Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:13

Кыргыз тидүү “Жаңырык апта” гезити антисемиттик мүнөздө үгүт жүргүзүп жатат деп Израилдин Казакстандагы элчилиги нота таратты. Буга байланыштуу Башкы прокуратура макаланын авторуна кылмыш ишин ачууга даяр экенин билдирүүдө. Гезит өкүлдөрү антисемиттик маанай бар деген дооматты четке кагууда.

Кыргыз тилдүү “Жаңырык апта” гезити “Кыргыз жериндеги жөөттөрдүн сайраны” аттуу макала баскан. Израилдин Казакстандагы элчилиги Кыргызстанга ошол замат гезит улуттар аралык касташууга жана антисемиттик идеяны жайылтууга багытталган деген кинеси бар нааразычылык нотасын жөнөттү.

Нота келгенин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Лира Сабырова да тастыктады.

- Ооба, мындай нота бизге түштү. Эми Тышкы иштер министрлиги өзүнүн милдетинин чегиндеги чараларды көрөт.

“Жаңырык апта” гезитинде басылган макала тууралуу маалымат Башкы прокуратурага да түшкөн. Бул мекеменин маалыматына караганда, “Жаңырык апта” гезитинин биринчи бетине басылып чыккан “5-каналдагы жөөттөрдүн сайраны?” аттуу коллаж жана 2-бетиндеги “Кыргыз жериндеги жөөттөрдүн сайраны” аттуу макалага учурда УКМК экспертизалык иликтөө жүргүзүп жатат.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын жалпы көзөмөл башкармалыгын башчысы Учкун Каримов төмөндөгүлөрдү билдирди:

- Бул макала улуттар аралык чыр-чатакка багытталгандыктан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматына жиберилди. Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 156-беренесинин негизинде аларга чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлдү. Эми УКМК бул макаланын кандай жазылганын текшерип, экспертиза дайындашы зарыл. Эгер макаланын улуттар аралык чыр-чатакка багытталганы аныкталса, ушул негизде кылмыш ачылышы керек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы бул окуя боюнча комментарий берген жок.

Гезит дооматтарга макул эмес

“Жаңырык апта” гезити еврей калкына каршы макала басылганын четке кагууда. Гезиттин башкы редактору Келдибек Назировдун айтымында, макала “Бешинчи каналдын” мурдагы директорлорунун былыктарын ашкерлөөгө багытталган.

- Бул макала жалпы еврейлерге эмес, “5-каналдагы еврейлердин сайраны” деп Оксана Малеваннаядан баштап, Максим Бакиевдин, Айдар Акаевдин, Адил Тойгонбаевдин жетегинде жүрүп, эми ал каналды эл шайлаган депутаттар алууну айтса, жалаң депутаттарды көрсөтөт, элдин көйгөйүн унутуп коёт деп жатышпайбы. Ошол маанайда эле жазылган, жалпы еврейлерге багытталган жери жок. Жалпы улутка багытталган материал эмес болчу.

Мэри Бекешова

Мэри Бекешова

Деген менен, кыргыз тилдүү басылмалар улуттар аралык чагымчылыкка жол ача турган макалаларга орун берип келгенин медиа адистер моюндашууда.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин өкүлү Мэри Бекешова буга чейин да кыргыз тилдүү гезиттерге улуттар аралык касташууга түртө турган макалалары үчүн эскертилип келгенин айтты.

- Кыргызстанда “Маалымат укугунун борбору” аттуу уюм бар.Ушул уюм 1 айдан бери кыргыз гезиттерине улут аралык кагылышуулар боюнча мониторинг жүргүздү. Ушул мониторингдин негизинде эки элди кагыштырууга түртө турган материалдар деп көп эле айтылып жатат. Ошондуктан андай нерсе бизде бар.

Бул мезгилге чейин да Кыргызстанда антисемиттик маанай күч алып жатканы айтылып келген. Атүгүл эгемендүүлүк жылдарынын башында “Свободные горы” гезити антисемиттик идеяларды таратты деген негиз менен сот аркылуу жабылганы айтылып келатат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG