Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:17

Журналисттер союзуна экинчи өмүр берилеби?


Журналисттер. Кыргызстан. 2016-жыл
Журналисттер. Кыргызстан. 2016-жыл

Демилгечи топтун мүчөлөрү 29-январда Бишкекте чоң жыйын өткөрүп, ага жер-жерлерден да көптөгөн калем ээлерини катышары айтылууда.

Калем ээлеринин бирикмесинин азыркы жетекчилиги жетиштүү деңгээлде иш жүргүзбөй жатканына байланыштуу, союздун мүчөлөрү съезд өткөрүп, жетекчини алмаштыруу маселесин кабыргасынан койгону жатат. Ал ортодо журналисттер союзунун жетекчилиги төраганы алмаштыруу жол-жобосу бар экенин айтып, кезексиз жыйынды тааныбай турганын билдирүүдө.

Журналисттер союзун кайрадан жандантуу маселеси акыркы эки жылдан бери көтөрүлүп келет. Демилгечи топтун бири, журналист Авлан Жумабаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, азыркы журналисттер союзу жетиштүү иш алып барбай, калем ээлерин бириктирип, кесиптик чеберчилигин арттыруу вазийпасынан тайып кетти.

- Биз эки жыл мурун Ысык-Көл жана Ошто журналисттер менен жолугуп, көп маселелерди көтөргөнбүз. Анын ичинде журналисттер союзун жандандыруу боюнча дагы сөздөр болгон. Андан бери бирикменин жетекчилерине айтып келгенибиз менен эч кандай жылыш болгон жок. Биз жакшы эле күттүк. Эми өз күчүбүз менен журналисттерди чогултуп, союздун ишин кайра жандантуу маселесин көтөрүп жатабыз.

Төраганын өзүмбилемдиги

Журналисттер союзун жандандыруу боюнча демилгечи топтун мүчөлөрү 29-январда Бишкекте чоң жыйын өткөрүп, ага жер-жерлерден да көптөгөн калем ээлеринин катышуусу күтүлүүдө.

1979-жылдан бери журналисттер союзунун мүчөсү, журналист Үсөн Касыбековдун билдиришинче, кошуундун съезди өлкө эгемендик алгандан бери бир да жолу өткөн эмес. Натыйжада журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаевдин жылдык баяндамасы угулбай келүүдө. Бирок жыйырма жылдан ашык убакыттан бери кошуундун төрагасы Султанбаев расмий документтерге кол коюп, журналисттер союзунун аркасы менен өз кызыкчылыгын ишке ашырып жатат дейт.

Үсөн Касыбеков
Үсөн Касыбеков

- Журналисттер союзунун төрагасын алмаштыруу эбак бышып жетилген маселе. Уюмдун расмий мөөрү дайыма анын колунда экен. Ошондуктан мамлекеттик сыйлыктарга журналисттерди көрсөтүү маселесине келгенде, ал жең алдынан эле чечимди чыгарып коюшу мүмкүн. Негизинен журналисттер кошуунунун төрагасы ар беш жылда бир курултайын өткөрбөй келгени үчүн уставды бузду. Ушунун негизинде эле аны кызматтан алып, ишти өзгөртүшү керек.

600дөн ашык мүчөсү бар журналисттер союзунун жетекчиси Абдыкадыр Султанбаев, акыркы жылдары уюмдун иши начарлап кеткенин моюнуна алат. Муну ал уюмдун каржылык абалы менен байланыштырууда. Журналисттер мүчөлүк акыны төлөбөй, журналисттер союзу каражатты демөөрчүлөрдүн көмөгү менен чогултуп келгенин айткан Абдыкадыр Султанбаев, уюм өз күчү менен бутка туруп келатканын билдирди.

- Биздин ишибиз ар кандай себептерден улам солгундап калды. Бирок журналисттер союзунун ишин жандандыруу, анын кезектеги съездин өткөрүү уставдын негизинде жүрүшү керек. Биз быйыл ансыз деле журналисттердин курултайын өткөрүүнү ойлонуп жатабыз. Ал эми азыркы журналисттер союзун жандандыруу демилгесин уюмга мүчө эмес журналисттер көтөрүп жатканына мен таң калып жатам.

Журналисттерди чогулткан аянтча керек

Кыргызстанда бүгүнкү күндө журналисттерди бириктирип, көйгөйлөрдү талкуулай турган аянтча жок болуп жатат. Медиа эксперт Кубан Абдымендин айтышынча, журналисттер союзу дал ушу функцияны аткарышы керек эле. Бирок калем ээлеринин кошууну иштебей жатканда журналисттер башка уюмду каттап, жолугушуучу аянтчаны куруп алса болот.

Кубан Абдымен
Кубан Абдымен

- Бизде азыр көз карандысыз маалымат каражаттары көбөйгөн сайын ал жактагы журналисттердин укуктарын, абалдарын мамлекет же жумуш берүүчүлөр менен алакасын бир көзөмөлгө алып, нукка сала турган уюм жок. Көз карандысыз профсоюзду түзөбүз деген аракеттер да ийгилик алып келген жок. Андыктан журналисттер эки-үчкө бөлүнүп, бирдиктүү болбой жатат. Бизге журналисттерди бириктирүү зарылдыгы бар.

Журналисттер союзун жандандыруу боюнча демилгечи топ 29-январда борбордо өтө турган ири жыйындын форматын тактап жатат. Авланбек Жумабаев жыйынга азыркы төрага Абдыкадыр Султанбаев да чакырылганын айтат. Бирок союздун жетекчиси Султанбаев алдыдагы жыйынды тааныбай турганын билдирүүдө.

СССРдин журналисттер союзу 1959-жылы түзүлүп, башкы кеңсеси Москвада жайгашкан. Союздун урашы менен журналисттер кошууну да чачырап, Кыргызстанда 1991-жылы коомдук уюм катары мураскерлигин улаган. Мамлекеттик статистикалык комитеттен “Азаттыкка” билдиргендей, кошуунду Абдыкадыр Султанбаев каттоодон өткөргөн жана бүгүнкү күнгө чейин ага төрагалык кылып келет.

XS
SM
MD
LG