Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:44

7-ноябрда журналисттердин кесиптик күнү белгиленди. “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусунун кезектеги чыгарылышы азыркы журналистиканын күнгөйү менен тескейине арналды.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты, акын Эгемберди Эрматов жана “Жаңы агым” гезитинин башкы редактору Аскер Сакыбаева катышты.





“Азаттык”: Аскер айым, сиз бир топ жылдан бери журналист болуп эмгектенип келатасыз. Деги эле журналист деген ким, бул кесип башкалардан эмнеси менен айырмаланат?

Аскер Сакыбаева: Журналист - бардык маалымат технологияларынын каражаттары менен жабдылган, интернетти жакшы билген, жаш, бирок социалдык макамы төмөн турган, ошого карабастан коомдун активдүү мүчөсү болгон, керек болсо коомду алдыга алып кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар адам деп түшүнөм.

“Азаттык”: Эгемберди мырза, сиз калемгер адамсыз. Азыр кыргыз журналисттери коом, өзүнүн кесиби алдындагы милдетин так, калыс аткарып жатат деп ойлойсузбу?
Журналист факт, далил менен иштеш керек. Ал так маалыматтарды элге жеткириш керек.

Эгемберди Эрматов: Азыр журналист болуш бир жагынан жеңил, бир жагынан оор. Жеңили - мыкты технологиялар менен жабдылган, бир жерде отуруп көп маалымат алууга, көп нерсени билүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Оордугу – коом алдында өтө чоң милдети бар. Журналист коомдун күзгүсү болуш керек.

“Азаттык”: Азыр журналисттер коомдун күзгүсү боло алышабы?


Эгемберди Эрматов: Бүгүнкү күндө журналистика кыйын учурду башынан өткөрүп жатат. Жаш журналист улан-кыздар маалыматты алганы менен, кээде атуулдук туруму так эмес. Кээде жеңил сөздөр менен жазып жатат.

Албетте журналистиканын өзүнүн стили бар - публицистикалык. Айрым учурда өзүнө өзү ишенбей жазган да журналисттер болуп атат. Айрыкча кыргыз журналистикасында көптөрү “имиш-имиш болуптур” деген макалаларды жазып жатат. Бирок анын астында өзүнүн аты-жөнү жок, жашыруун кетүүдө. Ошол нерсени токтотсок.

“Азаттык”: Аскер айым, кесиптештериңиздин айрымдары “ушакты маалыматтын бир булагы катары караш керек” деп айтышат. Ушак деген жанр пайда болду дегендер бар. Журналистикада ушактын ролу кандай?
Кыргыз коому, саясат көчөдө басып жүргөн же жалаң эле жыйындарда айтылган жакшы сөздөрдөн турбайт.

Аскер Сакыбаева: Мен журналист, гезитте иштеп жаткан адам катары Эгемберди аганын оюна кошулам. Бул азыркы күндө бардык технология менен куралданган, журналистикага аралашып жаткан жаштардын өзүнүн инсан катары калыптана электигинен, коомдун алдында атуулдук кандай милдети бар экени али түшүнө электигинен чыгып атат.

Жаштар интернетти жакшы билип, компьютерди өздөштүрсө эле жакшы журналист болуп кетебиз деп ойлошот. Бул үчүн белгилүү бир деңгээлде турмуштук тажрыйба, жамандык-жакшылыкты билип, деги эле Кыргызстандын атуулу катары эмне пайда келтире алам дегенди жаш журналисттер көп ойлоно беришпейт. Алар көп макала жазып, радио уктурууларды даярдап, көрсөтүүлөрдү тартып, муну акча табуунун бир булагына айландырышкан. Же заказ материалдарды жазышат.


Бирок мен жаш кесиптештеримди бул үчүн күнөөлөбөйм. Анткени Кыргызстан ойду-тоону ашып, бирде мүдүрүлүп жыгылып, кээде тура калып, турайын десе болбой жыгылып баратат. Азыркы жаш журналисттер мына ушуну өздөрү да көрүп атат. Менимче убакыт өтсө, жамандык-жакшылыкты көрүп тажрыйба алса, калыптанат болуш керек. Азыр үмүттү үзбөй туралы.

“Азаттык”: Демек ушак болсо деле ошону да башынан өткөрүш керек деген ойдосузбу?

Аскер Сакыбаева: Кыргыз тилдүү журналисттерди орус тилдүү кесиптештер, саясатчылар жана деги эле элге төбөсү көрүнгөн адамдардын баары ушакчы дешет.
Жаш журналист улан-кыздар маалыматты алганы менен, кээде атуулдук туруму так эмес.

Биринчиден, ушак жөн жерден чыкпайт. Кыргыз коому, саясат көчөдө басып жүргөн же жалаң эле жыйындарда айтылган жакшы сөздөрдөн турбайт. Саясат биринчи кезекте жек-жаат, тууганынан турат. Ошондой эле айтылган сөз, мамиле, кеп, катнаш, ары карап кетүү, мамиле үзүү, кайра улануу дегенден турат. Ошолордун баарына кыргыз журналисти аралашып жүрүп, көрүп атат. Туугандар арасындагы мамилелерин угуп атат. Жазылгандар деле ошондон чыгап атат.

Белгилүү адам, же саясатчы элдин көзүнө жакшы жагынан гана көрүнгүсү келет. Айткан сөзүн танып коюшу мүмкүн. Ошондуктан ушак ушундай нерседен чыгып атат. Ал эми биз көргөн, уккан нерсебизди эмне үчүн айтпашыбыз керек?

“Азаттык”: Эгемберди мырза, сизге деле ушул суроону берейин, ушак деген жанр пайда болду дегендер бар. Ушак же маалыматтарды тактабай туруп жазып койгон адам эле журналист боло алабы?

Эгемберди Эрматов: Ушакты жанр катары карасак болбойт. Бул “Саманкана өрттөнсө, Самарканд өрттөндү” деген эле нерсе. "Шамал болбосо дарактын учу кыймылдабайт" дейт. Ушак байыртадан жашап келет.

Ал эми журналисттин ага таянганы - анын алсыздыгы. Журналист факт, далил менен иштеш керек. Ал так маалыматтарды элге жеткириш керек. Качан элде бай материал болсо, ар кандай пикирлер болсо, ошондо гана анын жазган макаласы, кабары элге жетимдүү болот. Бизде андай жакшы жазган журналисттер да бар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG