Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:34

Баалуу мурастарга көз арткандар арбын


Лондондогу белгилүү «Сотбис» аукционунда сатылган Кыргызстандан барган V кылымдагы зер буюмдар.

Лондондогу белгилүү «Сотбис» аукционунда сатылган Кыргызстандан барган V кылымдагы зер буюмдар.

Лондондогу «Сотбис» аукционунда төрт жүз миң долларга сатылган “V кылымдагы Гун дооруна таандык” деген зер буюмдар Кыргызстандан барганы маалымдалган.

Чек арадан кантип чыгып кеткени белгисиз азем буюмдар өлкөдөгү тарыхый мурастар боюнча талылуу суроолорго жем таштады. Адистердин айтымында, учурда Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз казуу иштерин жүргүзүп жаткан “кара археологдордун” тобу бар.

Кыргызстан зер буюмдардын сүрөтүн гана көргөн

«Сотбис» аукцион үйүнүн сайты «Бул буюмдар Сансызбай Үмүткорго тиешелүү болгон. Ал зер буюмдарды 1890-1895-жылдары алган. Андан кийин муундан - муунга өтүп, үй-бүлөлүк мурас болуп келген. Алар 1939-жылы Сансызбайдын небереси Зария Үмүткорго өткөн. 1967-жылы Зария Үмүткор өзүнүн кызынын үлпөт тоюнда буюмдарды белек катары берген. 2013-жылы алар Словакияга экспорттолгон», - деп кабарлады.

«Сотбис» аукционунда сатылган V кылымдагы зер буюмдар.

«Сотбис» аукционунда сатылган V кылымдагы зер буюмдар.

Так ошо 2013-жылы Маданият министрлигинин тарыхый мурастарды өлкөгө киргизүү жана чыгаруу боюнча жооптуу бөлүмүндө иштеп турган Дамира Алышбаева чындап эле аталган министрликке Словакиядан бул буюмдарга аныктама берүү боюнча кайрылуу болгонун ырастады. Бирок ал тарыхый мурастардын өзүн көргөн эмес.

- Биз буюмдардын өзүн көрбөй, колубуз менен кармабай туруп эксперттик жыйынтык чыгаруудан баш тартканбыз. Бирок алар аталган зер буюмдар чет өлкөдө экенин айтышкан. Андыктан биз фотосүрөткө карата эксперт чыгарып жатканыбызды баса белгилеп, “мындай буюмдарды Кытай чек арасынан баштап Байкалга чейинки аралыктан кездештирүүгө болот” деген гана маалымат бергенбиз. Аны кайсы бир мамлекетке чыгаруу же киргизүү тууралуу макулдашуу болгон эмес. Интерпол аркылуу жогорудагы баалуу мурастар Кыргызстандагы музейлерден уурдалбаганы тастыкталган.

Муну менен бирге Алышбаева Маданият министрлигинен тарыхый зер буюмдарды Кыргызстандан чыгарып кетүүгө расмий уруксат берилбей турганын, бирок жеке адамдар тарабынан жашыруун түрдө алынып кеткен учурлар да болорун кошумчалады. Анын баамында, аталган буюмдар Кыргызстандан уруксатсыз чыгып кеткен, же буга чейин эле Словакияда болгон.

Маданият министрлигинин тарыхый мурастар боюнча башкы адиси Чынарбек Жолдошевдин айтымында, мыйзам боюнча тарыхый мурас деп табылган заттар жеке адамга тиешелүү болгон күндө да өлкөнүн чегинен сыртка чыгарылбашы керек.

- Музейдин фондуна кирген заттар сыртка бир гана максат менен - көргөзмө учурунда же изилдөө иштерине байланыштуу гана чыгарылышы мүмкүн. Сиздер билесиздер, бизде 1999-жылы кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын тарыхый мурастарды коргоо жана сактоо жөнүндөгү" атайын мыйзамы бар. Анын негизинде 2002-жылы кабыл алынган тарыхый мурастарды эсепке алуу, коргоо боюнча өкмөттүн токтому ишке ашырылат. Ошол эле учурда тарыхый мурастарды чет өлкөгө алып кетүү боюнча өкмөттүн 2003-жылдагы токтому да бар.

Бирок Чынарбек Жолдошев өткөн жумада Лондондо сатылган “Кыргызстандан алынып барылган” деген буюмдар тууралуу маалыматы жок экенин, алардын бөлүмү кыймылсыз тарыхый мурастар үчүн гана жооптуу экенин билдирди.

Маданий мурас “мафиясы”

Окумуштуулар Кыргызстандын аймагындагы тарыхый археологиялык жайлардан казылып алынган көптөгөн антиквардык, тарыхый баалуулугу жогору буюмдарды сыртка ташып, сатуу менен алектенген адамдарга карата учурда кандайдыр бир чаралар көрүлбөй жаткандыгына нааразы. Тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун айтымында, ушу кезде Кыргызстанда каракчылык жол менен тарыхый жайларды казып, анын ичинен чыккан табылгаларды сыртка сатуу менен шугулданган атайын топтор бар.

- Бүгүнкү күндө заманбап үлгүдөгү техникалар менен Кыргызстандын аймагын изилдеп, кымбат машиналары менен тоо-ташты кыдырып, баалуу буюмдарды издеп жүргөндөр бар. Аларды көзөмөлдөгөн эч ким жок. Жер-жерлердеги бийлик өкүлдөрүнүн жана элдин басымдуу бөлүгүнүн тарыхый сабатсыздыгы да буга кошумча болууда. Бул багытта Маданият министрлигинин эле иш-аракети жетишсиз, аларга укук коргоо органдары да жардамга келиши керек. Биз бул боюнча жогору жакка далай жолу кайрылуу жаздык. Бирок натыйжалуу жооп болбой келет. Азыр Кыргызстанда тарыхый, эски буюм-тайымдарды саткан үч дүкөн иштеп жатат.

Молдокасымовдун пикиринде, мамлекеттеги тарыхый эстеликтерди сактоо жана коргоо иштерин жакшыртууга багытталган саясатты өзгөртүү абзел. Эгерде эстеликтерди сактап калуу үчүн мамлекеттик деңгээлде ыкчам аракеттер жасалбаса, алардан таптакыр кол жууп калабыз дейт ал.

Илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институтунун илимий кызматкери Айдай Сулайманова учурда “кара археологдорду” көп эле кездештирүү мүмкүн экенин айтууда:

- Жакында Бишкектеги бир тарыхый аймакты казуу иштерин жүргүзүп жатканда ары жакта кымбат автоунаалары менен “кара археологдор” турду. Бизден жүзүн жашырып жатышты. Алар тууралуу милицияга да арыздана албайсың. Себеби акчасы көп. Аларга акча берип коет.

Сулайманованын пикиринде, өлкө аймагынан табылган тарыхый баалуулуктарга ар бир атуул мекенчилдик менен мамиле кылуусу абзел. Себеби, мамлекеттин жеке адамдардын колундагы тарыхый мурастарды сатып алууга мүмкүнчүлүгү чектелүү.

Кыргызстанда археологиялык эстеликтерди өз кызыкчылыгында казуу, тарыхый баалуулугу бар буюмдарды сыртка алып чыгуу үчүн кылмыш жообуна тартуу боюнча мыйзам бар. Бирок бул мыйзам боюнча эч ким жазалана элек.

Сөз жүрүшүндө Айдай Сулайманова окумуштуу катары Лондондо сатылган “V кылымдагы” деп белгиленген зер буюмдардын археологиялык казуулардан улам табылганына ынанбай турганын да кошумчалады. Бул боюнча атайын эксперттик комиссия иштеши керек дейт ал. Анын айтымында, сапатына караганда бул буюмдар кийинки мезгилде эле атайын бирөөлөргө арналып жасалган.

Анткен менен айрым адистер так ошондой ажыдаардын келбети түшүрүлгөн буюмдар өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарынын акырында Чүй жергесинен табылганын белгилеп жатышат.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG