Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:16

Көшөгөдөн камалган "жихадчылар"


Жалалабаддык кызды азгырууга шектелип кармалгандар.
Жалалабаддык кызды азгырууга шектелип кармалгандар.

Стамбулдан Кыргызстанга келип, жергиликтүү кызга баш кошуп жаткан теги өзбекстандык жаран досу менен нике күнү камакка алынды. Милиция алардын максаты - жалалабаддыктарды Сирияга жалдоо экени айтууда.

Шектүүлөрдү кармоо операциясы күч органдарынын эки ай жүргүзгөн атайын планы менен ишке ашкан. Кармалгандар эч кандай жаман ою жок экенин белгилешет. Милиция болсо алардын кадамы радикал аракеттерге шайкеш болгонун ырастоодо.

Жалал-Абадда эки айга жакын убакыттан бери камакта отурган түркиялык Махмут Муглу документи боюнча 19 жашта. Бирок көрүнүшүнөн 40 жашка таяп калгандай. Өзбекстандын Кашка-Дарыя облусунан болот. Түркиянын жарандыгын алып, ошол жакта жашап жатканына бир топ жыл болгон.

Махмут интернетте таанышкан кызга баш кошуу үчүн быйыл февралда Жалал-Абад шаарына эки күнгө келген. Нике кыйылып жаткан учурда милиция менен Улуттук коопсуздук кызматы биргелешип жүргүзгөн операция маалында колго түшкөн. Тергөө учурунда ал мындай көрсөтмө берген:

- Мен буга чейин Сириядагы жоочулардын катарында болуп келгем. Дамаск шаарында түрктөрдөн турган топтун курамында 20 күн жүрдүм. Бизге 1000 доллардан берүүнү убада кылышкан эле. Бирок мага 150 доллар эле беришти. Бутум ооруп, кайра Түркияга кеткем. Кыргызстандык кыз менен интернеттен таанышкам. Баш кошууну чечип, бул жакка келгем. Бирок Сирияга алып барууга убада берген эмесмин. Сирия жөнүндө сөз жок эле.

“Азаттык” радиосунун күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактарынан алынган маалыматтарга караганда, Махмут Муглунун жалалабаддык кыздар менен байланышы тууралуу 2015-жылдын күз айларында эле маалым болгон.

“WhatsApp тармагындагы кат алышуунун жүрүшүндө анын максаты – кызды Сирияга алып кетүү экени аныкталган”, - деп айтылат милициянын маалыматында.

Ошентип, быйыл февралдын соңунда Махмут Муглу досу Сайфудин Абдулла менен Стамбулдан Ошко, андан ары Жалал-Абадга келишет. План боюнча эки күн ичинде кызды алып, артка кайтышмак. Күч кызматкерлери 28-февралда нике кыйылып жаткан кезде Махмут менен Сайфудинди кармашкан. Андан бери Жалал-Абад шаардык Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында жатат.

Колго түшкөндөрдүн бири 50 жаштагы Сайфудин Абдулла экстремисттик уюмдун активдүү мүчөсү экени айтылууда. Милициянын ыкчам маалыматтарында ал бир канча жолу Жакынкы Чыгыштагы согуш тутанган жерлерге жихадга да барганы белгиленген. Күч түзүмдөрү тарткан тасмадан Сайфудин башына кара допу, үстүнө дамбал кийип, сакал өстүрүп алганын көрүүгө болот.

- Махмут менден никеге күбөлүккө өтүүнү суранган. Эки күндө эле кайтып кетишибиз керек эле. Бардык чыгымдарды ал өзүнө алып, 26-февралда келгенбиз. Махмут Сириядагы согушкерлер менен катышы жок. Буту ооруп жүрсө, кайдагы Сирия? Менде да эч кандай жаман максат болгон эмес,- дейт Сайфудин Абдулла.

Жеңишбек Жоробеков
Жеңишбек Жоробеков

Түркиялык “күйөө” жана анын досу менен кошо жалалабаддык эки аял да кармалган. Милиция алардын диний экстремизм менен байланыштуу бир катар жоруктары аныкталганын, бирок тергөө кызыкчылыгынан улам азырынча ал маалыматтар жарыяланбай турганын айтууда. Облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков:

- Кармалгандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө салттуу ислам динин жашы билген диниятчыларды да тарттык. Алардын камераларына барып, сүйлөшүп жатышат. Шариятты жакшы билген адамдарды тергөө иштерине тартуу менен алардын ой-мүдөөсүн тереңирээк аныктоону максат кылганбыз.

Расмий маалыматтарга караганда, Сирия жана Ирактагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жоочуларынын катарына кошулган кыргызстандыктардын саны 500дөн ашат. Алардын 150 чамалуусу аялдар, 135и бойго жете электер. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат жоочулардын катарына кошулгандардын көбү интернеттен азгырылып жөнөп кеткенин белгилейт.

XS
SM
MD
LG