Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:21

(Парламентаризм урааны жана утурумдук мүдөөлөр)

Сөөктөн өткөрө, чучукка жеткире айтылган сөздөрдү азыркы «элита» түшүнбөйт. Түшүнсө да уялбайт – бети бетондон калың. Мисалы, «күчүң болсо акылдын кереги жок» («сила есть, ума не надо») деген орусча какшык кеп бар. «Заманаң бөрү болсо бөрү бол» деп кыргыз акең да катуу айтып салган.

Азыр акчаң болсо, абийирдин да, намыстын да кереги жок деген эргулдардын заманы болуп бараткандай. Бул, албетте, ким күчтүүлүк кылса, ошонун камчысын чапкан ээрчиме, оома пенделердин деңгээлине туура келет. Бирок улут көчүн баштайбыз деп чыккан, башкалардан мыктыбыз деп шайланган партиялардын кадыр-баркы базардан кийип үйгө жеткенче таманы ажырап калган өтүктөй болуп баратканы өтө өкүнүчтүү.

«Көч башылардын» көздөгөнү эмне?

2010-жылы бийликти алмаштырууга элди ынандырган негизги саясий ураандардын бири – президенттик тутумга салыштырмалуу парламенттик башкаруу кыйла демократиялуу деген жүйө. Жеке адамдын (президенттин) бийлиги калыс болушу кыйын, дээрлик мүмкүн эмес деп Алмазбек Атамбаев менен азыркы Конституциянын демилгечиси Өмүрбек Текебаев далай ирет айтышкан. Алар азыр деле бул идеядан кайта элек сыяктанат.

Дүйнөдөгү саясий өзгөрүүлөргө сереп салган адистер көпчүлүк мамлекеттердин тажрыйбасына таянып, кесипкөй, акылдуу, намыстуу, кыраакы парламент нукура элдик бийликти жүзөгө ашырууга жакшы өбөлгө түзөрүн далилдеп келишет.

Бирок биздин өкүлчүлүктүү бийлик канчалык намыстуу, канчалык таза? Аткаруу бийлигинин үстүнөн элдик көзөмөлдү бекемдөөнүн башкы таянычы делген Жогорку Кеңештин өзүн карөзгөйлүктүн очогуна, мандат соодалаган чайкоо базарга айлантып, бул аркылуу парламентаризм принцибин жаманатты кылууга, жеке бийлик (диктатура) болмоюнча тартип орнобойт деген кыйды «ойду» астыртан элге таңуулашка кимдир бирөөлөр катуу кызыгып калган жокпу?..

Саясий маданият жок жерде

Шайлоодо добуштарды ачык да, тымызын да, бир-бирден да, дүңүнөн («оптом») да сатып алган мыкты чыкмалар мандатты товар катары көрүшөт. Кооз сөздөрдү, дүңгүрөк ураандарды беткаптай пайдаланган шылуундар шайлоодо чачкан каражатын бир нече эселентип кайтарып алуу үчүн баарына даяр.

«Депутат болуп өлсөм арманым жок», - дегендерге чайкоочу партиялар бир мөөнөт аралыгында бир мандатты төрт-беш талапкерге сатып үлгүрүшү мүмкүн.

Мандат соодасы же талашы дээрлик бардык партияларда бар. Айрыкча аты-жыты жок жүрүп, шайлоо башталарда эле чыга калган (мисалы, «Кыргызстан») же «кечүүдөн өткөнгө чейин» учкашкан бир аз «эски» (мисалы, «Республика Ата-Журт») партияларда утурумдук тар кызыкчылыктар оркоюп көрүнүп калууда.

Туруктуу биримдик катары кристалдашууга үлгүрбөгөн, ички ынтымагы, алысты көздөгөн максаты, бийик мүдөөсү жок, утурумдук пайдакечтикке гана негизделген, жасалма топтордун деңгээли, «маданияты» ушул.

Ал эми «Ата Мекен» жана КСДП сыяктуу «аксакал» партияларда мандат соодасы көмүскө жүрөт, алар талаш-тартышты көбүнчө «кол сынса жең ичинде, баш сынса бөрк алдында» дегендей ичкериден тынчытууга аракеттенишет. Бирок булардын да тизмесине сергек көз салып, ар бир депутаттын айтканы менен кылганын салыштырып, баскан-турганын элге толугу менен көрсөтүп туруу абзел.

Козу карын парттизме

Кайсы партиянын адеп-ахлактык баркы, саясий салмагы, интеллектуалдык дарамети канчалык экендигин эл таразалайт. Кимисинин тизмеси канчалык таза? Шайлоо өнөктүгү деген «нөшөрдү» утурлай жамырап чыккан козу карындардын кайсынысы жегиликтүү, кайсынысы уулуу? Же «товардык өң бериш үчүн» аттепек толтурулган себеттин үстүн тазараак козу карындар менен жаап коюшабы? Эл алдында анча-мынча кадыры бар таанымал адамдардын атын тизменин баш жагына жазып, «эшек ылайдан өткөн» соң, аларды «өз арызы менен» кетирип жатышкан жокпу? Же ошол кишилер арам акчага азгырылгандыктан көз боёмочулукка катышканбы?

Мыйзам үстөмдүгүн чыңдоого, коомдо адилеттиктин кепили болууга чакырылган депутаттар өздөрү баштап мыйзамды бузуп, тебелеп-тепсеп жатса, анда алар жактаган саясий бирикмелерди партия эмес, көз боёмо алдамчылардын, өз ара ыркырашкан адепсиздердин, наадандардын тобу десе жарашат. Буларга караганда ички тартиби, баары тегиз баш ийген эрежелери бар каракчылар өйдө.

Кыстырма: “Кыргызстанда козу карындардын 2100дөн ашык түрү белгилүү, андан ичкери тамак-аш катары колдонулуучу 98 түрү аныкталган. Козу карындардын көбү өсүмдүк илдетин, айрымдары адам ооруларын (таз, трихофития, кандидомикоз жана башкалар) пайда кылат. Айрымдарынан витамин, антибиотик, лимон кислотасы жана башкалар алынат. Ачыткы козу карындар нан, пиво ачытууда керектелет. Уу бөлүп чыгаруучулары да бар. Айрым түрү жыгач курулуштарын бузат, сактаган мөмөлөрдү, техникалык өсүмдүктөрдү чиритет”.

Эмне кылуу керек?

Партиялар турмушта тутунган туруктуу позициясы бар санаалаш адамдардын идеялык бекем биримдигине негизделбесе, парламент алдамчылардын чайкоо базарына айланып каларын өз көзүбүз менен көрдүк.

Өзүн сыйлаган, пас мүдөөлөрдү эмес, элге кызмат кылууну көздөгөн партиялар мыйзам бузуучуларды, элге жаман өрнөк көрсөтүүчүлөрдү, коомдук адеп-ахлакка терс таасир тийгизе турган бузукуларды өз катарында бир саат да койбошу керек. Ал эми кара мүртөздүктөн арылуунун ордуна мамлекеттин мыйзам чыгаруу бийлигин жаманатты кылган партиялар толук тизмеси менен мандаттан кол жуугудай кылып, Шайлоо кодексине тийиштүү жоболорду киргизбесе болбой калды.

Ачык-айкындыкты камсыздоо үчүн кол телефондон тартып диктофон, видеокамера ж.б. каражаттарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернетти – болгон мүмкүнчүлүктөрдүн баарын пайдалануу керек. «Жабык эшик артында» өткөрүлгөн отурумдар жекече же корпоративдик кызыкчылыктарды көздөгөнү аныкталган учурларда уюштуруучуларга жазык чарасы көрүлүп, катышуучуларга административдик жаза берилиши абзел.

Мыйзам чыгаруучулар өкмөттүн ишин толук көзөмөлдөп, парламентте каалагандай пикирин тартынбай айта алышы, бийлиги күчтүү, байлыгы чоң дөөлөрдү сындаганы үчүн куугунтуктан корголушу керек. Ошол эле учурда мыйзам бузган депутаттар башкаларга салыштырмалуу эки эсе катуу жоопко тартылышы, б.а. ыйгарым укукка жараша жоопкерчилик күчөтүлүшү зарыл.

Кимдир бирөөгө жагабы-жакпайбы, кайсы бир күчтөр каалайбы-каалабайбы, акыйкат үчүн эки ирет революция жасаган элибиз эми демократиялык жолдон кайтпайт. Эси жокторду тайраңдатып койбойт.

Жолдош Турдубаев, публицист

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG