Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

ӨКМ: атайын эсепке 5 млн 700 миң сомдон ашуун акча түштү


Кырсыктан жабыркагандарга жардам чогултуу.
Кырсыктан жабыркагандарга жардам чогултуу.

Авиакырсыкта жабыркагандар үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ачкан атайын банк эсебине 19-январь, саат 10:00гө карата 5 миллион 723 миң 783 сом түштү. Акча топтоо уланууда. Эсеп төмөндө көрсөтүлгөн.

Каалоочулар атайын эсепке сом, доллар, теңге, евро, рубль, юань жана башка түрдө каражат которсо болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Каржы, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук башкармалыгынын жетекчиси, подполковник Алмаз Эргешов топтолгон акча үчүн жооптуу.

Эки күн ичинде Бишкекте элден 10 тоннадан ашуун гуманитардык жардам чогултулду. Кабыл алуу түйүндөрү иштеп жатат.

Андан тышкары, башка аймактарда жана Алматы шаарында да гумжардам түйүндөрү ачылган. (SE)

XS
SM
MD
LG