Линктер

шаршемби, 26-апрель, 2017 Бишкек убактысы 20:26

Март айынын аягында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту төрт кап ун уурдаган адамды беш жылга эркинен ажыратты.

Кыргызстанда кылмыш кылган адам адилет жазасын алып жатабы же мыйзам соттордун колундагы “буйлалаган төөбү”? Сот реформасы кандай натыйжа берди, бербесе ага эмне тоскоол болууда, дегеле сот бийлигин көз каранды эмес деңгээлге жеткирүү үчүн эмне кылуу керек өңдүү суроолорго “Арай көз чарай” берүүбүздөн жооп издейбиз.

Талкууга Кыргыз Республикасынын мурдагы башкы прокурору Байтемир Ибраев, адвокат Замир Базарбеков жана социолог Самар Сыргабаев катышты.

“Азаттык”: Замир мырза, сиз бир топ жыл сот болуп иштегенсиз, Бишкек шаарынын Октябрь районунун соту төрт кап ун уурдаган адамды беш жылга эркинен ажыратты. Айыпталуучу мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөй турган болууда, уурдаган унду деле төлөп бериптир. Бул жаза канчалык деңгээлде адилеттүү деп ойлойсуз?

Замир Базарбеков: Уурдоо оор кылмыштардын катарына кирет, үч жылдан беш жылга чейин жаза мөөнөтү каралган. Эгерде ошол кылмышка шектелип жаткан адам мурда соттолбосо, үй-бүлөлүк ар кандай жагдайлары болсо, жанагы төрт кап унду кайтарып берсе жеңилдетүүчү жагдайга кирет. Ушунун баарын билип туруп соттун беш жыл берип койсо анда мыйзамсыз, адилетсиз чечим чыккан.

Эгерде айтылып жаткан жаран мурда соттолуп андан сабак албаса, чыгымды төлөбөсө, анда беш жыл бергени туура. Соттун негизги милдети – адилеттүүлүк болушу керек.

“Азаттык”: Байтемир мырза, Кыргызстандын бир айыл өкмөтүндө бир тоок уурдаса беш тоок, бир кой уурдаса эки кой, бир кап ун уурдаса 10 капты төлөтүп, эл алдында уяткарып, сотко жеткирбей маселе чечилет деп айтылды эле. Ушундан улам мүмкүн келтирилген зыянды бир нече эселетип төлөтсө доогерге, мамлекетке да пайда болот беле деген пикирлер арбын... Мүмкүн жазалар чындап эле катаалдыр, балким аны гумандаштыруу керектир?

Коом, заман өзгөрүп жатат, мезгилдин талабын эске алып жазаны гумандаштырууга баруу зарыл. Эгер ал натыйжа бербей артка кетип жатсак, анда жазаны күчөтүү керек.

Байтемир Ибраев: Кылмыш жана жаза ар бир коомдо болот, ал чоң саясат. Мамлекеттин максаты кылмыш кылган адамды өмүр бою жазалоо эмес.

Кылмыш кылган адам кандай шартта кылмыш кылды, ага кандай жагдай түрткү берди, эмне себептен мындай кадамга барды ушунун баарын соттор акыйкат, адилет карап, салмактап, таразалап ойлонушу керек. Коом, заман өзгөрүп жатат, мезгилдин талабын эске алып жазаны гумандаштырууга баруу зарыл. Эгер ал натыйжа бербей артка кетип жатсак, анда жазаны күчөтүү керек. Президенттин алдында атайын институттар, бөлүмдөр бар ушунун баарын изилдеп, анализдеп турушу керек эле.

Тилекке каршы, биздин укук коргоо жана сот органдарынын арасында кылмыш жана жазанын маанайын, маңызын түшүнбөгөн кызматкерлер толтура. "Былтыр 100 адамды маңзат менен кармадык эле, быйыл 110 адам кармадык" деп отчет берип жаткан укук коргоо органдары көп болуп жатпайбы. Кылмышты атайын ойлоп таап, жасап жаткан орган кызматкерлери да бар.

“Азаттык”: Самар мырза, сиз илимпоз катары айтсаңыз, мындан 15 жыл илгери мамлекет башчысы "элдин 80 пайызы сотторго ишенбейт, эл ишеним арткан сот системасын түзүп, реформа жасоо керек" деген. Азыр изилдөөлөрдө сотторго, башка укук коргоо органдарына ишеним кандай, өзгөрдүбү?

Эки жылдагы иликтөөнү жыйынтыктасак, сот системасына ишеним индексинде олуттуу өзгөрүү деле жок. Бул сот системасынын саясий-социалдык институт катары коомдо, эл арасында кадыр-баркы төмөн бойдон калууда деген сөз.

Самар Сыргабаев: Сот реформасы алгылыктуу жыйынтык бербей жатканы биздин 2013-2015-жылдарда жүргүзүлгөн көз каранды эмес иликтөөлөрүбүздө аныкталган. Ага жалпы жонунан төрт миңден ашуун адам катышкан. Эки иликтөөнүн жыйынтыгын көрсөк мамлекеттик институттарга, бийлик бутактарына, анын ичинде сот түзүмдөрүнө ишеним индекси көрүнүп турат. Респонденттерге “Сиз кандай деңгээлде сот түзүмдөрүнө ишенесиз?” деген суроо коюлган. Ишеним деңгээли үч бөлүктөн турат: толук ишенем, жарым-жартылай ишенем, анан такыр ишенбейм деген. Эки жылдагы иликтөөнү жыйынтыктасак, сот системасына ишеним индексинде олуттуу өзгөрүү деле жок. Сурамжылоого катышкандардын 48 пайызы “такыр ишенбейм” деп жооп берген. Бул сот системасынын саясий-социалдык институт катары коомдо, эл арасында кадыр-баркы төмөн бойдон калууда деген сөз.

“Азаттык”: Коомдо сотторго ишеним аз болсо, анда кайсы институттарга ишеним жогору?

Самар Сыргабаев: Мисалы, диний уюмдарга, муфтиятка, имамдарга ишеним жогорулоодо. Суралгандардын 43 пайызы бул тармакка “толук ишенем” жооп берүүдө. Ошол эле учурда президентке 23 пайыз “толук ишенем” десе, Жогорку Кеңешке жети гана пайызы “толук ишенем” деп айтышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook Forum

XS
SM
MD
LG