Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

Өнөрлүү Абдулазиздин тилеги


Жалалабаддык теги өзбек Абдулазиз Сайпидинов "Манас" дастанын айтууну өзү үйрөнгөн. 2-топтогу майып өспүрүм кыргыз жана лезгин бийлерин да бийлейт.

Музыка жандуу Абдулазиз Сайпидинов шайыр бала болуп чыкты. Ал Сузак районундагы өзбек тилдүү Октябрдын 40 жылдыгы атындагы мектептин 4-классында окуйт.

Анын колунда азыр кыргыз китептери жок. Анткен менен ал Жалал-Абад шаарындагы майып балдардын реабилитациялоочу ооруканасында дарыланып жүрүп ”Манас” эпосун окуп, ага кызыкканын айтты:

- “Манасты” ооруканада жатканда Жаңы жыл майрамына карата балдардан үйрөндүм. "Бакыт" балдар санаторийинин китепканасында “Манастын” калың китеби бар болчу. Кыргызчаны мурда №4 мектепте окуганда кыргыз балдардан үйрөнгөм. Азыр өзбекче, орусча, кыргызча окуй алам.



Абдулализ кыргыз жана түрк ырларынын коштоосунда бийлеп да жүрөт. Андан сырткары лезгин бийин да үйрөнүп алган экен. Өнөрүн көбүнчө мектептеги салтанаттарда көрсөтөт. Ал оорунун айынан мамлекеттик тил мыйзамынын урматына сентябрь айында өткөн облустук сынакка катыша албаганына өкүндү.



Өспүрүм дастанчынын “Манасты” тереңирээк үйрөнүү тилеги бар. Анткени адам баласы аракет-жөндөмүнө жараша умтулуп, изденип, билимин тереңдете берсе, жетпеген максаты, үйрөнбөгөн кесиби болобу? Ал кыргыз тилин да өзү теңдүү кыргыз классташтарынан үйрөнгөнүн жана чоңойгондо техникалык адистикке ээ болуу үмүтүн айтууда:

- Лицейге кирип, аны бүтүрүп, машина айдайм. Машина айдаганды жакшы көрөм. Адам деген кызыккан нерсесине умтула берет экен да. Мен деле кызыктым, аракет кылдым. Мугалимдер күнүнө бий даярдадым.

Абдулазиз Сайпидинов энеси Наргиза менен бирге турат. Атасынын каза болгонуна бир айдан ашты. Наргиза айым уулунун манасчылардын сабына кошулуусун каалоодо:

- Чоң дастанчыларга кошулуп, "Манас" айтып жүрсүн. Өнөрү менен элдин алдында болсун. "Мээрим-булак” деген майып балдардын уюму бар. Ошол жерден "Манасты" айтат. Өнөрү менен өргө чапсын,уулум! Биз да аракет кылабыз. "Манас" айтып, элге тааныла берсе, чоңоюп кетээр. Балдардын санаторийинде дарыланып алсын деп, ошол жерге жаткырсак кызыгып, балдарга кошулуп, "Манас" айтып калды. Үйдө да, ойноп жүргөндө да "Манас" айтат. Оорусуна байланыштуу бат-бат ооруканага жаткырам. Балам ДЦП болгон, нерв оорусунан. Колу-буту ооруйт.

Биз сураштырсак, облустук деңгээлде өспүрүм манасчылардын ийрими Жалал-Абадда жок болуп чыкты.


Өнөрлүү Абдулазиз
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:00:52 0:00
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG