка салынып, башка аймакка алынып кетчү дешет. Ошол себептүү биз ал жердин зыяндуулугу тиет деп каздырууга макул болбой жатабыз.

Жергиликтүү тургун Раатбек Орозбаев алтын казууга каршы болуп 25-февралда митингге чыккан. Эл арасынан кен казуунун зыяндуулугун уккан соң ал ушундай чечимге келгенин айтат. Аны менен катар тоо койнундагы токой аянттарына да зыяны тиет деп эсептейт.

- Айылдын жанынан агып жаткан суу ылайка болуп тунбайт. Бүгүн келип ушул жерди казып, сууну башка жакка буруп, анын түбүн да казышат экен. Мындайча айтканда, агын суунун жээктеринде иштешет. Мындан сырткары бул жактагы 100 гектарга жакын токой кесилип, анын ичиндеги каражыгач, карагай жана арчалар эмне болот? Алар болсо кыртышын сүрдүрүп алып, ичиндегисин казып алган соң кайра ордундай кылып коёбуз дешет. Экологияны ким сактайт?

Жергиликтүүлөр айылдан беш чакырым алыс жайгашкан Узун-Акмат кени ишке түшсө аймактагы уран калдыктары ачылып, кооптуу кырдаал жаралат деп ойлошот. 25-февралда айылдын борборуна чогулган тургундар кенде алтын менен бирге уран да бар экендигин билдиришет. Миргазы Өзүбековдун айтуусунда, кооптонууга негиз бар:

- Урандын таасири тиет деп жатышат. Мындан сырткары Чаткалдын Терек-Сай айылынын жашоочулары да кендин зыянын тартып жатканын айтып чыгышты. Ошол себептүү эл арасында ар кандай кооптонуулар пайда болууда. Бул кен иштесе суунун түбүнөн казат экен. Агын суулар булганышы толук мүмкүн да. Ошол себептүү акимге митинг учурунда талап койдук. Кенди иштетпесин, токтотсун жана бизди тынч койсун деп. Былтыркы жылы свет маселеси да көтөрүлүп, бирок айрым жагдайдан улам токтоп турат. Эгерде бул маселелер орундалбаса, биз электр энергиясын да кайрадан көтөрүп чыгабыз. Темир Сариев да келип элге чечип берсин деген талап койдук.

Токтогул районундагы Узун-Акмат кенин иштетүүгө “Спектр” компаниясына 2009-жылы уруксат берилген. Бирок кийинчерээк лицензия “Кассана-Минералс” компаниясына сатылган. 2015-жылдын август айында аталган компания Геология жана минералдык ресурстар агенттигинен алтынды казууга уруксат берген лицензияга ээ болгон. “Кассана Минералс” ишканасынан комментарий алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов нааразы тараптардын артында кимдир бирөөлөр турарын билдирип, жергиликтүү бийлик кенди иштетүү максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.

- Өткөн жумада тийиштүү адистер менен барып, ошол нааразы болгондор менен жолукканбыз. Баары эле кенди иштетүүгө каршы болгонун байкаганыбыз жок. Арасындагы чал-кемпирлер ал жакта уран болбогонун айтып жатса, аларды кээ бирлери басып коюшту. Бул иштердин артында кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы бар деген ойго келет экенсиң. Ошол жолугушуу учурунда Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиев эгерде кендин элге зыяны тийсе мен керт башым менен жооп берем деген сөзү түшүнүктүү болушу керек. Ал адис катары баарын билип-туйган соң ошол кадамга барып жатат. Азыр түшүндүрүү иштерин алып барып жатабыз.

Райондун аймагында жайгашкан Корейс участогунан 18 гектар жер аянты кенге казууга уруксат берилип, 69 кило алтын запасы бар экени аныкталган. Уюштуруучулардын баамында, 25-февралда өткөн митингге 1500дөй адам катышты.

Чогулгандар менен жолугуп, алардын талаптарын уккан район акими Майорбек Сатымкулов 300дөй киши келгенин бышыктайт. Бирок кендин зыяндуулугун далилдеген адис жок экендигин билдирет.

- Чындыгында эл арасында нааразычылык бар. Бирок ошол эле учурда мыйзамдуулукту талап кылып, иштетүүгө кызыкдар тараптарды да кезиктирүүгө болот. Биринчиден, бул жердин зыяндуу же зыяны жок экендигин элге адистер далилдеп бериши керек. Ошол учурда гана элде ишеним пайда болушу мүмкүн. Бирок ошол эле учурда мамлекет өз элине чыккынчылык кылбайт деп ойлойм. Ушунчалык иштетебиз деп жатканына караганда зыяны жок болсо керек.

Чогулгандар район акимине талаптарын айтышып, 5-мартка чейин мөөнөт чектешти. Ошол күнү тийиштүү министрлер келишип, элге маалымат берүүсүн талап кылышты.

Жалал-Абад облусунун аймагында кен казууга 39 фирма лицензия алса, учурда алардын тогузу гана туруктуу иштеп келет. Компанияларда миңден ашык адам жумуш менен камсыз болгон. 2015-жылы облус аймагында 22 нааразылык акциялары уюштурулса, алардын көпчүлүгү кендерге байланыштуу чыккан.

  • 16x9 Image

    Руслан Калматов

    "Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG