Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:20

Жазды чакырган Jazz


Жаз музыкасынын кечесинде Американын 60-жылдардагы маанайы бийлеп турду. Сүрөттөр Айбек Асылбековдуку
Жаз музыкасынын кечесинде Американын 60-жылдардагы маанайы бийлеп турду. Сүрөттөр Айбек Асылбековдуку

Бишкектик "Туздуу жаңгактар" тобу америкалык атактуу жаз музыканттардын чыгармаларын "Жаз сүрөттөрү" кечесинде ойноп берди.

Жапониянын белгилүү жазуучусу Харуки Мураками өзүнүн постмодерн стилиндеги чыгармаларынан сырткары жаз музыкасын абдан жакшы көргөн киши катары таанымал. Анын коллекциясында 40 миңге жакын жаздын пластинкасы бар.

Бир жолу Мураками жапон сүрөтчүсү Макото Ваданын Jazz деген сүрөт көргөзмөсүнөн өзү суктанып жүргөн америкалык атактуу жаз музыканттарынын колго тартылган сүрөттөрүн көрүп, ар бирине эссе жазган. Бул таасир “Жаз сүрөттөрү” же Portrait in Jazz деген китепти жазууга шыктандырат.

Репортажды толугу менен бул жерден угуңуз:



Мураками өзүнүн жеке стилине коошпогондой көрүнгөн бул китепте атактуу жаз музыканттары Чарли Паркердин, Орнет Колмандын, Нэт Кинг-Коулдун, Билли Эванстын жана башкалардын сүйүктүү чыгармаларын угуп, ар бирин сүрөттөп, өзгөчөлүктөрүн белгилеп, сезимдери менен бөлүшүп, окурманды чогуу угууга чакырат.

1997-жылы китептин биринчи бөлүгү, 2001-жылы экинчиси чыккан.

Бишкектеги жаз музыкасынын кечесинде Американын 60-жылдардагы маанайы сезилип турду.

“Цех” лофттун чакан бөлмөсүнүн бурчунда кеченин алып баруучусу Максим Полетаев Муракаминин китебинен үзүндүнү окуп берип, конокторду жаздын сыйкырдуу дүйнөсүнө чакырды.
Жазды чакырган Jazz кечеси
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:07 0:00


Бул чакан бөлмөдө элүү чакты, ашып кетсе жетимиштей конок ыңгайлуу орун алып, кызыл жана ак винодон ууртап, музыканын ыргагы менен кошо кыймылдап, ырахат алып жатышты.

Ал эми америкалык атактуу жаз музыканттардын чыгармаларын ошондой эле ырахат менен кыргызстандык “Туздуу жаңгактар” деген топ өз аспаптарында берилип ойноп жатышты.

“Туздуу жаңгактар” (Salt Peanuts) - Кыргызстанда жаз музыкасын ойногон саналуу топтордун бири.

10 жыл мурун түзүлгөн топто музыканттар жалгыз гана америкалык стилдеги жаз музыкасын жаратпастан, комуз же башка кыргыздын аспаптарында ар кандай чыгармаларды угармандарына тартуулашат.

Топтун жетекчиси Бакыт Кыдыкбаевдин айтымында, жаз башка стилдерге караганда импровизацияга даярдыгы, ар кандай жаңы табылгаларга жөндөмү менен өзүнө тартат.

- Жергиликтүү тургундар жаз музыкасына кызыгып атышат, бирок үстүртөдөн гана. Жаз фестивалы болгондо аншлаг болот, бирок терең түшүнүп, терең угуп, аны сезгендер аз. Ал эми музыканттар тууралуу айтсак, жазга кызыгып ойноп жатышат, бирок кесипкөй болуш үчүн билим керек. Ал үчүн окутуш керек, бир жумада жок дегенде эки-үч жолу келип машыкканга сахна болуш керек, чөйрө керек. Тилекке каршы азырынча алар жок.

Бакыт өзү болсо жаз музыкасына тээ 80-жылдары эле кызыга баштаптыр. Совет доорунда бул стиль жактырылбагандыктан, Бакыт “Америка добушу” радиосунан атактуу жаз музыканттардын чыгармаларын угуп, өзү жазып, кийин топ түзгөн.

Бирок жаз музыкасына Бишкекте көбүнчө улуу муун эле кызыгат деген болбойт болуш керек, анткени жаздын бул кечесинде көбүнчө жаштар отурду. Алардын арасында Айчүрөк Расул кызы да болду.

- Менимче бул музыканы интеллектуалдык деңгээли бийик адамдар угат. Абдан жагат.

Харуки Муракаминин китебинде камтылган бир топ жаз музыканттардын чыгармаларын, албетте, бир сааттык кечеде батыра албайсың.

Мындай жаз кечеси “Цех” лофтто алгач 2011-жылы болгон. Экинчиси былтыр, ал эми үчүнчү, жыйынтыктоочу кече быйыл апрелде өтүп жатат.

Жаз музыкасы сайран курган бул кечеден кеткиси келбеген күйөрмандар өз таасирлери менен бөлүшүп, баарлашып, бул жайда дагы далайга отурушту.
XS
SM
MD
LG