Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:07

Жашоосун икэбанага арнаган Чынара сан


Кыргызстандык Чынара Мундузова икэбананын чоң каарманы болуп, дүйнө кыдырып, башкаларды жапон искусствосу менен тааныштырып келет.

Гапар Айтиев атындагы көркөм музейинин холлунда ак дасторкон жайылган үстөлдөр турат. Анын ар курактуу кожоюндары үстөлдүн үстүнө ваза, кесе менен сууну коюп алып, атайын кайчы менен ак-кызыл гүлдөрдү, жашыл бутактарды кескилеп жатышат. Алар – мастер-класстын катышуучулары.

Ары жакта отурган көрүүчүлөр кызыгуу менен иш процессин көрүп жатышса, катышуучулар болсо мугалимдин ар бир сөзүн кунт коюп угуп, айтканын жасап жатышат.

Мастер-класс жапондордун икэбана искусствосу боюнча өтүп жатат, аны болсо жапон эмес, Москвадан келген кыргызстандык Чынара Мундузбаева жүргүзүп жатат.

- Икэбана – бул жапондордун гүлдөрдү жасалгалоо чеберчилиги. Икэбананы жапон тилинен которгондо "жашаган гүлдөр" деп айтса болот. Бул өнөр 15-кылымдын жарымынан баштап чеберчилик катары үйрөтүлүп келе жатат.

Чынара болсо жыйырма жыл мурун үй-бүлөсү менен Орусияга көчүп кетип, ошол жакта икэбанага кызыгып, он беш жылдан бери шугулданып келет экен.

- Мен бул менен Москвада алектене баштагам. Мени жапондордун искусствосу кызыктырчу жана алардын курстарына барып турчумун. Ошентип икэбана жөнүндө билип калып, сабактарды алдым. Ал менен биринчи эле таанышканда ушул менен өзүмдү өмүрүмдү байланыштырам деп чечкем.

Жашоосун икэбанага арнап, мугалимдердин билимин сиӊирип, аракеттүү окуучу болуп, акыры өзү окутуучуга айланып, каалоочуларга икэбана боюнча сабак берип калыптыр. Өзүнүн сүйгөн иши менен алектенип, бир топ ийгиликтерге жетишкенин Чынара айым мындайча баяндады:

- Окуп бүткөндөн кийин мен ар кандай эл аралык көргөзмөлөргө катыша баштадым. Мен азыр Жапон үйүндө иштейм. Ал жакка орношуу үчүн билимдүү болуш керек. Демек мен окуучу эмес, мастер катары орношком. Мен ал жакка орношконго чейин деле икэбана боюнча курстарды өткөрүп жүргөм, мага ал жакта да өткөрүүгө сунуш түшкөн. Мен Сагецу мектебинде биринчи даражадагы мастермин жана мен ар кандай эл аралык көргөзмөлөргө катышып турам, бир нече өлкөлөрдө мастер-класстарды өткөргөм.

Дүйнөнүн ар бурчтарында өзү жапон болбосо да жапондордун кооз икэбана аттуу чеберчилигин үйрөтүп, бир нече элдердин талантын ачты. Бирок Кыргызстанда өткөрүүгө эӊсенип жүрүп, бул жылы ошондой мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Кыргызстандыктар үчүн икебана жаӊы чеберчилик катары болуп, бүгүн биринчи жолу ал менен таанышса да, жасаган икэбаналары кооз чыкты.

- Эӊ биринчи бийик гүлдү алып туруп отургуздум, мастер көрсөткөндөн кийин экинчи гүлүн кесип жанына отургуздум, ушинтип үч бурчтук болуп калды. Буга чейин икебана жөнүндө уккам, бирок жасап көргөн эмесмин. Эми үйүмө барып дагы жасап көрөм, - деди катышуучулардын бири Гүлзар Мамбеталиева.

Катышуучулар менен кошо мастер Чынара сан да кыргызстандык окуучуларын икэбана чеберчилиги менен үйрөткөнгө кубанычка батты. Дүйнөдө ар кандай өлкөлөрдө сиз, жапон эмес кыргыз болуп икэбананы үйрөтүп жатканыӊызга эч ким таӊ калбайбы десем:

- Эл аралык конференцияларда көптөр таӊ калбайт, анткени ал жакта жапондордон тышкары көптөгөн улуттар чогулат. "Икэбана интернэшнлда" "Гүлдөр аркылуу достукка" деген девиз бар жана икэбана чеберчилиги менен таанышыш үчүн сөзсүз түрдө тилди билбеш керек – мугалим көрсөтүп жатабы кандай кылыш керек, сен кайталайсыӊ жана эч кандай сөздөр деле кереги жок, баары тилсиз эле түшүнүшөт.

Чынара сан чыгыш өнөрүн аракалап, дүйнөнүн ар кыл мамлекеттерде жүрсө да, Кыргызстанга келип турганга аракет кылат. Ал эми Москвада алыстагы Мекенин анын кыргыз достору унутпоого жардам берет.

Чынара айым Мекенинде жүрүп, кыргызстандыктарды жапондордун икэбана чеберчилиги менен тааныштырып жатканынан ырахат алып, дагы бир нече мастер-класстарды Бишкекте өткөрүүнү пландаштырууда.
XS
SM
MD
LG