Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:52

Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Сотко судьяларды тандоо жараянын баштады. Кеңеш мүчөлөрү жаңы мыйзамдын негизинде тандоо талаптары күчөтүлгөнүн билдирип, муну туңгуюкка кептелген соттук реформанын кайрадан жанданышы катары карашууда. Анткен менен мындай аракеттин ишке ашарынан күмөн санагандар арбын.

Сотторду тандоо кеңеши жарыяланган сынактын чегинде Жогорку Соттун 35 судьясын тандашы керек. Талапкерлердин документтери 21-июндан 30-июнга чейин кабыл алынмакчы.

Сотторду тандоо кеңешинин төрага орун басары Жамила Нурумбетованын билдиришинче, бүгүнкү күнгө чейин 4 гана талапкер документтерин тапшырды. Муну талапкерлердин документтерди топтоо менен алек болуп жатышы ыктымал деп болжошуп, мөөнөт аяктар алдында жапырт тапшыруу башталат деп күтүшүүдө.

Былтыр Жогорку Соттун жана Конституциялык палатанын судьялары тандалып, бирок булардын көпчүлүгү президент жана парламенттин каршылыгы менен бул кызматка бекибей калган. Мындан улам эксперттер өткөн жылы башталган сот реформасынын ара жолдо калышына президент, парламент жана жарандык коомдун Сотторду тандоо кеңеши боюнча бир пикирге келе албагандыгы себеп болду деп айтып чыгышкан.

Ошентип cотторду тандоо тартиби мыйзам аркылуу аныкталбаганына байланыштуу 160 судьянын ыйгарым укуктары жана мөөнөттөрү арабөк абалда калган.

Үч баскычтуу сынак

Эми Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Соттун судьяларын тандоо эки жылдан бери кечеңдеп жаткан сот реформасын кыймылга келтирип, анын иш жүзүндөгү башталышы болот деп ишендиришүүдө. Муну Сотторду тандоо кеңешинин төрага орун басары Жамила Нурумбетова мындайча негиздеди:

- Сотторду тандоонун башкача системасы сунуш кылынып жатат. Мурун бир гана баскычта аңгелемешүү менен соттор тандалып келсе, бул ирет үч баскычтын негизинде тандалат. Тактап айтканда алгач талапкерлер документтерин тапшырган соң аларды кеңеш мүчөлөрү өтө кылдат анализдеп чыгабыз. Андан соң экинчи баскычта талапкер укуктук темага дил баян жазып, бул тармактагы суроолорго оозеки жооп бериши керек. Үчүнчү баскычта болсо, Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү менен адистик деңгээлин текшерүү үчүн аңгелемешүү болот. Мына ушулардан соң гана добуш берип, тандай алабыз. Мындай нормалар келечектеги судьяларды кесиптик деңгээлине жана жөндөмүнө жараша тандап алуу үчүн киргизилди.

Марат Кайыпов

Марат Кайыпов

Эми Сотторду тандоо кеңеши өзү иргеген талапкерлерди президент менен парламентке сунушташат. Алардын сынына толсо гана судья катары алар ишке кирише алышат.

Бул жараян күзгө чейин ийгиликтүү ишке ашса, кеңеш облустук, шаардык жана райондук сотторду тандай баштайт.

Жогорку Соттун судьялыгына талапкер болуп, документин тапшырган 4 адамдын бири, мурдагы юстиция министри Марат Кайыпов бул жараян сот системасындагы көп суроого чекит коёт деп үмүттөнүүдө. Кайыповдун айтымында, учурда судьялардын коомчулуктун көз алдында тандалышын деле реформанын алгачкы жемиши катары баалоого болот:

- Мурун сотторду тандоо кабинеттерде эле чечилчү. Азыр болсо жарандык коомдун катышуусу менен ММКда чагылдырылып, ким катышып жатканы, ким келери дайын болуп жатат. Мунун баары эле татыктуу талапкерди тандап, системаны оңдоого шарт түзчү факторлор болууда.

Күттүргөн реформа

Анткен менен сот реформасы башталды деген убадасынан күмөн санагандар арбын. Маселен, Сотторду көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин координатору Рита Карасартованын пикиринде, реформа үзүл-кесил эмес, комплекстүү жүргүзүлүшү керек эле:

- Булар ММКда сот реформасы башталды деп эле айтып жатышат. Чындыгында сот реформасы эч качан тандоодон башталбайт да, бүтпөйт да. Ал үзгүлтүксүз жараян болуш керек. Маселен, бардык мыйзамдарды ушуга тууралап, аны иштешине шарт түзүп, анан жалпы жасашыбыз керек эле. Булар болсо "мына, жасаган жатабыз" деп эле баарын тандоого байланыштырып коюп отурушат.

Ал ортодо "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы Кыргызстандагы сот системасына ишенимди аныктаган изилдөө жыйынтыгын жарыя кылды. Өлкөнүн ар аймагынан сурамжыланган 1500ге жакын адамдын ар бир үчүнчүсү сот адилеттигине ишенбей турганын, бийликтин бул бутагынын ашкере коррупциялашканын билдирген.

Мындай тыянактарга сот бийлигинин өкүлдөрү макул эмес. Жогорку Соттун аппаратынын төрагасынын орун басары Гүлбара Калиеванын айтымында, сот системасындагы өзгөрүүлөр эске алынбай, мурдатан калыптанып калган негативдүү пикирден эч ким чыга албай жатат:

- Булар сотко кайрылгысы келбейт, ишенбейт деп айтып жатышат. Бирок акыркы учурда сотко кайрылгандардын саны өсүп жатат. Эгер ишенбесе кайрылбайт эле да. Анан ММКдан сот коррупциялашкан сот начар иштеп жатат деген гана пикирлер айтылат. Муну өзгөртүү үчүн баарыбыз иштешибиз керек экенин унутуп калабыз.

Кыргызстанда соттор коррупциялашкан, аткаруу бийлигине көз каранды деген айыптар көптөн бери эле коюлуп келет. Сот реформасы апрел ыңкылабынын башкы талаптарынын бири болгон. Ыңкылаптан кийинки бийлик сот реформасын жасоого ынтызар экендигин билдирип жатканы менен ал дале арабөк абалда турат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG