Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

Жалал-Абад: айрым көчөлөргө жарык берилди


6-декабрда кечке жуук Жалал-Абаддын бир нече көчөлөрүндө көчө шамдары кайра жарык берди. Узундугу 27 чакырым болгон көчө бойлорундагы жарыктарды калыбына келтирүү долбоорун шаардык бийлик менен АКШнын эл аралык өнүктүрүү (ЮСАИД) агенттиги каржылады.

Жалал-Абаддын төрт кичи районуна жарык берүү аземине АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен айым катышты.

Салтанатты 6-декабрда шаар мэри Бакыт Адылов ачты. Ал былтыркы улут аралык жаңжалдан кийин жарык болбогонун, бул шаардыктар арасында кооптонууну жаратканын белгиледи. Тополоңдон кийин бир топ көчөлөрдө электр жарыктары иштен чыккан:

- Шаар тургундары менен өткөрүлгөн жыйындарда биринчи кезекте түнкү жарыктарды калыбына келтирүүнү суранышкан. Шаардын аймагында стабилдүүлүк орнотуу, коопсуздукту жана улуттар аралык биримдикти камсыз кылуу максатында ЮСАИДден 9 миллион 200 миң 35, жергиликтүү бийликтен 4 миллион 300 миң сом бөлүнүп, шаардын магистралдык жолдорунун түнкү жарыктарын реабилитациялоо долбоору ишке ашты.

Элчи Памела Спратлен айым шаар бийлиги техникалык кызматкерлерди камсыз кылуу менен долбоорго өнөктөш болгонун белгиледи. Биргелешкен долбоордун алкагында Жалал-Абаддын Чыңгыз Айтматов, Достук, Курманбек атындагы жана Спутник кичи райондорунун көчө бойлорунда 524 көчө чырактары оңдолуп, ишке берилди:

- Биз жеңил чырактарды жана жабдыктарды сатып алдык. Ал эми Жалал-Абад шаары жумушчулар менен камсыз кылды. Шаардын 79 миң тургуну үчүн 27 бүтүн, 70 чарчы метр узундуктагы шаардын көчөлөрүнө 524 көчө чырактарын орнотууга жардам бердик. Ушул Жалал-Абад шаарында тынчтык болсун.

Анткен менен Жалал-Абадды аралап, Манас, Ленин, Пушкин, Осмонов көчөлөрүнөн башка жолдордо электр жарыгы күңүрт жана айрымдарынын караңгы бойдон турганына күбө болдук. Бир нече көчөлөрдө жарык дегеле жок болуп чыкты.

Караңгы көчөдө бараткандардын бири Жолборс уулу Нуралы жарыксыз жерде мурда балдардын мушташканын укканын билдирди:

- Бул көчөдө жарык жок, кайсы көчө экенин да билбейт экем. Түнкүсүн жарыгы жок көчөлөрдө жүрүүдөн коркобуз.

Ушул эле күнү ЮСАИД агенттигинин колдоосу менен оңдолуп бүткөн облустук Барпы атындагы театр өзүнүн жаңы сезонун улуттар аралык биримдикке чакырган "Коңшулар" аттуу комедиясы менен ачты.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG