Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:46

Базар-Коргондун Арстанбап жана Кызыл-Үңкүр токой чарбаларынын эли 17-январда Гүмкана айылында тынч митинг өткөрүштү.

Алар "элдин кызыкчылыгы эске алынбай түзүлгөн жана корук өз милдетин аткарбайт" дешип, аталган эки токой чарбанын аймагында былтыр өкмөт токтому менен жаңы куралган “Дашман” жаратылыш коругун жоюуну талап кылышты.

Митингге Арстанбап, Гүмкана, Кызыл-Үңкүр айылдарынан 150дөй адам катышты. Алардын бири Барпы Кыпчаков мал багып күн көргөн тоолуктардын жайыты жоктугун, “Дашман” жаратылышы коругу эл пикирин эске албай, жалган кол коюулардын негизинде уюшулганын билдирди:

- Арстанбап айыл өкмөтүндө 18 миң калк жашайбыз. Андан сырткары Могол жана Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн эли бар. Биздин бир да сотик үлүш жерибиз жок. Мейли, өкмөт болгондон кийин токтом чыгарсын. Бирок айыл өкмөттүн да, элдин да, айыл кеңештин да пикирин сурашкан эмес. Конкреттүү план-программасы болуш керек да. Корук кылабыз деген адамдар аны ойлогон жок.

Баш сөзү жок, кимге, эмне максатта жазылаары ачык айтылбаган актай кагазга Арстанбек Паязов жана Жаманкул Чоюнбашев да билбей, кол коюшкан экен:

- "Токойду сактайлы", "Дашман коругу болсун" деп, фамилиямды, атымды жазып, өзүм кол коюп бергем. Көп адамдар кол коюшкан. Бирок корукту уюштурган адамдар анын кандай болоорун түшүндүрүп коюушу керек: мал багууга акың жок, жаңгагын тергенге укугуң жок деп. Биз корук болсо, жаңгагын тердирбейт, отунун алдырбайт деп, ушундан кабатыр болуп атабыз да.

"Дашман" коругун ачуу маселесин Базар-Коргон райкеңештин сессиясы бекиткен. Ага 300дөн ашуун адам кол койгон кайрылуу негиз болгон. Ошондогу депутаттардын бири, азыр район акими Таалай Дөлдөев кийин өкмөт былтыр июлда корук ачуу тууралуу 482-токтомун чыгарганын айтты. Ал корукка мал жаюуга, отун алууга каршы:

- Ар бирибиздин милдетибиз - токойду сактоо. Себеби биздин жашообуз ушул токой менен болуп жатат: чөбүн чабабыз, мал жаябыз, жаңгагын терип, отунун алабыз. Токойду сактаганга жаңгак эки жылдан кийин мөмө бербейт экен, мейли. Мен сураштырып, түшүнүк кат алсам “мен андай жазган эмесмин, артымдан бирөө жазып жибериптир”, - деди. Кайрылуууга 334 адамдын кол койгону, бул деле ушул деңгээлдеги кат деп эсептейм. Бирок ага кол койдурткан адам сөзсүз жооп бериши керек.

Анткен менен Карамат Кошмокова корук максатсыз иштетилгенин айтты:

- Каяктан корук болот? Азыр корукчулар менен кошулуп баары отун алып, сатып атышат. Машина-машина отун кетип атат, аны караган адам жок. Ушул жерде жашагандарга да жашоо керек. Корук үчүн кирбеген эшигибиз калбады. Корук дегенге биз түшүнбөй атабыз. Жери жок адамдар бир үйдөн ондон, беш-алтыдан келиндер отурат. Балдар отурат, жери жок.

Коруктан эл муктаждыгы үчүн отун берилгенин “Дашман” коругунун директорунун убактылуу орун басары Кадыр Садабаев да ырастады:

- ФАП бар, мектеп, Ата мекендик согуштун катышуучулары бар. Аларга бердик. 200 чарчы метр отун жөнөттүк. Бара-бара азайтабыз. Корукта суу дарактар кыйылбайт, бутагы куураса, аны кыркып алса болот. Өзгөчө жайлар бар, өзөктүү деген. Ошол жерлерде чарба жүргүзүүгө болбойт. Ушул элдин малы жайылат да, токойлорго. Ошол мал жайыт үчүн болуп жатат. Эгинин өстүрүп, чөбүн чаап алса болот.

Ал арада сыртта башталып, кийин суук залда уланган митингде корукка каршы ураандар кайра-кайра жаңырды.

Акциянын катышуучусу Давлет Арзыкулов токойду күч менен эмес, түшүнүк менен сактоо керектигин айтып, элди көмүр, электр жарыгы, жумуш менен камсыздоо керек деген пикирде:

- Түрдүү варианттар бар да, токойду сактоо үчүн. Отун алууга чектөө киргизсе болот, эки машинанын ордуна бир машина отун алсын. Үч миң кожолуктун ар бири бирден малын кыскартса деле кыйла токой калат. Беш-он гектарды сактап, кийин башка жакка жылса болот. Ал жерде жаңы чыккан көчөттү кайра эле мал жеп койот.

Корукка каршы адамдар келечекти эмес, күнүмдүк жашоону ойлогонун район тургуну Талгат Абдрахманов айтты:

- Токой убактылуу эмес, кийинки муундарга да тиешелүү болуш керек. Бүгүн митингге чыккандар убактылуу кызыкчылык менен келечек муундарга балта чаап жатканын ойлошу керек. Мындан беш жыл мурунку токой менен азыркы токойду салыштырууга болбойт. Мындан беш жыл мурун токойдо 1,5 миң түп дарак калса, миңи жоголуп, азыр 500 түбү калган сыяктанат. Токой тарыхта миң жылдап кайра өзүнө келип атпайбы. Демек буга өкмөттөн сөзсүз көзөмөл болуусу зарыл. Токойду жоготуу – заматтык иш.

Жыйын соңунда токойду сактоо, митингчилердин талабын жогорку уюмдарга жеткирүүчү коргоо комитети түзүлдү. Элдин кайрылуусу боюнча облустук комиссия иликтөө жүргүзүүдө.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG