Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:54

Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарына экинчи өмүр кайтып келеби? Бир кезде шахтёрлордун калаасы болуп, Москванын камсыздоосунда турган бул шаарда азыр жумушсуздук күч.

Нарын дарыясын бойлото жайгашкан Таш-Көмүр шаары мындан 20 жылча мурда күнү-түнү гүүлдөп турчу.

СССР доорунда Бүткүл союздук эпкиндүү курулуштардын катарына кирип, өнөр жай чордону саналган калаада азыр Бишкек менен Ошко чапкылаган айдоочулар менен базарлар жана тейлөө мекемелери гана иштейт.

Жергиликтүү тургун Баймырза Канаев Таш-Көмүрдүн ишке жарамдуу жаштарынын көпчүлүгү сырт өлкөлөргө жумуш издеп кетишкенин айтты.

Кыргызстан гана эмес, Орто Азияны да таш көмүр менен камсыздаган жерде эми жүзгө чукул адам көмүрдү кол менен казып алып, сатып күн көрүшөт. Алардын айрымдарын жер басып калып, ажалынан мурда кеткендер болду. Кесиби мугалим Баймырза өз машинеси менен адам ташып, кошумча киреше табат экен.

Ал эми ташкөмүрлүк Разылбек Кошалиевдин балдары мигрант:

- Мурда көмүр шахтасы, ”Кристалл” заводу иштеп, элдин баарына жумуш бар болчу. Азыр иш жок. Элдин баары өз колу менен казып алат. Келинчегим менен бир балам, бир кызым Орусияда. Ошолордун тапканы менен жашап атабыз.
Бирок издегенге иш табылат. Таш-Көмүр шаарынын эли азыркы маалда ар кимиси өзүнүн колунан келген жумуштарды жасап, жакшы эле жашап атат. Шаарда оорукана, базар, билим берүү тармактары, тейлөө кызматтары иштейт. Банктар бар, алар насыя берип атат. Таш-Көмүрдө курулуштар болот дегенге сүйүнүп атабыз. Заводдон башка дагы көп нерселер курулат деп атышат. Эгерде ушулар курулуп калса, Таш-Көмүрдүн жаштары иш менен камсыз болуп, өз турмушун ушул жерде жүргүзүп, өздөрүнүн үй-бүлөсүн ушул жерде бакса болот
.

Таш-Көмүрдө илгери көп улуттун өкүлдөрү жашаган. Азыр орус тилдүү саналган үч пайыз эл бар. Орус тил борборунун башчысы Валентина Лукина шаарда он эки орто мектепке мугалимдер жетишсиз болгонун айтты.

Таш-Көмүрдүн мурдагы вице-мэри Асият Баркитова кезинде шаарда 54 миң чамалуу адам жашаганын, анткени сейрек темир аталган кремний өндүрүлөт деп, КМШ өлкөлөрүнөн миңдеген адамдар келип иштегенин эске салды. Азыр ал ишкананын келечеги бүдөмүк деди Баркитова:

- Ошол заводдун артынан эки кичи район курулган, анда иштеген жумушчуларына көп кабаттуу үйлөр, балдар бакчалары, мектептер курулган. Жаңы төрөт үйү салынган. Азыр эми ал завод иштебей, айланасы жаман абалда калды. Чоң шаарларда үйлөр жетишпей жатса, бул жерден бузулган үйлөрдү көрөсүң. Ошол заводдорго инвестиция келип, алардын иштеп кетүүсүнө биз дагы үмүттөнөбүз. Шаарды Нарын дарыясына курулган төрт ГЭС багып атат.

Бирок Таш-Көмүр тумалак эле кунарынан ажырады деп тыянак чыгарууга болбос. Жаштардын шайыр үндөрү ар жерден кулакка жаңырат. Бул тегерек шамалдуу келип, суу тартыш болсо да, Таш-Көмүрдүн анар, жүзүм, өрүгү өзгөчө.

Нарын дарыясынан суу ичип жаткан крокодилдин элесиндей тоосу, дайра жээгине түшкөн эс алуучу жайлар, шаар ортосундагы гүлбак бул жерде жаңы жашоо бүчүр алып келатканын кабарлайт.

Шаардык мэриянын өкүлү Нурлан Боромбаевдин айтымында, кетип-кетип отуруп азыр калаада 20 миңдей адам калган:

- Курулуп жаткан ГЭС ишканасында жаштардын жетимиш өкүлү иштейт. Башка ишканаларда да экиден-үчтөн жаш адистер бар. Жаштарга шаарда эң жакшы көңүл бурулуп атат деп ойлойм. 2012-жылга биздин жакшы пландарыбыз бар. Балдардын билимин өркүндөтүүчү борборго шаардык казынадан үч жүз миң сом каралып, андан сырткары Билим берүү жана илим министрлигинен эки миллион сом бөлүнүп атат. Борбордук бокс мекемесине бир жарым миллион сом бөлүнүп атат, ал күзгө дейре бүтөт деген убада берилген. Буйруса жаштар үчүн келечек өтө чоң.

Ташкөмүрлүктөр менен баарлашсаң, жансыз болуп калган калаа акырындан кайра жанданып жана шаңданып баратканын сөз жок белгилей кетишет. Кыскасы, бул шаар экинчи жаштыгына кайтып келчүдөй.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG