Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Карышкырлар Кызыл-Үңкүргө да тиш салууда


Жалал-Абаддын тоолуу Кызыл-Үңкүр айылына карышкырлар бир нече ирет кол салып, кой, эчки, бодо мал, жылкыларды жара тарткан.

Түнкүсүн короо жойлогон бөрүлөрдү жергиликтүү мергенчилер да жок кыла албай атат. Кар көп жаагандыктан карышкырлардын жолуна тузак же капкан коюуга да мүмкүн болбой турат.

Карышкырлар жойлогондо алардан корккон иттер да үрбөй, кой-эчкилер да маарабай калышат. Быйыл кыш оор болуп, кар калың жаагандыктан ач калган карышкырлар деңиз деңгээлинен 1800 метр бийик турган Кызыл-Үңкүр айылында көп болду.

Алар түнкүсүн айыл аралай кирип келишип, өзү менен кошуналарынын малканаларындагы кой-эчки, жылкыга кол салганын айыл тургуну Эркинбек Бакировдон уктук.

Анын айтымында, карышкырлардын тоонун эки бетинен улуган үнү угулуп турган. Кошуна-колоңдорунун короого кирген карышкырды чаап алмакка анын жолун туш-тараптан торогону үзүрүн бербей, миң айлалуу кашабаң алардын колуна тийбей кутулуп кеткен. Башка көчөгө кол салып, качып бараткан дагы бир карышкырды жолдо бараткан автоунаа уруп өтүп, жарадар кылган.

Жергиликтүү мергенчилер кээде карышкыр атып алышат, бирок анын терисин өкмөткө өткөрүшпөйт. Себеби өкмөт карышкырдын терисин беш миң сомго бааласа, ал терини жол кире коротуп, 180 чакырым турган Жалал-Абадга алып барып тапшыруунун ордуна андан үч эсе кымбат баага керектөөчүлөргө сатууну оң көрүшөт.

Карышкырлар мурдагыдай ат үстүндөгү адамга асылгандай, бала-бакыра же кишилерге кол салган учуру быйыл боло элек. "Башка кыштактардан карышкырды чаап алган адамдар да болгонун уктук", - дейт Эркинбек Бакиров:

- Карышкырлар малга көп кол салууда. Күндүз эле менин короомдун үстүнөн эки карышкыр келип, үч козуну жеп кетти. Андан эки күн өтпөй, короонун ичине кирип жети козуну жеп кетиптир. Бул жактан бир кара малды жеди. Инимдин жылкысын жамбашынан тиштеп, курсагын жарып койгон экен, ичегилери чубалып калганынан араң адалдап калдык. Мергенчилер менен карышкырларды үч жолу тосуп, аракет кылдык, бирок ата албадык. Төмөнкү мааледе адамдар эки карышкырды атып алышты, короого кирип келген жеринен. Мергенчилерден деле жардам жок, ок-дары тартыш да. Ок-дары бере алышпайт. Карышкырлар чөл тараптан, же Токтогулдан ашып келишет.

Карышкырларды атып жок кылууга Кызыл-Үңкүрдөгү бирин-экин мергенчилердин шаасы жетпей жатат. Мергенчи Курманбек Алымбаев бөрүлөрдүн жолун аңдыган учуру көп эле болгон. Бирок каруу-жарагы белен болсо да, карышкырдын изин издеген аракетинен майнап чыккан эмес:

- Карышкырлардын кой-малга тийген учурлары катталууда. Менин эсебим боюнча беш-алты малды жегенин уктум. Короолорго кирип, козуларды көтөрүп кеткен күндөрү болду. Биздин кошунанын төрт-беш козусун жеп кетти, бир күндө эле. Быйыл кыш оор болду. Тоютту да Бишкектен алдырып, жедирдик. Бизге мергенчилик уюмунан жардам болуп атат, чогуу чыгып жүрөбүз. Бирок жок кыла албадык. Себеби кар оор, токойго кирип жашынганга көнүп алды да. Эгер жайык жер, же адыр болгондо атып алсак болот эле.

Быйыл Кызыл-Үңкүрдүн тоолоруна эки метрге жакын кар жаады. Ошол себептүү Садирбек Чойкулаков кар ала-телек болгон мурунку жылдардагыдай карышкырдын жүргөн жолу менен ийиндерине тузак же капкан койо албады. Анын айтымында, бөрүлөрдү жок кылууга айылдагы тузакчы, мергенчилер эле эмес, жашоочулардын өздөрү да кызыкдар болсо да карышкырлар колго түшпөй, айла курутууда:

- Тузакты тросс зымдарынан өзүбүз жасайбыз. Мындан он беш-жыйырма күн мурун аябай күчөгөн болчу. Бир жакка оошконбу, айтор азырынча тынч. Капканды жер кара учурда койсо болот, капкан менен кармай албадым.

Жылдагыдан көбөйгөн карышкырдан арылуунун жол-жобосун үйрөтүүгө айылдаштарына Ажымат Эгембердиев карыя да көмөктөш. Карт мергенчинин кезегинде бөрү эле эмес, аюу, каман аткан убагы болгон экен

Карышкырлардын тоо этектериндеги айылдарга кирип келип, мал-жандыктарга кол салуусу быйыл облустун Калмак-Кырчын өрөөнүндө да болгон.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG