Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:37

Кыргызстанда Сотторду тандоо кеңешине жана Жогорку Сот менен Конституциялык палатанын судьяларынын тегерегинде нааразылык токтобой турат.

Өлкө президенти тандоо ишинде алешемдиктер болгонун, ал эми укук коргоочулар мурда-кийин кыңыр иштерге катышы бар адамдар тандалып калды деп нааразылыгын билдирүүдө.

Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Соттогу Конституциялык палатанын мүчөлүгүнө 24 адамдын ичинен 11 талапкерди, ошондой эле Жогорку Соттун судьялыгына талапкер 114 кишинин 29ун тандаганын эске салалы.

Жарандык активисттер Жогорку Сотко тандалган судьялардын көбү мурда таза иштеген эмес деп, кайра тандоону талап кылып жатат. Бул сынга бир катар депутаттар, сот системасын көзөмөлдөө кеңешинин мүчөлөрү да кошулууда.

Төрт топко бөлүштү

Серепчилер тандалган 29 судьяларды төрт категорияга бөлүшкөн экен. Бир бөлүгү Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү менен аздыр-көптүр тааныш адамдар дешти. Мисалы, 29 адамдын 12си Жогорку Соттун судьялары болсо, алардын экөө Сотторду тандоо кеңешине мүчө болуп туруп талапкерлигин койгон.

Экинчи бөлүгүнө кайсы бир саясый күчтөрдүн, партиялардын кызыкчылыгын коргой турган, мурда-кийин бийликтегилердин камчысын чапкан судьяларды киргизишиптир.

Үчүнчүсү, чечимдерин пулдагандын кыныгын алган, ал эми төртүнчүсү азыр бийликтеги айрым адамдардын куда-сөөк, жакындары деп эсептешет серепчилер.

Жогорку Соттун алдындагы нааразылык акция, 7-июнь, 2011-жыл
Сот адиси Жыргалбек Турдукожоев Жогорку Соттун судьялыгына көрсөтүлүп жаткандардын арасында саясий чечимдерди кабыл алган адамдар бар деп ырастоодо.

- Жогорку Соттун судьялыгына көрсөтүлүп жаткандардын дээрлик жарымы, балким андан да көбү же мурда иштеп кеткендер, же азыркы учурда Жогорку Сотто иштеп жүргөндөр. Ыңкылап эки ирээт эмне үчүн болду? Бизде адилетсиздик өкүм сүргөн үчүн. Аны бийлик камсыз кылбай, кайра бузганы үчүн болду. Бул барып келип сотторго такалат. Ал эми соттор Акаев, өзгөчө Бакиев учурунда мыйзамдуу чечимдерди өтө сейрек кабыл алып калышкан. Ал тургай булардын арасында саясий чечимдерди кабыл алгандар бар.
Тизмеге бийлик сөзүн уккандар, пара алган соттор кирди. Муну элдин баары эле түз далили жок болсо да билет.

Азимбек Бекназаров Конституциялык палатанын мүчөлүгүнө талапкерлигин коюп, өтпөй калгандардын бири. Кезинде Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Бекназаров Декрет жана президенттин жарлыгы менен ишиндеги одоно кемчиликтери үчүн кызматтан бошотулган адамдар кайра тандалганын айтып чыкты.

Ал эми Жогорку Соттун мурдагы төрагасы, депутат Курманбек Осмонов куда-сөөк, тууганчылык фактору орун алганын белгиледи.

- Ош окуясы боюнча парламенттик комиссиянын отчетунда Бакиевдин үй-бүлөлүк кландык режимине кызмат кылган делген бир топ соттордун аты аталган. Ошондой эле комитеттин корутундусунда көрсөтүлгөн соттор тизмеге кирген. Бул көп нерседен кооптуу кабар берет. Ошондуктан буларды текшериш керек. Арасында татыктуулар да бар. Бирок татыктуу эместер, жаман сөзгө кириптер болгондор да тизмеге кирип калыптыр. Ким кимди колдоп, ким кимди сүрөп жүргөнүн, баарын билем.

Укук коргоочулар нааразы

Сотторду тандоо кеңеши сот адилеттигин камсыз кылуу жана сот реформасын жүзөгө ашыруунун инструменти катары жарыяланган болчу. Бирок укук коргоочулар менен серепчилер тандалган соттордун тизмесинен реформа жасоого жарактуу адамдар жок деп жатышат.
Нурбек Токтакунов
Сот системасын көзөмөлдөө кеңешинин мүчөсү, адвокат Нурбек Токтакунов ар кандай амалдар менен судьялыкка өтүштү деп жарыялады.

- Тизмеге бийлик сөзүн уккандар, пара алган соттор кирди. Муну элдин баары эле түз далили жок болсо да билет. Далил болсо аларды эбак эле отургузуп коюшат эле. Бирок муну тартип коргоо органдары иликтеш керек. Бизде бирөөлөргө 100 миң долларга чейин акча берилген деген маалыматтар бар. Аны бирөөлөр топтоп атат.

Ошол эле кезде Токтакунов пара берген адамдарды так атай албады, "бул - милиция менен прокуратуранын иши" дейт ал. Сот системасын көзөмөлдөө кеңешинин өкүлдөрү азыр 29 судьянын мурдагы ишмердигин териштирип жатканын белгилешүүдө.

Соттор далилсиз сөздөр көп дешет

Анткен менен Сотторду тандоо кеңеши мындай дооматтарды четке кагып, бардыгын мыйзам чегинде тандап алышканын ырастап жатышат.

Кеңештин мүчөсү жана Жогорку Соттун судьялыгына тандалып алынган Айжамал Ажибраимова соттор тегерегинде айтылгандардын бардыгы сөз боюнча эле калып жатканына токтолду.

- Эч ким эч жакка мындай болуп атат деп кайрылган жок, факты да жок. Ал эми өзүнүн жумушун туура эмес аткарды же Бакиевдин кланына иштеди деп аты аталган айрым соттор ушундай кемчиликтери бар деп кызматтан алынган эмес. Алар азыр иштеп атат. Иштеп аткандан кийин бүт талапкерлер сыяктуу документтерин тапшырганга укуктуу.

Ошондой эле талапкерлерди кабыл алганда кимдин тууганы, кимдин кандай байланышы бар экени тууралуу маалыматтар бизде болгон жок. Биз иштеген ишине гана карадык. Баланчанын тууганы болсо сотко келүүгө укуку жок деген мыйзамда көрсөтүлгөн эмес. Ал эми мен талапкерлигимди коюп атканда кеңештин мүчөлүгүнөн чыккам. Башка талапкерлердей эле биз да катыштык.


Ошентип сот реформасына алгачкы кадамдар тар жол, тайгак кечүү аркылуу кетип бараткандай туюлат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG