Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:57

Мектептеги "эмгек кулчулугуна" ата-энелер нааразы


Кыргызстандагы мектептердин бири. Сүрөттүн макалага тиешеси жок
Кыргызстандагы мектептердин бири. Сүрөттүн макалага тиешеси жок

Сузак районунун Кара-Дарыя айылындагы 450дөн ашык бала билим алган мектептин ата-энелер жамааты “окуучулар эмгек кулчулугуна кабылды” деген жүйө менен мектеп директорун тез арада иштен кетүүсүн талап кылууда.

Окуучулардын сабак учурунда директор тарабынан чарбачылык жумуштарга тартылганы ата-энелерди нааразы кылган. Мектеп жетекчиси болсо, айтылган дооматтарды четке кагууда. Жагдайды жакынкы күндөрү райондук комиссия текшергени жатат.

"Баламды окуганы жиберсем, аны иштетип..."

Кара-Дарыя айылынын тургуну Нургул Юсупованын учурда төрт баласы мектепке барат. Ал сабак учурунда окуучулардын мектептен тышкары талаа жумуштарына тартылганына нааразы. Нургүлдун алтынчы жана тогузунчу класста окуган балдары кээде мектеп директорунун эгиндерин эгүүгө барышат экен.

- Мектепке балаңды кандай үмүт менен жөнөтөсүн. Анан ал сабак окубай эле, талаада кул катары иштесе, бооруң ооруйт экен. Апрель айында мектеп формачан 6-класстын окуучуларын директор өзүнүн талаасына алып барып, жүгөрү эктириптир. Биз аны сүрөткө да тартып алганбыз. Кышында болсо муздак суу менен өзүнүн автоунаасын жуудурат. Мектеп директорунун окуучуларга андай иштерди кылдырууга моралдык укугу барбы? Биз, ата-энелер аны тез арада иштен бошотууну талап кылабыз.

6-класстын окуучусу Мурат Манасбеков да кээде мугалимдердин тапшырмасы менен мектеп директорунун үй-чарба жумуштарына каралашып турарын айтат. "Жакынкы күндөрү эле агайдын үйүнө барып отун жыйганбыз", - дейт окуучу.

- Төрөбай агай баарыбызды чогултуп алып, Бакыт агайдын үйүнө унаасы менен алып барып отун жыйдырган. Ал күнү экинчи сабагыбыз ошол агайдыкы болчу. Кыздарды калтырып, 5-6 бала менен бизди алып барган. Кээде башка жумуштарын да жасатып турат.

Мектеп жамааты да ата-энелер коюп жаткан дооматтарды четке какпайт. "Буга чейин мугалимдер тарабынан окуучуларды жумушка тартпоо боюнча директорго эскертүүлөр айтылган", - дейт педагог Гүлзат Татарова:

- Ата-энелердин айтып жатканында чындык бар. Эми Бакыт агайды майып, жардамга муктаж деп окуучулар кээде каралашып турушу мүмкүн. Унаасын окуучуларга жуудурганын көрүп-билип эле турабыз. Кээде окуучулар жок болуп кеткенде сурасак, директордун талаасына барып, эгин эгип келдик деп айтып калышат. Бул маселе мурунтан эле көтөрүлүп келет.

Директор: айтылган дооматтар негизсиз

Дооматтар айтылып жаткан мектеп директору Бакыт Осмонов бул билим уясын 1996-жылдан бери жетектеп келет. Экинчи топтогу майыптыгы бар педагог 60 жашка чукулдап калса да балдарга билим берүүдөн эринбейт. Бирок ата-энелер коюп жаткан дооматтарды четке кагып, муну директорлукту алгысы келгендердин аракети менен байланыштырды.

- Бул бир-эки ата-эненин эле мага каршы жасаган аракети деп билем. 36 жылдан бери мектепте иштеп, балдарга билим берип келем. Ушул күнгө чейин артымдан эч бир сөз ээрчиткен эмесмин. Жакынкы жылдарда эле билим уясына 2 млн. сомдук инвестиция тартып, мугалимдер менен ынтымакта иштеп келатабыз. Балдарды иштетет деген сөздөр чындыкка дал келбейт. Машинамды өзүм жууп жатсам, кээде окуучулар өздөрү көмөктөшүп коюшчу.

Ата-энелер арызын райондук билим берүү бөлүмүнө жана райондук администрацияга жолдогон. Жакында ар бир окуучу менен сурамжылоо жүргүзүп, ага жараша директордун ишине баа бериле тургандыгын район акиминин орун басары Асылкан Раманкулова билдирди.

- Бизге бул боюнча кат келген. Мен адистерди жибербей, алдыдагы күндөрү өзүм барып, окуучулар менен жүзмө-жүз сүйлөшүп, текшерүү жүргүзөм. Эгер кайрылууда айтылгандар такталса, мектеп директоруна сөзсүз чара көрүлөт.

Мектеп окуучусун иштетүү кылмышпы?

Укук коргоочулар болсо мектеп турмушундагы бул окуяларды кулчулук катары баалашууда. Абдуназар Маматисламов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жаткан директордун аракетин кылмыш катары баалайт.

- Билим берүү жөнүндөгү мыйзамга ылайык, окуучуларды сабактан тышкары жумуштарга тартууга тыюу салынган. Директор майып болгон күндө да окуучуларды ата-энелеринин уруксатысыз иштерге тартууга болбойт. Бул кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жатып, кылмыш жоопкерчилигине барабар иш. Бала мектепге барган соң, бир гана билим алууга укуктуу. Балдарды коргоонун эл аралык конвенциясында да балдар эмгегине катуу тыюу салынат. Жакында эле премьер-министрди тосуп жаткан мектеп окуучусу эсин жоготуп жыгылгандан кийин Темир Сариев окуучуларды андай иш-чараларга тартууга тыюу салбадыбы. Бул аракеттерге да мамлекет чара көрүш керек.

Сузак районунун аймагында 114 мектепте учурда 50 миңге чукул бала билим алат.

XS
SM
MD
LG