Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Жапониядан айрым кыргызстандыктар кайтууда


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Жапониядан кайтууну каалаган кыргызстандыктарды алып келүү жолдорун караштырып жатат.

Жапониядагы кыргыз элчиги ушул тапта 50 чакты адам кетүүнү каалап кайрылганын жана алардын 20га жакыны Казакстан аркылуу жакынкы убакта учуп кетиши ыктымал экенин билдирди.

11-мартта зилзаладан жана топон суудан катуу жабыркаган Жапониядан кетүүнү каалаган кыргызстандыктардын арасында Нурдин Алишеров аттуу үй-бүлөлүү студент да бар. Ал Токиодогу аба майданына жол тартып бараткан жеринен “Азаттыкка” буларды айтып берди:

- Азыр Токиого келгенбиз. Бул жакта адам көп экен, баары, метронун да жадыбалы өзгөрүп кетиптир. Мен өзүм Миядзаки деген префектурада болчум. Ошол жакта турабыз. Жапониянын Эл аралык университетинде магистратурада окуйм. Бул жакта жубайым, уулум менен 2 жылдан бери жашайм. Акыркы окуяларга байланыштуу бул жактан тез кете берсекпи деп ойлогонбуз. Казактар эвакуация кылып жатышыптыр, ошолорго кошулуп аракет жасап көрөлү дегенбиз. Биз жашаган жакта тынч эле болчу. Бирок атомдук электрстанциядан 180 километр бери жайгашкан үчүн ошол кичине коркунуч туудуруп жатат, болбосо бизде тынч эле болчу. Тамак-аштан деле кыйналган жокпуз.

Кыргызстандын Жапониядагы элчилигинин консулу Муса Кучурбаев кетүүнү каалагандарга колдон келген жардам берилип жатканын, бирок кымгуутка түшүп мекенге кайтууну каалагандар көп эместигин “Азаттыкка” билдирди:

- Биз көпчүлүк адамдарга электрондук даректери, телефондору аркылуу билдирдик. Штабда эки-үч киши болуп отурабыз. Баарына эле чалып жатабыз. Кээ бирлери эми алыс жашайт, алардын бул жакка келиши кыйын. Бирок бул жакта кымгуут түшүү деген жок. Көптөрү калып окуйбуз дегендей кылып жатышат.


Жапониядагы Кыргызстандын элчилигинин маалымдашынча, ал жакта каттоодон өткөн 135 жаран бар. Алардын элүүгө чукулу мекенине кайтууну каалап, элчиликке кайрылышкан жана кайрылгандардын басымдуу бөлүгүн балалуу жаш үй-бүлөлөр түзөт.

Жапонияда жүргөн айрым кыргызстандыктар "Азаттыкка" зилзаладан жабыркаган жерлерде алатоолук жаш үй-бүлөлөр бар экенин жана алар тамак-аштан кыйналып жатышканын билдиришкен.

Элчи Марат Жаманбаев жашаган үйүн топон суу жууп кеткен эки кыргызстандык эки үй-бүлөнү алып келүү аракеттери көрүлүп жатканын кабарлады:

- Жанагы атомдук станция авария болгон жерге жакыныраак, бирок коопсуз, ал жактан 150-200 километр бери жашаган жарандарыбыз менен байланыштык. Бирок алардын үйлөрүн цунами алып кеткен экен. Азыр аларга машина жөнөтүп жатабыз. 2 үй-бүлө экен. Аларды бул жерге алып келип алсак, биздин мамлекет учак бөлүп берсе, же болбосо башка жолдорун тапса биз Кыргызстанга кетчү 40-50 кишини жөнөтүп жибергенге даярдык көрүп, мүмкүнчүлүк болсо эле жөнөтөбүз.

Топон суунун бийиктиги 10 метрге жеткен Жапониянын Сендай шаарында жашаган кыргызстандык Аян жана Гүлзар аттуу жаш жубайлар Интернет аркылуу досторуна ал-акыбалдарын кабарлашты. Ага ылайык, жубайлардын азырынча мекенге кайтуу тууралуу ойлору жок. Аталган шаарда электр жарыгы менен суу берүү калыбына келди жана жашоо акырындап өз нугуна түшө баштады. Бирок тамак-аш маселеси курч турат экен жана жолго чыгуу да кооптуу дешет жубайлар.

11-мартта Жапонияда катуу жер силкинип, андан соң айрым аймактарын топон суу каптады. Натыйжада жүздөгөн адам өлүп, дагы миңдеген адамдардын дайыны чыкпай жатат. Жапонияда кыргызстандыктардын дээрлик көбү билим алып жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG