Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:15

Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын "Майдан" гезитин сотко берди. Кыргызстанда сөз эркиндиги кандай абалда? Бул тууралуу "Азаттык" "Акча жана бийлик" гезитинин баш редактору Турат Акимов менен маектешти.

"Азаттык": Кыргызстан басма сөз эркиндиги кеңири жайылган өлкө экенин дайыма айтып келатабыз. Бул жаатта азыркы жагдайды кандай мүнөздөйсүз?

Акимов: 20 жылдык тажрыйбаны карасак, Кыргызстанда жалаң өкмөттүн карамагында иштеген басма сөз эч кандай жоопко тартылган эмес. Ошол эле “Слово Кыргызстана” болобу, “Кыргыз Туусу” же “Эркин Тообу”. Аларды жогору жакта иштегендер эч качан сотко берген эмес. Алар бийлик тарабынан каржылангандан кийин, албетте, өзүнүн сын- пикирин кыскартуу негизинде гана иштешет.

Ал эми оппозициялык маанайда иштеген гезиттер көп учуроодо. Журналистикада кемчилик болушу мүмкүн жана болуп турат.

“Майдан” гезити боюнча азыркы окуяны алып көрөлү. Бул гезит аудитордук компания же Эсеп палатасы болбогондуктан, эч убакта туура аныктай албайт. Эгер кадимки ревизиондук текшерүүчү топ барып Жогорку Кеңештин бухгалтериясын текшерсе, албетте, ал жакта көп акча туура эмес сарпталганы, эсептелгенинин баары калкып чыгып калат. Мындан күмөн санабаса болот. Анткени ар бир бухгалтерияны ревизия келип текшергенде дайыма кемчиликтер чыгып турат. Андыктан “Майдан” гезитинин текшерүү функциясы жок болгондуктан жазылган маалыматты далилдей албайт.

Ошол себептен бул жерде таза кысым болуп жатат деп ойлойм. Кенедей акчаны башкы редактордун моюнуна салып коюп, ал соттон башы чыкпай, ызы-чууда жүрө берсин деген аракет деп тушүнөм.

"Азаттык": Кысым дедиңиз, мындай көрүнүш көп болуп жатабы бизде, кандай байкоолоруңуз бар?

Акимов: Көп эле болуп турат. Эки-үч ай сайын бир гезит ушундай нерсеге кабылат же өкүм чыгып калат. Бир туруп сотко жетпей элдешип алышат, бир туруп дагы башкача болуп кетет. Мунун баарын байкап эле жатабыз.

Журналисттердин аша чаап кеткени да бар, албетте. Бирок оппозициялык маанайдагы гезиттерге өтө көңүл бурулуп, аларга чыккан материалдар көзөмөлгө алынып, өзүнчө мониторинг болуп турат десе да болот.

Себеби мен илгери “Аргументы и фактыны” башкарып турганда мага карата үч соттук доо арыздын баары тең бири-бирине окшош болчу. Көчүрмө сыяктуу келген. Материалдардын мүнөзү, суммасы ар кандай, ал эми жазылган арыздын тексти копия болуп чыккан. Ошондо мен адвокаттар атайын отуруп алып гезиттерди көзөмөлдөп, иликтеп отурганына таң калгам.

"Азаттык": Бул тенденция сөз эркиндигин чектөөгө аракетпи же журналисттерди да ойлондура турган көрүнүшпү?

Акимов: Бул сөз эркиндигин чектөөгө аракет. Анткени сотко кайрылуу эң акыркы чара болуп калууда. Жогорку Кеңеште отурган биздин депутаттар Кылмыш кодексинде жок терминдерди киргизип, журналисттерди соттогонго аракет кылып жатканынын баары ошондон.

Депутаттык корпус эң көп соттошот. Алар сөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды чыгарып турат. Мисалы, Эристина Кочкарова, кийин Галина Скрипкина чыгарды. Кийин Туратбек Мадылбеков кошулуп чектөө киргизишти. Ушинтип эле келатат. Мунун баарын кийин сотко кайрылып, ооздуктоонун аракети деп эсептеш керек.

  • 16x9 Image

    Рахат Кеңешова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин журналисти. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG