Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:41

Жалал-Абадда он окуучу салатка ууланды


Жалал-Абад шаарында жайгашкан кыргыз-түрк балдар лицейинин он окуучусу тамакка ууланып, кечээ түш чендерде ооруканага жаткырылды.

Лицейдин ууланган окуучуларына дарыгерлер алгачкы жардам көрсөтүшүп, ботулизм дартына чалдыкканын аныкташты. Алар сырттан жашыруун түрдө алып келген тамакка ууланган.

- Эртең менен биз таңкы тамактын ордуна курсагыбыз ач болгондуктан досубуз алып келген салат жегенбиз. Андан соң сабак учурунда башым айланып, денем ысып жаткандыктан өзүбүздүн дарыгерге кайрылгам.
Нуртай Закиров

Жалал-Абад облустук клиникалык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткан окуучулар дарыгерлердин көзөмөлүндө кала берүүдө. Бейтап балдарда ботулизмдин алгачкы белгилери аныкталганын оорукананын бөлүм башчысы Гүлнара Жээналиева билдирди.

- Колго жасалган баклажан аралашкан салатты балдар эртең менен жетиде жеген, андан соң 11:30да ооруканага жеткирилген. Лицейдин өздүк дарыгери алгач балдарды текшерип көрүп, андан соң ар кандай диагноз менен бизге жеткирген. Алгач балдардын дене табы көтөрүлүп, башы айланып келген. Бул - ботулизмдин алгачкы белгилери. Ошол заматта биз чара көрүп, балдардын ашказандары жуулуп, азыр оорунун кесепети азайды. Учурда жалпысынан он окуучу жатат.

Түрк лицейдин окуучулары жатаканага сырттан келген салатты жеп ууланышкан. 9-класстын окуучусу Нуртай Закировдун айтуусунда, классташы үй шартында даярдалган салатты жашыруун алып кирип, сегиз бала чогуу отуруп эртең менен тамактанышкан. Андан соң сабак учурунда окуучулардын кан басымы жогорулап, өздөрүн жаман сезе башташкан.

- Эртең менен биз таңкы тамактын ордуна курсагыбыз ач болгондуктан досубуз алып келген салат жегенбиз. Андан соң сабак учурунда башым айланып, денем ысып жаткандыктан өзүбүздүн дарыгерге кайрылгам. Ал эмне жегенибизди сураганда болгонун айткам. Анан бизди ооруканага алып келишти.

Шаардагы Курманбек Баатыр атындагы кыргыз-түрк балдар лицейинин 9-классынын он окуучусунун абалы азыр салыштырмалуу жакшы. Бирок бүгүндөн баштап алардын дене табына карап дарыгерлер кошумча анализдерди жүргүзүшөт. Эң негизгиси бардык аракеттер убагында жасалганын оорукананын бөлүм башчысы Гүлнара Жээналиева ырастады.

- Балдардын абалы азыр жакшырганы менен ичиндеги оорунун козгогучтары бир топко чейин кармалышы мүмкүн. Ошол себептүү азыр алардын абалы жакшы деп айта албайм. Эртең да текшерүүгө алынып, андан соң гана жыйынтык чыгарууга болот. Азыр булар биздин көзөмөлдө болууда. Эң негизгиси алар өз убагында дарыгерге кайрылып, өз убагында жардам көсөтүлгөн. Эгерде бул оору өтүшүп кетсе, анда адам өмүрүнүн кыйылышына алып келиши мүмкүн.

Лицейдин балдар тамактануучу жайынын жана ашканаларынын санитардык абалы жыл башында адистер тарабынан текшерүүгө алынып, канааттандырарлык деген жыйынтык чыгарылган.

Эң негизгиси алар өз убагында дарыгерге кайрылып, өз убагында жардам көсөтүлгөн. Эгерде бул оору өтүшүп кетсе, анда адам өмүрүнүн кыйылышына алып келиши мүмкүн.
Гүлнара Жээналиева

Ал эми билим уясынын ички тартип эрежесине ылайык, окуучуларга сырттан тамак-аш алып кирүүгө тыюу салынган. Бирок лицейдин тамак-аштарына көп алымсынбаган жогорку класстын окуучулары сырттан кошумча азык-түлүк алып келүүгө мажбур болушарын айтат. Бул багытта лицей жетекчилиги азырынча маалымат берүүнү каалаган жок.

Шаардык мэриянын жылдык иш мерчеминин негизинде апрель айынан тартып каладаагы бардык билим берүү мекемелериндеги тамактануучу жайлар атайын түзүлгөн комиссия тарабынан текшерүүгө алынууда.

Жогорудагы окуядан улам санитардык-эпидемиологиялык борбору лицейдин шартын кайрадан текшерүүгө алууда. Мэриянын социалдык бөлүмүнүн башчысы Гүлина Базаркулова алдын ала эскертип баргандыктан көпчүлүк мектептердин ашканалары иретке келип калганын айтат.

- Бул окуядан соң лицейдин ашканасы жана тамактануучу жайлары кайрадан адистер тарабынан текшерүүгө алынууда. Анын жыйынтыгы боюнча, алдыда дагы кошумча маалымат берилет. Биз учурда шаарда түзүлгөн атайын комиссия шаардагы билим берүү мекемелериндеги тамактануучу жайлардын шартын жана санитардык абалын текшерип жатабыз. Алдын ала эскертип баргандыктанбы эч бир жерде кынтык табылган жок. Мурда жуулбаган идиштер, ашканалардагы кээ бир антисанитария жагдайлары биз барган учурда тазарып калыптыр. Бул биз үчүн таң калычтуу болду. Көйгөй жараткан жагдай - кээ бир ашканаларда уруксат кагазы жок шириндиктердин сатылышы.

Жалал-Абад шаарында ушуну менен быйыл ботулизм факты төртүнчү жолу катталууда. Жыл башынан бери тамак-ашка ууланып 17 жана 5 жаштагы эки кыз бейтапканада каза тапкан.

XS
SM
MD
LG