Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:30

"Санпанын" жанындагы эстелик бузулду


Жалал-Абадда жабырлануучулар Бишкек – Ош жол боюндагы июнь коогалаңда набыт болгон туугандарына тургузган эстелик талкаланды.

Мындан эки жыл мурун июнь күндөрү набыт болгон адамдарга Бишкек – Ош жолунун боюнда эки эстелик тургузулган. Анын бирин ушул жол менен үйлөрүнө кайтып баратканда Сузактагы пахта тазалоочу “Санпа” заводунун жанында набыт болгон он адамдын жакындары өз эсебинен тургузушкан. Бирок жакында бул эстелик талкаланды.

"Санпа шейиттери" коомунун башчысы Сырдаш Мамарасулов салмагы бир тоннадай болгон гранит таштын жөнсүз бузулушуна ишенбейт. Анын айтымында, эстелик жүк көтөргүч машине менен тургузулган:

- Бирөөлөрдөн угуп, мен, аялым, кайынэжем үчөөбүз болуп келсек, милициянын кызматкерлери жүргөн экен. Алар шамалдан кулаганын айтышты. Бул мүмкүн эмес. Төрт адам түртүп, жыгылта албайт. Мына бул жерде ломдун изи турат. Ошону менен кайрып туруп жыккан. Өкмөт тургузган чоң эстелик төрт миллион сомго бүткөн. Эртең эле аны да кулатып салса, ким жооп берет? Анын да кээ бир темирлери ийилип калыптыр.

Бул окуя Сузак райондук ички иштер бөлүмүндө катталды. Жабырлануучулар тургузган эстеликтин кулаган себеби иликтенүүдө.

Облустук ички иштер башкармасынын маалымат катчысы Таалай Сусунбаев учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирди. Ал Топурак-Бел ашуусунда өкмөт тургузган эстелик бүтүн бойдон тургандыгын кошумчалады:

- Ошол тергөө амалдарынын негизинде куруучуларга экспертизага берилген: адам жыкканбы, же шамалдан кулаганбы - ошолордун чечими чыккандан кийин тергөө амалдары кайра уланат.

Тынчты алган аянт

Ал арада Жалал-Абад облустук бийлик алдындагы аянт менен эс алуу багы калыбына келтирилип жатат. Шаардык кеңеш менен шаар мэриясы жактырган бул курулушка ардагерлер каршы чыгышууда. Алар “2005-жылкы окуяларга арналып тургузулган аянттагы эстелик бузулат” деп тынчсызданууда.

Ардагерлер кеңешинин төрагасы Адыш Кочкоров жетекчилер алмашкан сайын аянт бузуу, аны кайра куруп, каражатты ашыкча чыгымдоо өнөкөтү токтобогонун айтууда. Ал туш тарабынан тосмолор менен курчалган аянтта эл Жеңиш күнүн кайсы жерде майрамдап, кайда эс алаарына кызыкты:

- Бул жерде кан төгүлгөн. Муну унутпашыңар керек. Биз, карыялар, балдарыбыз силер фонтан куруп койсоңор салтанаттуу күндөрдү кайсы жерде өткөрөбүз? Фонтан кура турган мындан башка жер жокпу? Толуп атат. Ушул жер ар бир жетекчи келсе эле ушуну менен үчүнчү жолу бузулуп атат. Же шаардын акчасы көппү?

Аянтта элдик жыйын, нааразылык акциялары, театрлаштырылган оюн-зооктор өтчү. Ардагер Рашит Сулайманов митингге эл чогулбасын деп аянт кимдир бирөөлөрдүн буйрутмасы менен атайын бузулушу мүмкүн деген пикирде:

- Акыйкаттык менен адилеттикти издеп, ыңкылап Жалал-Абаддан башталып, 15 жыл Кыргызстанды үй-бүлөсү менен башкарган адамды айдады. Бул жерде тарых жатат. Спецназдар кемпирлер менен аялдарды уруп-согуп, тебелеп-тепсеп, сүйрөп чыгып "Камаздар" менен жиндиканага алып барганын унутпаш керек. Ушул эстеликке тийишпей эле койсоңор болмок. Митинг кылдырбайлы деп ойлоп чыгарган.

Аянттын кайра курулушуна нааразы болгондор ага бөлүнгөн каражатты шаардагы социалдык багытка жумшоону сунуштоодо. Алардын бири Жаңыш Курбановдун айтымында, азыр акчаны туш келди чачуу мезгили эмес.

Жалал-Абад Шаардык кеңеши калаадагы жолдорду оңдоо, бакчаларды курууга да каражат бөлгөн. Депутат Жеңиш Энназаров борбордук аянт баш болгон үч долбоорго сессия тарабынан эл арасында айтылып жүргөндөй 38, же 42 миллион сом эмес, 34 миллион сом каражат каралганын ачыктады.

Кайра куруу долбоорун көпчүлүк кубаттаган. Эстелик аянттын бир четине гана жылышы мүмкүн. Шаар башчы Бакыт Адыловдун борбордук аянтты мезгил талабына ылайык кайра куруудан башка ою жок. Ал аянтта элдин топтолушуна тоскоолдук кылуу буйругун ага эч ким бербегенин ырастады:

- Эгер каршы пикир боло турган болсо, мен ошол фонтанды ордунда калтырганга мажбурмун. Мен бирөөнүн заказын аткаргыдай театрдагы куурчак эмесмин. Мен бул нерсени эл үчүн кылгам. Митингге мунун эч кандай тоскоолдугу жок. Мен бийиктигин он метр кылып дубал, ичин аянт кылып койгон жерим жок. Болгону улуттук таш менен кооздолуп, аксакалдар менен бирге Жалал-Абадда бир жакшынакай иш болуп калсын деген эле ниет.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG