Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Иран жаңы ракета сынаганын билдирди


Сыноо Перс булуңундагы аскердик машыгуулар учурунда өткөрүлгөн. Ирандын коргоо министри Хоссейин Дехканинин 27-февралдагы маалыматы боюнча, аскер-деңиз күчтөрү орто аралыктагы Наср ракетасын сынап, ал ийгиликтүү өткөн.

Ирандын "Тасним" маалымат агенттиги лазердик Дехлавие ракетасы да ийгиликтүү сыноодон өткөрүлгөнүн кабарлады. Эки күндүк аскерий машыгуу 26-февралда башталган.

Тегеран менен Вашингтондун ортосунда Ирандын ракеталык сыноосу боюнча акыркы кезде кайым айтышуусу күч алды. Ирандын ракеталык сыноосу үчүн АКШ жаңы санкцияларды жарыялаган эле. (AiT)

XS
SM
MD
LG