Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:03

“Азаттык” зилзаладан катуу жабыркаган Жапониянын Сендай шаарында жашаган Аян Осмонов аттуу кыргызстандык жаран менен байланышты.

“Азаттык”: Азыр силер жакта абал кандай? Өзүңөр азыр каяктасыңар, кантип атасыңар?

Аян Осмонов: Азыр Сендайдан башка шаарга автобус менен келдик. Ал жакта тамак-аш маселеси аябай эле курч болуп кетти. Дүкөндөрдүн дээрлик баары бош болчу. Андан кийин эмне болду... эмне айтаарымды да билбей калдым.

“Азаттык”: 11-марттан бери Сендайда кантип жашадыңар? Кандай күндөрдү баштан өткөрдүңөр?

Осмонов: Жер титирөөдөн кийин бардыгыбыз лагерге кеттик. Үйдө бардык нерсе талкаланган эле. 300-400дөй киши чоң спорт залдарга жатып аттык. Ошол күнү аябай кар жаады. Эми ал өлкөдө отун деле жок да. Талкаланган эмеректерди жагып жылындык. Эртеси күнү жылуу тамак издедик. Суу, жарык, газ, бардык нерсе өчүрүлгөн эле. Телефон да иштебей калганын билдик. Көрсө ошол өлкөнүн 70 пайызы колдонгон байланыш фирманын антенналары иштебей калыптыр.

Эт жылтырак баштыкка салынгандыктан анча-мынчасы аман калыптыр. Муздаткыч болбогондуктан эт бузулуп кетпесин деп талкаланган эмеректерди отко жагып биз жубайым экөөбүз, анан өзбек жана уйгур улутундагы эки жигит болуп казан асып тамак жасадык. Башка студенттердин тамак жасоо үчүн азыктары жок болчу, дүкөндөр болсо жабык. Ал жерде үй-бүлөлүү башка улуттун өкулдөрү бар болчу. Биз жашаган райондо негизинен сырттан келип окуган көп улуттун өкүлдөрү бар эле. Ал күндү ошентип өткөрдүк.

Ар бир 15 мүнөт сайын жер титиреп атты. Мурда сиздердин кабарчы Аида Касымалиевага туура эмес маалымат берип коюптурмун. Биринчи жер титирөө 9 балл болгон экен. Экинчиси 7,1 балл экен. Биз телефондон канча балл болду деп карап отурдук эле.

Аракет жана алдын алуу

“Азаттык”: Азыр эми Сендайдын өзүндө абал кандай? Элдин баары эвакуацияландыбы?

Осмонов: Сендайдан европалыктар жет титирегендин эртеси күнү эле шаардан кетип калышыптыр. Кантип кетишкенин да байкабай калдык. Азыр ал жакта орус улутундагылар эле калды окшойт. Бангладештиктер, монголдор, кытайлар, айтор бардыгы чыгып кетишти.

Чыгаруу үчүн автобус уюштурулган экен. Бизде Интернет жана телевизор болбогондуктан автобус тууралуу маалыматты кечирээк алып калдык. Ал жерге барганыбызда, калп айтпасам 10 миңдей адам болот го, аябай көп киши башка шаарга чыгуу үчүн кезек күтүп туруптур. Биз ал күнү кезекте 3-4 сааттай турдук. Анан эртеси күнү келели деп кетип калдык.

Анан бүгүн (15-мартта) барсак автобустун жаңы линиясы ачылып жаткан экен. Сендайда автобус менен башка шаарга ташуу эки жерде уюштурулган болчу. Мурун бир эле жерде болчу. Ошо биз экинчисинен барып аябай ийгиликтүү түрдө автобуска отуруп калдык. Болбосо ал автобуска да батпай калышыбыз толук мүмкүн эле. Кудай жалгады.

Бизге ага чейин кыргыз элчилигинен чалып Орусия Чукул кырдаалдар министрлигинин автобусун жиберип жатканын маалымдашкан. Бирок бул жерде күтүп отурганыбызда эртең мененден тартып эле “ал автобуска силер батпайсыңар го, биз өзүбүз абдан көп адамбыз” деп айта башташты. Анан тообокелге салып күтүп отура берүү мүмкүн эмес эле, анткени орустардын автобусу кечки саат 10го келмек, батпай калсак дагы бир күн калып калмакпыз.

Сендайда азык-түлүгүбүз да түгөнө баштаган эле. Сатып алганга да дээрлик мүмкүн эмес. Мисалы кечөө 4 сааттан ашык кезекте туруп бир шоколад, бир кургак кесме жана радиацияга каршы деп бир виски алдык. Бизде радиация тууралуу так маалыматыбыз болбогондуктан, ага каршы эмне уксак ошонун баарын жасап жаттык. Бизге "виски ичсеңер радиациянын деңгээлин азайтат" дешти, ошондуктан аны алдык. Ошондой эле дарыканаларга кезекке туруп йод алып жаттык.

“Азаттык”: Эми пландарыңар кандай? Кыргызстанга келели деп жатасыңарбы? Мисалы сиздин Нарындагы туугандарыңыз катуу эле сарсанаа болуп жатышкан экен.

Аян Осмонов: Биз буга чейин жакындарыбыз сарсанаа болбосун деп Интернетте Фейсбук, Твиттерге “баары жакшы, тынч” деп жазып жатканбыз. Эми азыр коопсуз жайга чыккандан кийин чындыкты айта берсек болсо керек. Биз ошо Кыргызстанга барып келсекпи деп ойлоп жатабыз. Бул жактан караманча кетип калууга да мүмкүн эмес, окуубуз бар, түзгөн келишимдерибиз, милдеттемелерибиз, максатыбыз бар. Ошондуктан эч болбоду дегенде барып келсекпи дегенбиз. Баары бир азыр Сендайда жашай албайбыз.

Азыр бизге кыргыз элчилигенен унаа жиберилген экен. Анда тилди билген, жолду билген Тимур аттуу жигит өз ыктыяры менен келатыптыр.

“Азаттык”: Ал жигит элчиликтин кызматкериби?

Аян Осмонов: Жок, элчиликтин кызматкери эмес. Бул жактагы студенттердин бири, бизге өз ыктыяры менен келатыптыр. Элчилик айдоочусу менен унаа бериптир. Аны менен Токиого чейин барабыз.

Биз чынында 4-5 күндөн бери тыңгылыктуу уктай элекпиз. Суукта 2-3 сааттан эле уктап аттык. Андан ары эмне кылаарыбызды Токиого баргандан кийин көрөбүз го. Учакка билетке акчабыз барбы же жокпу деген маселе бар. Экинчиси, эвакуациялык учак болот же болбойт деп аны да байкаштырабыз. Мындай учак болуп калса биз сөзсүз түрдө кетебиз. Анткени баары калыбына келгиче 1-2 ай жашашыбыз керек. Бирок каякка жашаарыбызды да билбейбиз. Биздин үйүбүз караманча кыйрап калды. Төшөктөрүбүз да лагерлерде калды.

Кырсыкты кайрат менен көтөргөн калк


“Азаттык”: Азыр Сендайдан кийин дагы башка лагерге келдиңерби? Кайсы жерде турасыңар?

Аян Осмонов: Биз келген бул шаар талкаланбаптыр. Жакшы эле экен. Качкындар үчүн уюштуруп коюшкан экен, бир кафенин ичине кирдик, бул жерде кофе ичсе болот, жылуурак отуруп турса болот. Элчиликтин машинасын күтүп отурабыз.

“Азаттык”: Жер титирөөдөн жабыркаган Жапониянын жергиликтүү эли тууралуу сүйлөшсөк. Азыр жапондордун кайраттуулугуна, сабырдуулугуна чынында көптөр таң берип жатышат. Силер алардан дагы эмнелерди байкай алдыңар? Жер титирегенден кийин дүрбөлөңгө түшүп аткандарды баары эле чет өлкөлүктөр деп атышат.

Аян Осмонов:
Азыр эле жубайым экөөбүз дал ушул тууралуу сүйлөшүп, жапондордун бутуна таазим кылса болот деп аткан элек. Алардай башына келген алааматты кайрат менен көтөргөн дүйнөдө бир да эл жок болсо керек.

Мен мисалы Түркиядагы жер титирөө учурунда да болгом. Бул жерде, мисалы, таң атпай саат 7де туруп, дүкөндөрдүн баарын кыдырып, көп саат кезекте туруп, бирок киргенде эч бир продукту алалбаган жапон кемпир жаныбызда турган. Ошол жерден тамак, жей турганга эч нерсе калбай калды дегенде ал кемпирдин реакциясы “аа, ошондой бекен, мейли анда, мен кеттим, жакшы калгыла”, деп акырын гана коштошуп кетти.

Ошол эле учурда дүкөндөрдө жулунуп, кыйкырып-өкүргөндөр жок. Бардыгы тынч турат. Мисалы эң чоң нааразылыгын өз ара сүйлөшүп коюшат: ушул дүкөндүн иштөө системасын өзгөртсө жакшы болмок, натыйжалуу эмес экен деген сыяктуу гана сөздөрдү айтышат. Ал эми дүкөндөрдө тамак-аш аз болсо да аны саткан адамдардын баары күлүп, жылмайып, дайымкысындай эле, “келиңиз, алыңыз” деген сылык сөздөрүн айтып турушту.

Биринчи жер титирөө болгондо башка өлкөнүн адамдары менен чогуу болуп калдык. Алар аябай эле дүрбөп, кыйкырып-өкүрүп, кудайга жалынып жүрүштү. Ал эми жапондор аябай тынч болгондуктан биз эртеси күнү алар менен болдук. Анткени паника бизге да терс таасирин тийгизмек.

“Азаттык”: Дагы бир таң калтырганы – талап-тоноочулук такыр болгон жок окшойт.

Аян Осмонов: Ооба, болгон жок. Мисалы жер катуу титирегенден кийин 4чү күнү тамак-аш болбогондуктан сиз адамдардын ушундай ач экенин өзүңүз да элестетип атсаңыз керек, дагы эле дүкөндөргө кезекке туруп атышат. Ал эми кезектердин узундугу бизче айтканда эки аялдамага чейин барат, бир чакырымга жеткен кезектер бар, ал жерде жапондор тынч, кезекти бузбай турушат. Адамдар мисалы үйлөрү талкаланса да кыйкырып-өкүрбөй акырын гана жашып отурушат. Ал тургай машина жок көчөлөрдө да светофор кызыл күйүп турса өтүшпөйт. Эрежелерди сыйлашат. Азыр бензин жок болгондуктан көчөлөрдө машина дээрлик жок. Кетип баратып жылмайып, адамдарга баш ийкөөсүнөн дагы эле жазыша элек.

Ыктырчылар көп, бирок каражат жетишсиз

“Азаттык”: Аян, сиз ал жактагы абалды ичинен көрүп билип атасыз да. Сиздин баамыңызда, жапондорго дүйнө коомчулугу кандай жардам бере алат? Мисалы Кыргызстанда айрым активдүү жаштар жөн карап тура албай, "кандай кылсак, эмне кылсак", деп баш оорутуп, куткаруучуларды жөнөтүү керек, тамак-аш, кийим кече салып жиберели, ыктыярчы болуп баралы деген сыяктуу сунуштарды көтөрүп жатышат.

Аян Осмонов: Биз өзүбүз да көрүп калдык, бул жакта тамак-аш маселеси курч турат. Бирок азык-түлүктү Кыргызстандан берип жибергенден көрө, каражат жагынан эле жардам берген жакшы го. Анткени айрым аймактарга жапон өкмөтү өзү да жардам бере албай жатат. Себеби жолдор жабык. Мисалы биз азыр Сендайдан келген жолду да темир менен жаңылашыптыр. Байланыш да начар.

Менимче, эң биринчи моралдык колдоо, экинчиси акчалай түрдө эле жардам бергендери жакшы болот го. Биз албетте бул өлкөнүн чоң катмарына жардам бере албашыбыз мүмкүн, бирок эң алды биз өзүбүздүн кайдыгер эмес экенибизди билдиришибиз керек го деп ойлойм.

Адамдар чындап эле оор абалда. Мен эле көргөндөн 1 миллиондон ашык адам тамак-аш жетишпеген бир райондо жашап жатат. Бирок биз аларга тамак-аш жөнөтө албайбыз.

Ал эми куткаруучуларыбыз болсо бул жакка чейин келип, ийгиликтүү жардам көрсөтөт деп айта албайм. Анткени өздөрүнүн эле куткаруучулар абдан жакшы. Ыктыярчы болуп келгиле деп да сунуштай албайм. Анткени ишенсеңиз ушунча көп адам өз ыктыяры менен иш кылганга кезекке туруп жазылышты. Адамдар эмне десе ошону кылалы деп дилгирленип күтүп отурушат.

Күтүүсүз керемет

“Азаттык”: Силер жашаган шаарда дагы башка кыргызстандыктар бар беле?

Аян Осмонов: Биздин билишибизче, биз окуган университетте бир кыргызстандык эже бар болчу. Ал кеткен болчу. Биздин көп чет өлкөлүк студенттер менен байланышыбыз бар. Бирок биз бул жактан эч бир кыргызстандыкты кезиктирип жолуктура алган жокпуз.

Биз кечээ дагы орустардын Чукул кырдаалдар министрлиги куткарышы мүмкүн дегенде болгон тааныш-билиштерибизди, борборазиялык бардык адамдарды издештирип, телефон менен байланышканыбызда кыргызстандык жарандар тууралуу маалымат ала алганыбыз жок.

Ал эми башка префектураларда бар болчу. Өзөктүк электр энергиясы жайгашкан жерде Жаңыл менен Наталья деген кыргызстандыктар бар болчу. Алар Жапониядагы кыргызстандык студенттер түзгөн топто кат аркылуу кабарлашууда. Маалыматыма караганда, алар да шаардан чыгып кетишкен экен.

Бизге топон суу 3 чакырымдай гана жетпей калды. Анан жубайым экөөбүз да ошол күнү кандайдыр бир керемет менен чогуу болуп калыппыз. Мисалы жубайым саатты алмаштырып алгандыктан үйдөн чыкпай калган экен. Мен да белгисиз бир себеп менен бара турган жериме барган эмесмин. Жер титирегенде жубайым экөөбүз кол кармашкан бойдон чыгып кеттик. Анын үстүнө үйдө жүрсөк да, эмне экенин билбейбиз, бирок өзүбүздөн-өзүбүз эле жылуу кийинип алган экенбиз. Ошондуктан тышка чыгып кеткенде да көп адамдардай болуп суукка урунган жокпуз. Билбейм, бизди керемет куткарды окшойт...

Андан кийин биз убактылуу жашап жаткан лагерде өрт болду. Электр жарыгын бергенде өрт чыгып кеткен экен. Биз ошол маалда лагерден алысырак жерде элек. Адамдардын паникага түшүп жатканын көрбөй, өрттөн коркпой калдык. Айтор, абдан көп керемет болду. Мисалы биз жашап жаткан үйдөн башка башка үйгө көчүп жаткан элек. Кийинки үйүбүздө бардык нерсе кыйрагандан кийин акыркы эки күн мурунку үйүбүзгө да барып баш калкалап турдук. Анткени ал жерде да анча-мынча тамак-ашыбыз бар эле. Өзүбүз да өзөк жалгап, башка студенттерге да тамак жасап берип жаттык.

Бул күндөрү баш-аягы жүздөн ашык жолу жер титиреди окшойт. Биринчиси 9 балл болду, андан кийин азайып жатты. Биз кетип атканда дагы деле титиреп жаткан. Биз чынын айтсак 5 баллдан ылдыйкыларды сезбей деле калдык окшойт...

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат, аман болуңуздар!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG