Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:02

Аксынын Сары-Челек жаратылыш музейи экспонаттардын толуктоосуна муктаж. Музей карамагында турган мамлекеттик корукта каражат тартыш.

Аксыдагы мамлекеттик Сары-Челек коругунун жаратылыш музейинин башчысы Жөжөкан Ормоналиеванын ырастоосунда, музей коруктун эсебинен мындан 45 жыл мурда ачылган.

Коруктун имараты мезгил талабына жараша улам оңдолуп турат. Корукта катталган сүт эмүүчү 36 түрдүү жаныбар менен 120 түрдүү канаттуу куштардын бир топ өкүлдөрүнүн кептери музейге коюлган. Ал табиятты таанып, жаратылыштын кооздугуна суктанган мектеп окуучуларынын сүйгөн жайы.

Долбоордун эсебинен кээ бир экспонаттардын жаңыртылгандары да болду. Жердин ыраактыгынан облустун башка аймактарынан көрүүчүлөр жай саратан аптабында Сары-Челек көлүнө келген кезинде гана кайрылып, көрүп кетишет.

Музей башчы биз барардын алдында Сары-Челекке коңшулаш мектептердин окуучулары ажайыпканада болуп кетишкенин билдирди:

- Бул жерге чымчыктардын он түрү коюлган. Бул - кекилик, тиги тоңкулдак, көгүчкөн, суур, тоо эчки, карышкыр. Булар музей ачылган 1978-жылы коюлган. Көрүүчүлөр тынчтык эле болуп турса көп келишет. Бүгүн жаныбыздагы Кара-Жыгач айылынан эс алып жүргөн он төрт окуучу көрүп кетишти. Чет мамлекеттерден деле келишет. Бирок көрүүчүлөрдүн көпчүлүгү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ноокен, Аксы райондору менен Оштон, Бишкектен болушат.

Анткен менен музейге коюлган жаныбарлардын сырткы келбеттери эскирүүдө. Алар көптөн бери жаңыртыла элек. Экспонаттар арбын болсо, көрүүчүлөрдүн кызыгуусу да ошончолук артмак.

Жөжөкан Ормоналиева Кызыл китепке кирген айрым айбанаттардын сырткы келбеттери жешиле баштаганын, демек аларды оңдоого убакыт жеткенин айтууда:

- Имаратыбызды долбоор жана корук эсебинен ичи-сыртынан өйдө оңдоп алдык. Мурда полдун тактайлары түшүп кеткен болчу. Сейрек кездешүүчү жаныбарлардын экспонаттары эскирип калды. Алар канчалык көп болсо, көрүүчүлөр да көп келмек, аларды жаңылоо керек. Долбоордун эсебинен тоо теке менен элик, кашкулак келди.

Мындай сунушка коруктун жетекчилиги да макул. Анын профсоюз комитетинин төрагасы Таштанбек Айтбаев музейдин экспонаттарын оңдоого Сары-Челекте ийкемдүү усталардын жоктугу менен каражаттын тартыштыгы мүмкүндүк бербей жатканын бетке кармады:

- Аюунун, илбирстин кептери бар эле, аларды күбө жеп жатат. Союз таркагандан кийин жаныбарлардын кептерин жасоочу усталар жок болуп жатат. Аларды кайра жасоо жана дарылоо үчүн өтө чоң каражаттар сарпталат. Илбирс Кызыл китепке кирген.

Табияттын чүрөгү аталган Сары-Челек көлүнө суктанып баргандар анын музейинен кыя өтө алышпайт. Аксынын Кара-Жыгач-Сары-Челек жолунун боюнда айтылуу теңдеши жок төкмө акын Жеңижок менен Аксы окуясына багышталган жана коруктун ушул музейлери орун алган.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG