Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

Ошто милиция кызматкери кыз зордуктаганы айтылууда


Ош шаарында 21 жаштагы студент кызды милиция кызматкери зордуктаганы кабарланды. Окуяны шаардык прокуратура текшерип жатканын “Азаттыктын” күч органдардагы булактары билдирди.

Маалыматка караганда, шектүү Ички иштер министрлигине караштуу Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгынын аймактар аралык бөлүмүнүн кызматкери. Азырынча күнөөнү мойнуна ала элек.

Жабырлануучу прокуратурага жазган арызында окуя 26-ноябрда болгонун, тартип сакчысы кызды зордуктаган соң сабаганын билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG