Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:15

Калемгер журту тилди бузууда


Акыркы жылдары маалымат каражаттарында иштеген журналисттер кыргыз тилин бузуп сүйлөп, тилге жат, түшүнүксүз, келегей сөздөр менен толтуруп жатат деген дооматтар арбыды.

Адистер буга жаш журналисттердин эне тилинде көркөм адабиятты окубагандыгы, сөздөрдүн маанисин жакшы билбегендиги, сөзгө жоопкерсиз мамилеси себеп болууда дешет.

"Арай көз чарай" талкуусуна Кыргыз эл артисти, Чыгыш университетинин журналистика кафедрасынын профессору Тамара Жаманбаева, журналист Тынчтыкбек Кожобеков, “Фабула” гезитинин баш редактору Эрнис Балбаков катышты.

“Азаттык”: - Журналисттер кыргыз тилин бузуп, маанисиз жана келегей сөздөрдү эл-журтка таңуулап жатат деген дооматтар канчалык орундуу?

Тамара Жаманбаева: - Мен телерадионун эфири жөнүндө айтайын. Соңку мезгилде эфирге чыккан сөз ойлонбостон айтылып, же угумдуулугу чалагайым чыгып, чала сабат терминдердин эфирде чабак уруп жүргөнү жүүнүңдү бошотот.

Айрым диалектикалык сөздөр адабий тилдин нормаларын бузуп, көндүм көрүнүштө колдонулуп жатат. Кийинки убактагы изилдөөлөр аныктагандай, мындай учурлар аймактагы телерадиодо эмес, республикалык каналдарда да көбүрөөк жолугуп жатат. Канча кылымдан бери кастарланып келген тилдин сабаттуулугуна, маданияттуулугуна тиешелүү маселе ар дайым каралып турса жакшы болмок. Ушул нерсе артка жылып калгандай.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Аалы Молдоканов: - Журналисттердин тили абдан бай, курч жактары байкалат. Бирок мен башка жагын айтаар элем: “вульгарная лексика” деп койот, кичине булганган сөздөр бар. Улуу менен кичүүнүн ортосунда айтылбай турган, ыгы бар, ыгы жок нерселер бар. Азыр гезиттердин жарышы, талашы болуп, санын арбытуу максатында бул жагынын көбүрөөк тантырап кетишти. Бизде китеп окулбай калды, баары эле интернетти карап отурушат. Ал эми интернетте чындыгында баары супсак. Ошол себептүү тил жардыланып жатканы да чын.

“Азаттык”: - Азыр көп эле журналисттер маанисине карап эмес, түзмө-түз которуп, тилди бузуп жатат деген да сындар көп айтылат...

Аалы Молдоканов, мамлекеттик тил комиссиясынын өкүлү: -Калькасыз котормо жүрбөйт, бул котормонун негизги ыкмаларынын бири, аны башкача ала албайсың. Бирок биздин тилибиздин табияты, өзүнүн практикасына карап маанилеш сөздү, түгөйүн издеш керек.

Мисалы, “освобожден от занимаемой должности” дегенди “ээлеп турган кызматынан бошотулду” деп “занимаемой” дегенден чыга албай калабыз. Бул жерде кызматынан бошотулду деп эле коюш керек. “Саясий эрк” керек деп эле айта беришет. Бул жерде “кашкөйлүк, бекемдик, кайрат жетпей жатат” деп айтса туура болмок. Анан эптеп которгон, ага көнүп алып айта берген бизге жеңил болуп калды...

Тынчтыкбек Кожобеков: - Мен айтылгандарга кошулам. Тилибиз чын эле жардыланып баратат. Буга көбүрөөк устат-шакирт системасынын жакшы иштебегени себеп болду го деп ойлойм. Себеби мурдагы журналисттердин “баланча агай бизди ээрчитип муну үйрөтчү эле” деп айтып калгандарын угабыз. Азыр окуучуларын ээрчиткен мугалимдер да аз, сын-пикир айткандар да аз. Азыр күнүмдүк жашоого көбүрөөк азгырылышат.

Жалпы жонунан алып караганда радио журналистикада тил жакшы эле өнүгүп жатат. Кудайга шүгүр, казактарга караганда кыргыз радиолорунда кыргыз тили жакшы орунда десек болот. Ал эми майдалап, талдап келе турган болсок мүчүлүштүктөр бар. Журналисттер сүйлөмдү талдаганды билишпейт.

“Азаттык”: - Айрым өлкөлөрдө, мисалы, Францияда адабий тилдин эрежелерин сактабагандыгы үчүн акчалай айып каралган. Кыргызстанга да ушундай жаза түрү керекпи?

Эрнис Балбаков: - Айып пул салган аша чапкандык болуп калат. Ал үчүн да таасир этүүчү жагдайлар болушу керек. Андан көрө кыргыз тилдүү гезиттерде туура эмес, келекей сөздөрдү жазып жаткандарды мисалдар менен ошол эле тил комиссиясы өз гезитине чыгарып турса. Кыйыр түрдө таасир этпесе, түздөн-түз айып салган болбой калат го.

Кыргыз тилдүү гезиттерде иштеген журналисттердин басымдуу бөлүгүн жаштар түзөт. Улуулардын жаштар китеп окубайт дегенинин да чындыгы бар, бул да ошонун кесепети болууда. Айрым гезиттердин көчөдөгү, жаргон сөздөрдү аралаштырып баскан учурлары көп эле кездешет.

XS
SM
MD
LG