Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Жапониялык Баттерфляй айым Бишкекте


17-мартта Улуттук опера жана балет театрынын репертуарындагы Жакомо Пуччининин “Чио-Чио-Сан” операсындагы башкы партияны жапониялык таланттуу ырчы Акико Хаякава аткарды.

Спектакль Жапониянын Нагасаки аймагындагы чакан бир үйдөгү окуя менен башталат. Ал жерде Америка Кошмо Штатынын деңиз флотунун лейтенанты Пинкертон жергиликтүү жапон кызы Чио-Чио-Санга ашык болуп, үйлөнүүнү чечет. Чырайлуу кызды Баттерфляй деп аташчу. Бул кыргыз тилинде көпөлөк дегенди түшүндүрөт.

Лейтенант Пинкертондун жапон кызына үйлөнүүсүнө Нагасакидеги консул Шарплес, Чио-Чио-Сандын ага туугандары, дин кызматчысы каршы болушат. Бирок жаш, сулуу Баттерфляй жан дилинен америкалык жигитке ашык болуп калып, экөө жашыруун нике кыйдырып, баш кошушат.

Кызмат мөөнөтү бүткөн Пинкертон АКШга кетип, Чио-Чио-Санга көп өтпөй кайрылып келүүгө убада берет. Ал учурда Чио-Чио-Сан уулдуу болуп, лейтенантты үч жыл күтөт.

Бир күнү АКШнын аскер-деңиз кемеси келип, андан Пинкертон АКШда үйлөнгөн аялы менен түшөт. Алар Чио-Чио-Санды көндүрүп, уулун алып кетишет. Чыгармада аял затынын назиктиги, арманы, кусалыгы, алсыздыгы, сүйүүгө жеңил мамиле кылуудан кыздын талкаланган тагдыры чагылдырылат.



Чио-Чио-Сандын партиясын Жапониядан келген таланттуу ырчы Акико Хаякава аткарды. Ал Кыргызстанда классикалык музыка өнүккөнүн, артисттердин профессионалдык деңгээли жогорку экенин билдирди.

СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартпаева да кесиптешинин талантына жогору баасын берди.

- Акико сан мадам Баттерфляйдын партиясын абдан жакшы билет экен. Анын үстүнө жапон кызы болгондон кийин үрп-адатын, каада салтын, кыймыл аракетин мыкты аткарды. Актердук чеберчилигине жогору баа бердим. Кыргыз опера тарыхында биринчи жолу Жапониядан ырчы келип, биздин сахнада ырдап жатканына мен абдан сүйүнүп атам. Анткени жапон Чио-Чио-Саны Кыргызстанга келип ырдаса, убагында кыргыз Чио-Чио-Саны Жапонияга барып ырдаган. Мында кандайдыр бир символикалык маданий байланыш болуп жатат деп ойлойм.

Жузеппе Жакозанын либреттосунда жазылган “Чио-Чио-Сан” операсы Улуттук кыргыз опера жана балет театрында өткөн кылымдын 80-жылдары коюлуп, башкы партияларды СССРдин эл артисттери Кайыргүл Сартпаева менен Токтонаалы Сейталиев аткарган. Учурунда Кайыргүл Сартбаева Чио-Чио-Сандын партиясын Токиодо өткөн эл аралык фестивалда аткарып, күмүш медалга татыктуу болгон. Нагасакиде жана Йокогамада да Баттерфляйдын партиясын аткарган.

Бул эл аралык чыгармачылык долбоор Жапония менен Кыргызстандын эл аралык мамилелеринин түптөлүшүнүн 20 жылдыгына карата уюштурулган. Жапон ырчысы Акико Хаякава менен кошо жапон дирижеру Коичи Инуоэ оркестрге дирижерлук кылды.

Үч күн аралыгында кыргыз операсынын артисттери жапон кесиптештери менен тажрыйба алмашканын, айрыкча дирижердун чеберчилиги жакканын эл артисти Сталбек Алмазбеков белгиледи:

- Биз биргелешип үч күн эле иштедик, дирижер Коичи Иноуэ абдан принципиалдуу, таланттуу адам экен. Ушул үч күндө эртеден-кечке бизди да тындырбай, өзү да эс албай катуу иштеди. Жыйынтыгы жаман болгон жок. Музыканттарды ар бир нотасын так ойнотуп, солисттерди партиянын ар бир кайрыгын даана ырдатууга жетишти. Бизде мына ушундай дирижерлер жок болуп жатат. Бейиши болгур Калый Молдобасанов көзү өтүп кеткенден бери ушундай мыкты дирижерго абдан муктаж болуп турабыз.

СССРдин эл артисти Токтоналы Сейталиев “Чио-Чио-Сан” спектаклиндеги жапон ырчысы менен дирижерунун кесибине өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылышканын белгилеп, театрдын артисттери да алардан үлгү алышып, талыкпай иштеши керек деп эсептейт.

Тетардын директору Тимур Саламатов мындай чыгармачылык эл аралык долбоорлорду дагы улантышарын кошумчалады:

- Азыр италиялык бир дирижер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Буйруса бул долбоор ишке ашат. Аны алдын ала айтпай турайын. Ошондой эле Венадан, Түркиядан да операнын мыктыларын чакырып, чогуу иштешип, тажрыйба алмашсакпы деген пландар бар.

Тимур Саламатовдун айтымында, келечекте опера жана балет театры Орусиянын жана түрк дүйнөсүнүн классикалык өнөрпоздору менен бир катар долбоорлорду ишке ашырууга аракеттенүүдө.
XS
SM
MD
LG