Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:29

Бишкекте алгач ирет жапон куурчактарынын көргөзмөсү Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өтүүдө. Жетимиш экспонаттан турган бул куурчактар дүйнө жүзүн кыдырып, жапон мамлекеттик идеологиясына өзөк болгон элдик маданияты менен тарыхын даңазалап келатат.

Куурчактарга жапондордун улуттук кийимдеринин түрү кийгизилген. Алар- чачтары көркөмдүү жасалгаланган айымдар, кылыччан самурайлар, казылары чаначтай сумо балбандары, мотурайган кичинекей наристелер. Куурчак ханыша менен падыша баш болгон не бир сонун таң каларлык бейнелер, жапон элинин жандуу көчүрмөсү сыяктанат. Негизи куурчактар жапон элинин жашоосунда абдан чоң мааниге ээ экен. Жапон элчилигинин кызматкери Нурсулуу Табалдиева куурчактардын жапон элинин турмушундагы ордун мындайча түшүндүрдү:

- Императордун үй-бүлөсүндө бала төрөлдүбү ошол баланын жанына да куурчак коюшат. Эмнеге дегенде ал “баланы сактоочу күч” – жамандыктарды кууйт дешет.

Мындай салт жапондордун бардык үй-бүлөсүндө бар. Балага жыл сайын майрамдалчу кыздардын жана эркек балдардын күнүндө куурчак белекке берилет. Ал куурчактар топтоло берип, кийин муундан муунга өтөрүн айтты Нурсулуу Табалдиева:

- Хина куурчактары хина-кыздардын майрамына карата коюлат. Ал куурчактардын арасында сөзсүз император жана императрица болушу керек. Куурчактардын баасын анын кийип турган кимоносу жана чачынын жасалгасына жараша билсек болот.

Жапон элинин жашоосунда салтка айланган бул куурчактардын тарыхый мааниси - куурчактар коюлчу ар бир үйдөгү текчеге ханыша менен падышанын сөз жок коюлушунда. Бул - мамлекет менен үй-бүлө биримдигин, ата-энелүү мамлекет да үй-бүлө сыңары экендигин жаңы келаткан жаш муундарга кичинесинен таанытуу идеологиясын бекемдейт. Ошондой эле, ал куурчактар өткөн кылымдардагы улуттук кийим-кече, чач жасалгаларынын маданиятын, буюм-тайымдарды нукура түрүндө сактап, жаштарга эстетикалык бийик, көркөм деңгээлде колмо-кол өткөрүп берет. Алгачкы куурчактар жапондордун байыркы Нара доорунда, мурдагы борбор шаары Киотодо пайда болгон экен. Ал кезде бул байыркы шаар Оң борбор, Сол борбор деген эки бөлүктөн турган. Куурчактарды ал кезде ырым-жырым катары пайдалануу күч болгон:

- Кагаздан жасалган куурчактарды адам өзүнүн ооруган жерлерине басып, мисалы үчүн жүрөгү ооруса жүрөгүнө, башы ооруса башына коюп туруп, кагаздан жасалган куурчактарды сууга коё беришкен, дарыяларга, ырымдап. Ошондо ал кишидеги болгон жамандыктар, оорулар кетет деп ишенишкен.

Мындай ырым азыр да бар. Андан тышкары куурчактардын көркөм искусстводо да орду бар. Ал – салттуу жапон театрларынын куурчактары.

-“Но” театрынын куурчактары, “Бонраку” театрынын, “Кабуки” театрынын куурчактары. "Кабукиде" аял кишини дайым эркектер аткарат. Абдан сонун тигилген кимонону кийип, чач жасалгалары менен чыкканда эркектерди аял кишидей эле кабыл алышат. "Но" куурчактары болсо маска кийип алышып, кыймыл-аракеттери аркылуу аткарышат. Комедиялар театры "Бонракуда" куурчактар ойнойт. Беш-алты киши бир куурчакты кармап, кыймылдатып, кайгырып атабы, кубанып атабыошону бергенге аракет кылышат, - деп маалымат берди Нурсулуу Табалдиева.

Кыргыз кыздары өз колдору менен жасап ойногон чий куурчактардан айырмаланып, бул куурчактар чоподон куюлуп, же жыгачтан жонулуп, чебер устаттардын, уздардын колдору менен жасалат. Жапон элчилигинин дагы бир кызматкери Урмат Токтогулов буларды кошумчалады:

- Бул куурчактар дүйнө жүзүнүн баарын кыдырып, Жапониянын маданиятын, салтын көргөзүп келген куурчактар. Жапониянын ушул куурчактар аркылуу тарыхын дагы, маданиятын да түшүнсө болот. Бул куурчактарды атайын чеберлер жасайт, баасы абдан кымбат.

Кыргызстанда жапон маданиятынын күндөрү ар жыл сайын өтүп келет. Бул жолу Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өтүп жаткан куурчак көргөзмөсү 21-мартка чейин созулмакчы.

XS
SM
MD
LG