Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:06

Бишкекте ичинде бала бар машине уурдалды


Бишкекте ичинде бала бар автоунааны белгисиз кишилер уурдап кетишти. Машине маркасы - “Мерседес-Бенц”. Айдап качкан адам “Көк-Жар” конушуна багыт алганы айтылууда.

Шаардык милициядан “Азаттыкка” билдиришкендей, кылмыш иши 24-октябрда эртең менен болду.

Жергиликтүү тургун унаасын сыртка айдап чыгып, үйгө жумуш менен кирип-чыкканча белгисиз кишилер аны айдап кетишкен. Бала канча жашта экени жана анын ата-энеси тууралуу маалыматтар иликтөө амалдарына байланыштуу айтыла элек. (SE)

XS
SM
MD
LG