Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Сотторго сурак жокпу?


Кыргызстанда быйылкы он бир айда пара алып жаткан жеринен тогуз судья кармалган.
Кыргызстанда быйылкы он бир айда пара алып жаткан жеринен тогуз судья кармалган.

Кыргызстанда пара алып кармалган сотторго каршы кылмыш иштери козголгону менен алардын көпчүлүгү соттон акталып чыгып кетишет.

Көпчүлүк учурларда кармалган соттор өздөрүнө каршы козголгон кылмыш иштерин саясий буюртмалар менен гана байланыштырып келишет.


Соттордун создуккан иштери


2011-жылдын он бир айында коопсуздук кызматынын из кубарлары тарабынан пара алып жаткан жеринен тогуз судья кармалып, анын сегизи боюнча кылмыш иши козголгон.

Башкы прокуратура алардын айыбынын угузуп, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн соттордун улуттук кеңешине макулдук сурап кайрылды. Анткени мыйзамга ылайык, соттор кол тийбестик укугуна ээ болуп, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн соттор кеңеши гана макулдук бере алат.
Азыр Кыргызстандын абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан судьялар жокко эсе. Пара менен кармалган судьяларга кылмыш иши козголгону менен алардын көпчүлүгү соттон кыскартылып кеткен...

Башкы прокурордун тергөө иштерин көзөмөлдөө боюнча орун басары Байтемир Ибраев Соттор кеңешинин мүчөлөрү пара менен кармалган кесиптештерин кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча өтүнүчтөрдү кароону создуктуруп жатканына токтолду:

- Мына ошол пара менен кармалган сотторду жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү үчүн биздин аларга жөнөткөн өтүнүчтөрүбүздү кароону чойуп жатышат. Айрым учурда кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат бербей коюп жатышат. Буга эми негиздүү, же негиздүү эмес да себептер бар. Мына ошондуктан анын бардыгын териштириш керек.


Саясий буюртма жыттанабы?


Соттордун акыйкаттыгы кеңеши Балыкчы шаардык сотунун төрагасы Замирбек Базарбековду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук бербөө чечимин чыгарды. Ага Балыкчы шаардык сотунун судьясы болуп иштеп турганда 2009-жылкы шайлоодон кийин бейбаштык кылды деп кылмыш иши козголгон Жамгырчиеванын адвокатынан аны бошотуу үчүн он миң сом пара алган деген шек менен кылмыш иши козголгон.

Буга чейин Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы болуп иштеген Замирбек Базарбеков ага каршы козголгон кылмыш ишин саясий буюртма катары баалады:

- Бул кылмыш ишинин саясий экендигинин бир далили – бул иш эки жыл мурун адвокатым аркылуу пара бергем деген адамдын куру жалаасына негизделген. Соттор кеңеши талдап туруп, факты жана айныксыз далилдер жок болгондугуна байланыштуу жалган жалаага негизделген кылмыш иши үчүн жоопкерчиликке тартууга макулдук берген жок.


Кармалып, бирок камалбагандар


Жазаны аткаруу кызматынын маалыматы боюнча, азыр Кыргызстандын абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан судьялар дээрлик жокко эсе. Пара менен кармалган судьяларга кылмыш иши козголгону менен алардын көпчүлүгү соттон кыскартылып кеткен. Мисалы, 2008-жылы пара алып жаткан жеринен жети судья кармалып, алардын үстүнөн кылмыш иши козголгон.

Бирок акыйкатчы Турсунбек Акун пара алганы үчүн соттолуп кетип, жаза мөөнөтүн толук өтөп жаткан судьялар дээрлик жок экендигин белгиледи:

- Акыркы беш-он жылда Кыргызстан боюнча эки эле судья түрмөгө камалып чыкты. Алар экөө тең Нарындагы тергөө абагында отурушту. Бирөө Жумгал райондук сотунун төрагасы болсо, экинчиси Нарын облустук сотунун судьясы болчу. Бирок кийинчерээк мына ошол эки судьянын биринин иши тергөө учурунда кыскарды. Экинчиси болсо соттон акталып чыкты.

Кылмышка аралашкан соттордун жоопкерчилиги каралбай калып жатканын талдоочулар мыйзамдын өксүктөрү менен байланыштырышат. Анда соттордун мыйзамсыз чыгарган өкүмү үчүн жоопкерчилиги каралбай калган.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Эркин Алымбеков мунун себептерин сот тармагын реформалоонун кечеңдеп жатканынан көрөт:

- Сот реформасын ишке ашыра албай жатабыз. Мына ушул нерсе созулуп жаткандан улам, көптөгөн соттор “ордубузда калабызбы же жокпу” деген жагдайда улам мыйзамсыз чечимдерди чыгарып, парага маарып жатышат. Ошондуктан биз бул ишти тездетпесек болбойт.

Буга чейин сот тармагын тазалоого ылайык, бүтүндөй бир корпусту алмаштыруу үчүн Сотторду тандоо кеңеши түзүлгөн болчу. Бирок мыйзамдагы карама-каршылыктардан улам, Жогорку Соттун судьяларын тандоо иши токтоп калган. Экинчи этабында төрт жүздөн ашуун жергиликтүү соттордун мүчөлөрүн толук бойдон алмаштыруу маселеси турат.

XS
SM
MD
LG