Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:31

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги крым татарларынын лидери, Мустафа Жемилевдун айткандары боюнча Украинанын Тышкы иштер министрлигине нааразылык нотасын жолдоду.

Крым татарларынын Межлисинин мурдагы төрагасы Мустафа Жемилев жана анын кеңешчиси Рустем Умеров 2-июнда Бишкектеги миграция маселелерине арналган эл аралык конференцияга катышуу үчүн келген. “Манас" аэропортуна конгондо чек арачылар аны жана кеңешчисин үч саатка жакын кармаганын айтып чыккан.

Ички иштер министрлиги бул фактыны ырастап, Умеровго аты-жөнү окшош адам издөөдө болгону үчүн текшерилип, коё берилгенин билдирген. Бул окуяны Ички иштер министрлиги түшүнбөстүк деп атап, кечирим сураган. Жемилев Фейсбуктагы баракчасына бул аракетти “Кыргызстандын кожоюндарынын заказы” деп атаган. Ал “Кыргызстандын кожоюндары” деп Орусияны ишара кылган эле.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинага жөнөткөн нааразылык нотасында Мустафа Жемилевдин бул билдирүүсүн орунсуз жана өлкө эгемендигине шек келтирет деп атады. Министрлик бул сөздөр кыргыз-украин мамилесине доо кетириши мүмкүн экенин белгилейт.

Башкы дипломатиялык мекеменин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркулов нааразылык жөнөтүүнүн себебин мындайча түшүндүрдү:

- Нотада Кыргызстандын эгемендигине шек келтирүүгө эч кимдин акысы жок экени айтылган. Достук мамиледеги бир өлкөнүн мамлекеттик ишмери, парламентинин мүчөсү башка өлкөнүн эгемендигине баа бериши эл аралык дипломатиянын эрежелерине туура келбейт. Ошондуктан өз позициябызды билдирүүнү чечтик.

Бул окуя Кыргызстанда өзү чакырган адамдарды өзү кабыл албаган тартиби жок өлкө катары көрсөттү.

Мындан улам Кыргызстан Жемилевдин билдирүүлөрү үчүн Украинанын Тышкы иштер министрлигинен жана парламентинен түшүндүрмө талап кылган.

Мустафа Жемилев “Азаттыкка” курган маегинде Тышкы иштер министрлигинин нотасын “кыргыз бийлигинин Орусияга жагынуу кадамы” деп атады:

- Мен Кыргызстандын жетекчилигинин Орусияга жагынуу аракетин түшүнөм. Бирок таратылган билдирүү логикалык жактан ырааттуу болушу керек. Бул кырдаалда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги эмес, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратса туура болмок. “Москва кандайдыр бир аракетти туура эмес деп эсептейт, депутат Жемилев болбогон нерсени ойлоп чыгарып жатат” деген сыяктуу. Экинчиден, Кыргызстандын расмий органдары өз күнөөсүн моюнуна алып, туура эмес аракети үчүн кечирим сурады. Муну да эске алуу керек. Мындай жол менен кыргыз бийликтери Орусияны актоо аракетин көрүп жатат.

Жемилев Орусиянын тапшырмасы менен бул сыяктуу бут тосууларга бир катар өлкөлөрдө кабылганын кошумчалады. Ал ошондой эле тууган Кыргызстанга жамандык каалабай турганын, бирок Москвага көз каранды болуп жатканына өкүнгөнүн билдирди.

Талкууга жем таштаган окуя

Ал ортодо Жемилевдин Бишкекке сапарындагы окуя коомчулукта ар кыл талкууларга жол ачты. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев Жемилевдин жардамчысынын кармалышы “техникалык гана маселе” болгонун, аны саясатташтырууга кажет жок экенин айтат:

- Бул жерде эч кандай саясий буйрук болгон эмес. Ички иштер министрлиги деле кандайдыр бир так эместиктин айынан ал аэропортто 30 мүнөт кармалып калганын түшүндүрдү. Үч саат эмес. Бирок аны саясатташтырып, Москванын буйругу менен кармалды дегенге эч кандай негиз жок. Жемилев мырза Европа парламенттик ассамблеясынын мүчөсү катары Жогорку Кеңештин вице-спикеринин чакыруусу менен келген. Анын өзүбүз чакырып алып, өзүбүз кармамак белек?

Азиза Абдрасулова

Азиза Абдрасулова

Ал эми укук коргоочу Азиза Абдирасулова Жемилевго байланышкан окуя “Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө караганда демократиялуу деп саналган Кыргызстандын эл аралык чөйрөдөгү кадыр-баркына көлөкө түшүрдү” дейт:

- Жемилев Украина парламентинин эле мүчөсү эмес. Ал Европа парламенттер аралык ассамблеясынын мүчөсү. Ал Кыргызстанга өз иши менен эмес, дал ушундай кадыр-барктуу уюмдун өкүлү катары көйгөйлүү маселеге арналган конференцияга катышуу үчүн келди. Ал эми Кыргызстан болсо буюмдан ар кыл каржылык жардамдарды алып келет. Ошондуктан бул окуя Кыргызстанда өзү чакырган адамдарды өзү кабыл албаган тартиби жок өлкө катары көрсөттү. Муну менен катар өзүнөн экономикасы күчтүү өлкөлөрдүн жетегине барышы мүмкүн деген күмөн ойду пайда кылды.

72 жаштагы Мустафа Жемилев эки жылдан бери талаштын чордонуна айланган Крым жарым аралындагы крым-татарларынын лидери. Өзүн Крымдын түпкүлүктүү эли деп санаган жана азыр калктын 12% түзгөн татарлар былтыркы референдумга кескин түрдө каршы чыгып, добуш берүүгө бойкот жарыялашкан.

Жемилев Орусиянын Крымды аннексиялап алуусун кескин сындап келет. Бул үчүн орус бийликтери Жемилевдун беш жылга чейин жарым аралга киришине тыюу салган.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG