Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:54

Бир топ убакыт Түркияда иштеп, жакында эле Кыргызстанга кайтып келген сүрөтчү жана актер Уланбек Cултангазиев дүйнөдө болуп жаткан алааматтардын кесепетин боёк менен ак кагазга түшүрүп, сүрөттөр топтомун даярдоого бел байлады.

Уланбек Султангазиевди көпчүлүк “Соолуган карек” фильминдеги мээримсиз уулдун образынан улам жакшы билишет. Режиссерлор анын келбетинде терс каармандарды көрүшөбү, айтор, көбүнчө ташбоор кишилердин ролу берилет. Бирок биз азыр анын кинодогу ишмердиги тууралуу эмес, негизги кесиби болгон сүрөтчүлүк өнөрү жөнүндө сөз кылабыз. Кино тармагына анан токтолобуз.

Солгундаган сүрөтчүлүк...

- Менин бул жашоодогу ролум - сүрөтчүлүк. Актерлукка караганда сүрөтчүлүк салмагым оор. Өнөрүмдү саткым да келбейт. Жанталашып, тытынбайм. Башкаларга эмгегимди таңуулабайм. Өзүмдү көп деле жарнама кылбайм. Өз арабамды өзүм тартып, жашай берем,- дейт Уланбек.

Каарманыбыз акыркы бир жылды Түркияда өткөрдү. Ал жакта сүрөтчүлүк менен алектенди. Кыргызстанда жүргөн кезинде кино тармагына сүңгүп, сүрөт тартууга убакыт таппай, жан дүйнөсү кыйналып жүргөн учурда түрктөрдөн сунуш түшүп, Стамбул, Анкара, Измир жана башка шаарларга барып, эмгектенүүгө бел байлаган:

Уланбек тарткан сүрөттөр

Уланбек тарткан сүрөттөр

- Чынында кино чөйрөсүндө жүрүп, сүрөтчүлүк жагым аксап калды эле. Түркияда сүрөтчүлүккө кызыккан, аны баалаган кишилер чогуу иштешүүнү сунуштады. Өнөрлүү өлбөйт деген чын экен. Кинодогу ишмердигимди бир аз токтото турууну чечтим. Чынында, биздин мамлекетте сүрөт өнөрүнө кызыгуу аз. Сатып алышпайт. Андан сырткары, оригинал сүрөттөр дайыма кымбат болот. Аны алууга элде акча жок. Анүстүнө кытайлар оригинал эмгектерден эч айырмаланбаган көчүрмөлөрдү чыгарып, арзан баада сатып жатышат. Мейманканалар, мекеме-ишканалар имарат ичин жасалгалоо үчүн жалаң ошондой сүрөттөрдү колдонот. Кол менен тартылгандарды алгандар аз. Бул көрүнүш да сүрөтчүлүктүн жанданышына терс таасир этүүдө.

Сүрөт дүйнөсүнө коомчулуктун калың катмарын тартуу оңойго турбасын билсе да, Уланбек чоң долбоорго бел байлаптыр. Учурда дүйнөнүн булуң-бурчундагы олку-солкуну, апааттарды камтыган сүрөттөр топтомун даярдоону мерчемдеп турган кези экен. Ага бир топ каражат керек болгону менен, “баарын өз аракетим менен ишке ашырам” деген принцибинен улам башкалардан жардам сурабай жатканын айтат.

Уланбек тарткан сүрөт

Уланбек тарткан сүрөт

- Бул боюнча ой-толгоолорум, эскиздерим топтолуп калды. Азыркы жашоонун көйгөйүн боёктор менен көрсөтүп берсем дейм. Заман өнүккөнү менен жамандык көбөйүп кетпедиби. Жаңылыктарды карасаң, жалаң эле жардыруу, согуш, жакырчылык... Мен мунун баарын саясий лидерликти талашуунун кесепети катары көрөм.

Сүрөттөр топтомун даярдоо үчүн каражат чогултуп жатам. Буйурса, жакын арада ишке ашып калат. Башкалар менин айткандарымды куру сөз деп баалашы да мүмкүн, бирок чынында эле айланадагы жагымсыз окуяларды көргөндө жүрөгүм кансырайт. Келечекте эне боло турган кыздардын тамеки тартып жүргөнүн көрүп да кыйнала берем.

Курсагы ачкага, нанымды берем. Өзүм ачка калам. Бул мен үчүн чоң бакыт...

Биздин элдин айымдары тарыхта кандай болду эле? Азыр шайлоо өнөктүгү жүрүп, депутаттыкка аттангандар эл алдына чыгып жашоону бейиш кылып жиберем деген өңүттөн монолог окуганды адат кылышты. Эмнегедир алардын сөздөрүн уксам да жүрөгүм ооруй берчү болду. Жашоонун реалдуулугу жоголуп бараткандай... Мендей ойлогон адамдар аябай көппүз. Кантип биригүүнү билбей жүрөт окшойбуз.

Чет жакта сүрөтчүлүккө жогору баа берилгени менен, Кыргызстанда бул кесиптин баркы төмөндөп баратканына кейиген каарманыбыз маданияттын өсүшү коомчулукка көз каранды деген ойдо. Уланбектин пикиринде, адамдар чыныгы искусствону барктай албагандыктан, технология кол өнөрчүлүгүн жашоодон сүрүп чыгарууда:

- 21-кылым – машине доору деп аталып калбадыбы. Түркияда көрдүм, айкелди да машинеде жасап атышат. Айкелчи бир ай убакыт корото турган эмгекти аппарат эки саатта жасап коёт экен. Ошондуктан, буйрутмачылар да аппаратты тандап калыптыр. Бул абал искусствого терс таасирин тийгизүүдө.

“Актерге чет тили зарыл”

Эми каарманыбыздын актерлук чөйрөдөгү бейнесине назар салалы. Бала кезде Нарында чоң ата, чоң энесинин колунда өскөн Уланбек чоңдордон оозеки чыгармаларды көп укчу. Чоң энеси дайыма макал колдонгондуктанбы, айтор өзү деле ар бир жагдайга макал-лакаптар менен мисал келтирүүнү адат кылган. Ал эмес, анча-мынча учкул сөздөрдү чиймелеп коюу адаты да бар.

Уланбек кино дүйнөсүнө 2008-жылы аралашты. Ага чейин модель болуп эмгектенген. Алгачкы ролун “Кандуу сүйүү” тасмасында аткарган. Андан кийин “Соолуган карек”, “Талас-Бишкек”, “Тагдыр”, “Ээнсиреген үй” сыяктуу 15ке жакын кинодо образ жараткан. Каарманыбызды көрөрмандар негизинен терс ролдору аркылуу жакшы таанып калышты.

- Артист болгондон кийин роль тандабайсың. Кандай ролду сунуштаса, ойной бересиң. Актерлик чеберчиликтин өсүшүнө терс ролдор жакшы таасир берет. Кинодо жамандыкты көрсөтмөйүнчө адамдар жакшылыктын кадырын билбейт. Бирок жалаң эле терс каармандарды аткарбайм. Жакшы адамдардын образдарын да ойнойм,- деген Уланбек да башка кесиптештери сыяктуу маданият чөйрөсүнө көңүлкош мамиле жасалып жатканына кейийт:

- Көп артисттер театрдан кетип жатат. Айлык маянасы 4-5 миң сомдун тегерегинде. Мыкты-мыкты артисттерибиз сахнадан, актерлуктан алыстады. Ыйлагың келет бул абалга...

Дүйнөдө өтө уулуу жаныбарлардын уусу канчалык күчтүү болсо, адамдын жылмайуусу ошончолук таасирлүү...

Каарманыбыз учурда корейлер тартып жаткан кинодо башкы ролду ойноого камынууда. Анда Кыргызстандагы негизги көйгөйдүн бири саналган - кыз ала качуу маселеси башкы тема кылып алынган. Андан ары чет элдик киноөндүрүшчүлөр менен иштешүү максаты да бар:

- Түркияда жүргөнүмдө мени киного да чакырышты. Сынап да көрүштү. Актерлук жагым аларга жакты. Бирок тилди жакшы билчү эмесмин. Чет тилин үйрөнүү аябай зарыл болуп калыптыр. Айрыкча, башка өлкөдөгу кинолордо да роль жаратууну максат кылган актер үчүн тил керек. “Курманжан датка” фильминен кийин кыргыз актерлоруна Голливуд да кызыга баштады. Демек, чет тилин үйрөнүү мезгил талабы болуп калды.

Ыйманды чаң басты...

Уланбек өзү тарткан сүрөттөрү жана кинодогу ролу аркылуу маданиятты өстүрүүгө салым кошо алам деп ишенет. Муну бизге Түркияда болгон жөнөкөй мисал менен айтып берди:

Уланбек Султангазиев "Азаттык" радиосунун студиясында.

Уланбек Султангазиев "Азаттык" радиосунун студиясында.

- Түркияда жүргөндө такай мечитке каттадым. Ал жакка биринчи барган күнүм мечиттин босогосунда бут кийимдер толуп турганын көрүп, баарын алдым да, чекедеги текчеге тизип чыктым. Эртеси күнү да ошенттим. Бул көрүнүштү көп жолу кайталадым. Аракетим натыйжа берип, мен каттап жүргөн мечитте эч ким бут кийимин босогого чечпей калды. Баары текчеге коёт. Ошондо менин сүйүнгөнүмдү айтпа. Мен үлгү көрсөтүүнү уланта бердим, акыры адамдар ошону өзү жасай баштады. Анын сыңарындай, чыгармалар аркылуу элди тарбияласа болот. Элден ыйман кетти деп атышат. Жок, баарыбызда ыйман бар. Бирок көпчүлүктө аны чаң басып калды. Ошол чаңды тазалоонун жолун көрсөтүшүбүз керек...

Уланбек Султангазиев азыр 31 жашта. Баса, өспүрүм кезинде 11 жолу операция болуп, эки жолу клиникалык өлүмдү баштан өткөргөн. Бирок бул тууралуу ашкере айтууну каалабайт...

Каарманыбыздын ыр жазмай өнөрү да бар. Калеминде да өзгөчө философия жыттанып тургандай:

Улуу кыш, жүрөгүмдө сени туям,

Ыр жазсам түгөнбөйт калем сыям.

Оо, дүйнөдө түбөлүктүү кыш десе,

Ойлонбойм, жанымды азыр кыям!..

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG