Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:02

Мунара Жалил кызы: Жапония Борбор Азияда таасирин күчөткүсү келет


Казак президенти Нурсултан Назарбаев менен Жапониянын өкмөт башчысы Синдзо Абэ. Астана, 27-октябрь,

Казак президенти Нурсултан Назарбаев менен Жапониянын өкмөт башчысы Синдзо Абэ. Астана, 27-октябрь,

Жапон премьер-министри Синдзо Абэнин Борбор Азияга жана Кыргызстанга расмиий иш сапары, кыргыз-жапон мамилелеринин өнүгүшү, алардын мааниси жана келечеги туурасында көп жылдардан бери Токио шаарында иштеп жүргөн жапон таануучу Мунара Жалил кызы “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Жапония Кыргызстанга 1990-жылдардын башында алгачкылардан болуп кол сунган өлкө. Бирок бул мамлекеттин премьер-министри биринчи ирет келип олтурат. Кызматташтык башталган 24-25 жылдан бери ошол алака-катыш өзгөчө экономикада Жапониянын Кыргызстанга донор катары жардам көргөзүүсүнөн ары кете алган жок. Эмне үчүн түз инвестиция жасалган жок? Буга биз даяр эмеспизби, шарт түзгөн жокпузбу же бизнестин көз карашынан алганда Кыргызстан инвестиция сала турган өлкө катары Жапонияга кызык эмеспи?

Мунара Жалил кызы: Советтер Союзу тараганы көптөгөн Орто Азиядагы өлкөлөр ушул Жапониянын жардам, гранттарына кызыгышкан, аларды алып келишкен. Жапония дагы аймактагы энергияга, башка дагы ресурстарга абдан кызыккан. Бирок бизде инвестиция салууга шарттар түзүлгөн эмес, биздин базар экономикабыз өтө чектелүү болгон. Региондордогу мамлекеттердин ачык эместиги, экинчиден, Жапониянын өзүнүн экономикасы дагы кыйын учурду башынан өткөргөндүктөн, Жапониядан барган инвесторлор бир аз арышын жайлатып коюшкан. Алар Орто Азияга жакшы бара алган жок. Анын ортосунда Кытай бул аймакка өтө тездик менен кирди. Ошондуктан ортоазиялыктар Жапонияга көп кызыкпай калышты.

"Азаттык: 25 жыл ичинде Жапонияга кыргыз президенттери бир канча жолу расмий сапар менен барган. Алды эки үч сыйра визит жасашкан. Андан бери жапон тараптын Кыргызстанга берген эң көзгө-көрүнгөн жардамдары деп эмнелерди айта аласыз? Мисалы, буга чейин мамлекеттик секторго адистерди даярдап берип жатканын башка да эмнелерди белгилөөгө болот?

Мунара Жалил кызы: Жапония JICA кызматташтык агенттиги аркылуу бир топ долбоорлорду ишке ашырууда. Мисалы, Ысык-Көл аймагында “Бир айыл - бир продукт” деген долбоор иштеп жатат. Ыктыярчыларын Кыргызстанга жиберип, алар ооруканаларда, мектептерде, башка тармактарда иштешүүдө. Ошондой эле Ош-Бишкек жолун курду. Соңкусу мына 2015-жылдагы парламенттик шайлоону өткөрүү үчүн керектүү жабдууларды берди дегендей. Көп эле жардам болду.

"Азаттык": Жапон премьери бул ирет Борбор Азия өлкөлөрүн түгөл жана Монголияны кошо кыдырууда. Жапония Борбор Азияга донор өлкө катары Кытайдан мурда келген да. Бирок, азыр экономикалык кубаты Жапонияда ашып өткөн Кытайдын түз инвестициялары, кредиттик жамгыры, аймакка жакындыгы менен Борбор Азиядагы таасирин арттырып алды. Эми Жапониянын аймакка кайра көңүл бура башташында Кытай менен атаандаштыктын белгиси жокпу?

Мунара Жалил кызы: Негизи азыр Орто Азияда Орусия менен Кытайдан таасири күч болуп жатпайбы. Бирок, Орусиянын экономикалык жактан мүмкүнчүлүгү аз болуп жаткандыктан, Кытай регионго аябай көп акчасын салып жатат. Эми мындан ары кандай болорун айта албайм. Анткени, азыр Кытайдан экономикасы ылдый жакты көздөй баратат. Ошондуктан Кытайдан кем калбаш үчүн Жапония дагы өзүнүн бул жактагы таасирин көбөйтүүгө абдан кызыкдар. Анткени бул өлкөнүн чынында коңшулары менен мамилеси начар. Мисалы, Корея, Кытай менен тарыхый чечилбеген көп маселелери, жер, арал талаштары бар. Орусия менен дагы мамилеси салкын болгону үчүн Жапония алыскы аймактардан өнөктөш издегенге аракет кылып жатат.

"Азаттык": Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан үчүн Жапония жана Кытай менен кызматташуунун айырмасы эмнеде?

Мунара Жалил кызы: Салыштырып көрө турган болсок, Жапония бир жерге барып, ал жерди өнүктүрө турган болсо алар экологияга көңүл бурат, аны бузбаганга аракет кылат. Ал жерде кадрларды тарбиялап өстүрөт. Ал эми Кытайдын терс жагы - алар өздөрүнүн кадрларын алып келет. Анан ал кадрлар ошол мамлекеттен чыкпай калып калышы ыктымал.

"Азаттык": Президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Синдзо Абэ да бул визитти эки тараптуу алака-катышты тарыхый жана бурулуш учур деп аташты. Эмне бурулуш болушу мүмкүн? Мурдагы кызматташтыктан кийинки алака-катыш эмнеси менен айырмаланышы ыктымал?

Мунара Жалил кызы: Бизде Түркмөнстандагыдай газ же Казакстандагыдай ураныбыз жок. Бирок мен бизге келген компаниялардын тизмесин карадым. Алардын арасында абдан белгилүү чоң-чоң банктардын жетекчилери бар экен. Туризм тармагы боюнча чоң компания өкүлдөрү келиптир. Анан логистика боюнча Жапонияда “Фукуяма” деген ири компания бар. Бул жагынан Кыргызстандын Орто Азиянын бардык мамлекеттери менен түз байланышы болгондуктан логистика жагынан кандайдыр бир долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк бар. Алар инфраструктураны дагы өнүктүрөбүз деп сөз берип жатышат, жолдорду куруп дегендей. Андан башка айыл чарба тармагын айтсак болот.

Биз жапондорго окшоп сенсорлорду даярдай албайбыз, өтө майда техникаларды чыгара албайбыз. Бирок бизде айыл чарба тармагында мүмкүнчүлүгүбүз көп. Жерибиз кенен, иштегенге шарттар бар, жаштарыбыз көп. Мисалы, Жапонияда жыл өткөн сайын кары адамдарды саны өсүп жатса, бизде Кыргызстанда жаштар көп, бул жагынан бизде жумушчу күч да бар.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG