Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:36

Парламентте кайсы фракция начар иштейт?


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

"Демократия жана жарандык коом үчүн" бейөкмөт уюму Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү боюнча мониторинг жүргүзүп, мыкты жана начар иштеген фракциялар менен депутаттарды аныктады.

Адистер парламенттин 2011-жылдын январь айынан 2014-жылдын декабрына чейинки ишмердүүлүгүн анализдеген. ​Анын жыйынтыгы 14-апрелде Бишкектеги “Парк отель” комплексинде коомчулукка жарыяланат. Долбоордун координатору Диана Макенбаева мониторинг тууралуу “Азаттыкка” айтып берди:

“Азаттык”: Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө мониторинг кандай ыкмада жүргүзүлдү?

Макенбаева: Байкоо жүргүзүү иштери негизинен парламенттин сайтындагы кабарлардын, билдирүүлөрдүн негизинде болду. Төрт жыл бою парламент кандай иштерди аткарганын, жыйындарда кайсыл маселелер көтөрүлгөнүн сайттагы жадыбалдан карап турдук. Мыйзам чыгаруу жараянынын жүрүшүнө көз салып, атайын жадыбал түздүк. Ага кайсыл депутат кандай мыйзамды сунуштаганын жазып турдук. Жогорку Кеңештин сайтына депутаттардын жолугушуулары, жасаган иштери тууралуу да кабарлар чыгат эмеспи, аларды да окуп, тыянак чыгардык.

“Азаттык”: Байкоо жүргүзүү сайтка жарыяланган билдирүүлөрдүн негизинде гана болдубу?

Макенабаева: Жок, биз айрым маселелерде депутаттардын өзү менен да байланыштык. Анткени, парламенттин иши тууралуу сайттан толук маалымат табуу кыйын. Ошондуктан, депутаттарга суроолорубузду атайын суроо-талаптын негизинде да жиберип турдук. Бирок өз убагында жооп ала албаган учурлар көп болду.

“Азаттык”: Демек, депутаттардын өзүнөн маалымат алуу кыйынчылык жараткан турбайбы?

Макенбаева: Ооба. Негизи, мыйзам боюнча жарандар же уюмдар жазган суроо-талапка депутат бир ай ичинде жооп бериши керек. Тилекке каршы, биздин суроолорго айрым депутаттар үч айга чейин жооп бербеген учурлар болду. Кээде аларга кайра-кайра чалып, же жардамчыларына байланышып, жооп алганга аракет жасадык.

“Азаттык”: Байкоонун жыйынтыгында парламентке кандай баа берилди?

Макенбаева: Бул суроого кеңири маалыматты Бишкекте 14-апрелде өтө турган жыйында беребиз. Азыр учкай эле айта турган болсом, соңку төрт жылда “Ар-намыс” фракциясы 590 мыйзам долбоорун сунуштаптыр. Ал эми “Республика” фракциясындагылар демилгелеген мыйзамдардын саны – 202. Биз фракциялар арасында салыштыруу жүргүзүп, активдүү жана пассивдүү көрсөткүчтөрдү аныктадык. Биздин байкообуз боюнча эң аз мыйзамды “Республика” фракциясынын депутаттары жазган.

“Азаттык”: Фракциялардагы депутаттардын саны да эске алындыбы?

Макенбаева: Албетте, аны эске алдык. Биз фракциялар арасында эле эмес, депутаттар арасында да салыштырууларды жасадык. Мисалга айта турган болсом, 2011-2014-жылдар аралыгында Өмүрбек Текебаев 70тен ашуун, Дастан Бекешов 62, Галина Скрипкина 45, Курмантай Абдиев 42 мыйзам сунуштап, лидер болушкан. Өтө начар көрсөткүчтөгү депутаттарды, демилгесиз иштегендерди мониторинг жыйынтыгына арналган жыйында жарыялайбыз.

“Азаттык”: Мониторингдин жыйынтыгы парламентке сунушталабы?

Макенбаева: Жогорку Кеңешке берилет. Жыйынга депутаттарды чакырганбыз. Алардын өздөрүнө да айтып, коомчулуктун сунуштарын, сын-пикирлерин жеткиребиз. Биздин ишибиз эл өкүлдөрүн да кызыктырат деп ойлойбуз. Анткени, төрт жылда канча ачык жыйын, канча жабык жыйын болгонун өздөрү да жакшы эстей албаса керек. Биз берген маалыматтан соң парламенттин сайтынын иши да жанданат деп ойлойбуз.

XS
SM
MD
LG