Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:38

Кыргызстанда Кылмыш-жазык кодекси жана Жаза аткаруу кодекси баштаган жети мыйзамдын жаңы долбоору даярдалды.

Документтерди Сот реформасы боюнча кеңештин алдындагы жумушчу топ иштеп чыкты. Президент Алмазбек Атамбаев төрагалык кылган кеңеш 17-октябрда жыйынга чогулуп, сот адилеттигин камсыздоого багытталган бул мыйзам долбоорлорду талкуулады.

Кыргыз бийлиги сот чечимдеринин сапатын жакшыртуу, ага байланыштуу нааразылыктарды азайтуу жолдорун издеп жатат. Президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев “Азаттыктагы” маегинде кодекстерде эң ириде сот жараянынын тартиби өзгөрөрүн белгиледи:

- Бул мисалы кылмыш иш боюнча соттолуучу адамдын, анын адвокатынын, прокурордун, соттун укуктарын ийне-жибине чейин чечмелеген, көрсөткөн документтер. Ушул документтер азыр жаңыча жазылып, сунушталып жатат. Эгер ушул мыйзамдар кабыл алынса, сотто иштерди кароонун тартиби кескин өзгөрөт. Биз мисалы адвокаттарга чоң укук бергени жатабыз. Бул өтө маанилүү. Эгер биз соттор адилеттүү чечим чыгарсын десек, анда биз эки тарапка тең, доогерге да, жоопкерге да бирдей укук беришибиз керек.

Президент Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө мыйзам долбоорлордун даярдалышын сот реформасынын эң маанилүү этабы деп атады:

- Соңку жылдары мамлекеттик бийликке сот реформасы боюнча бир топ орундуу доомат айтылды. Сын, нааразылык негизинен сот системасындагы жана процессуалдык нормалардагы кемчиликтердин айынан жаралды. Мыйзамдардагы коррупцияга жол ачкан нормалардын айынан абийирсиз соттор каалаганын жасады. Мунун айынан ар кандай алдамчыларга сыртынан караганда мыйзамдуу, бирок акылга сыйгыс адилетсиз чечимдер чыгарылды. Бул мыйзам долбоорлор биздин жарандарды сот ээнбаштыгынан мүмкүн болушунча коргоого багытталган.

Мыйзам долбоорлорго ылайык, прокуратуранын көзөмөл функциялары азайып жатат. Ошондой эле кылмыш иштерди териштирүүдө гумандаштыруу жагы каралган. Баш прокурор Аида Салянова азыркы кодекстер дыкат талкууланып кабыл алынышы керек деп эсептейт. Ошондой эле документтердин тез-тез өзгөрүп, алымча-кошумчаланышын жактабайт:

Аида Салянова.

Аида Салянова.

- 20 жыл ичинде мисалы Кылмыш-жазык процессуалдык кодекс эле алтымыштан ашык, ал эми Кылмыш-жазык кодекс жүздөн ашык жолу өзгөрүп, алымча-кошумчалаган. Мыйзамдарды өзгөртүүгө катуу чектөөлөр коюлушу керек. Юстиция министрлигинде кодекстер жылына эки гана жолу өзгөртүлсүн деген норма бар. Парламентте болсо мындай чектөө жок. Ушул мыйзам долбоорлор кабыл алынгандан кийин кодекстерди өзгөртүүгө чектөө кириши керек.

Кодекстердин жаңы долбоорлору эми коомчулуктун талкуусуна коюлмакчы. Андан соң парламентке жөнөтүлөт. Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынан депутат Курмантай Абдиев документтердин азыркы варианты коомчулук үчүн татаал, түшүнүксүз болуп калган деген сын айтты:

- Кылмыш-жазык процессуалдык кодекс тергөөнү, соттук териштирүүнү, прокурордук көзөмөлдү жана башка сот жараянына катышкан бардык тараптардын кыймыл-аракетин тескей турган регламент деп айтсак болот. Карап көрсөм, көп жыл прокуратура тармагында иштеген мага да түшүнүксүз терминдер бар экен. Муну жөнөкөй элибиз кантип түшүнөт? Биз элдин жалпы катмарына, коомго сиңип, аларга ыңгай-шарт түзө турган нормаларды иштеп чыгышыбыз керек.

Кыргызстан 2010-жылы эле баштаган сот реформасын аягына чыгара албай келет. Азыр сотторду тандоо иштери да аксап, 100гө жакын судьянын орду бош турат. Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева парламентке кайрылып, Сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамын тезирээк бекитип берүүнү суранган. Судьялар таңкыстыгынан сотторго кайрылган жарандар жабыркап жатканын эскерткен.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG