Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:28

Стратегиялык тармактардын улам бири Орусиянын колуна өтүп атканы тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна “Ноттингэм” университетинин бизнес мектебинин бүтүрүүчүсү, эксперт Акылбек Жумабаев жооп берди.

“Азаттык”: Учурда экономиканын диверсификацияланышы жаатында сөздөр көп болуп атат. Маселен, соңку кездери Кыргызстан күйүүчү май жагынан Орусияга 90 пайызга чейин көз каранды, анын башкача жолдорун да караштырып, күйүүчү майды башка жактан да алып келүү керек деген маселе келип чыкты. Жакында эле “Кыргызгаздын” 75 пайыз акциясын Орусияга берүү маселеси да көтөрүлдү. Кандай дейсиз, ушул экономикалык көз карандылык саясий курал катары колдонулуп кетпейби?

Акылбек Жумабаев: Албетте кийин ар кандай иштер болуп кетиши мүмкүн. Бирок башка жагын карасак, биздин тегерегибизде Орусиядан биз алып аткандай көлөмдөгү күйүүчү майларды алчу өнөктөштөрүбүз жок. Ошондуктан биз баары бир Орусиядан алып аткан майды, жакынкы келечекте кайра эле Орусиядан ала беребиз деп ойлойм.

“Кыргызгаз” мекемесинин 75 пайызын Орусияга берүүнүн тууралыгын айта турган болсок, менимче ал туура эле чечим. Себеби Орусия кошо ээлик кылган компанияда албетте алар менен Кыргызстандын өкүлдөрү чогуу көз салып, карашат да. Мурдагыдай ким бийликте болсо, кимдин муштуму чоң болсо ошол келип алып минип атты, ары-бери чапкылай бербейт. Кандай кылам десе ошондой кылып, бардыгын тоноп, уурдай бергенге мүмкүнчүлүк болбой калат.

Ошондуктан эгерде Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы чогуу ишкана боло турган болсо, анын да өзүнчө туура жактары бар Кыргызстан үчүн.

“Азаттык”: Бирок “Орусия кош айдоонун алдында же кайсы бир учурларда күйүүчү майларга кайрадан кошумча төлөмдөрдү кошуп, өзүнүн талаптарын, шарттарын койо баштайт” деген пикирлер да айтылып жүрөт. Эми “Кыргызгазды” колго алуу менен газдын кулагын бурап туруп, башка бир талап койсо кандай болот?

А.Жумабаев: Биринчиден, баягы кыргызды башкарып аткан бийликтер, ким келип бийликте турса да илгертеден бери Орусиянын өкмөтүн алдап келатышат. Ошондуктан албетте аларда да бизге ишенбөөчүлүк кылууга акысы бар. Бүгүнкү күнгө чейин эгерде мамлекет ошондой деп кол койгон болсо, өзүнүн берген убадасын аткарыш керек. Ошол себептүү азыр “Дастанды” алабыз деп аткан болсо, бардык жагын тактап, тууралап, бардык шарттарын келишип, кимге канча акча тиешелүү болот, кимдин кандай катышы болот, ошолордун бардыгын сууну кече электе тактап туруп бериш керек.

“Азаттык”: Бирок экономикалык тармакты бир эле мамлекеттин колуна, болгондо да ошо мамлекеттик ишканаларына берүү канчалык деңгээлде туура? Дүйнө бир гана Орусиядан турбайт да?

А.Жумабаев: Бүгүнкү күнү эгер биздин мамлекет “жок, ушул “Дастанды” биз андан да чоңураак суммага сатабыз, же болбосо бул жерде анын пайдасы мамлекетке, элге мындан да көбүрөөк өлчөмдө тийчү долбоорлор бар” деп, башкалар да келип сынакка катыша турган болсо, анда албетте “соодада достук жок” деген макалдай, ким бизге пайдалуу шарттарды берсе, ошолорго сатышыбыз керек. Албетте өкмөт өзүнүн катышын да бир аз калтырышы керек ошол ишканада. Анткени бул орчундуу, стратегиялык объект болуп саналат.

“Азаттык”: Эмне себептен кыргыз бийлиги стратегиялык өнөктөш деп, экономикалык жаатта негизинен Орусия менен гана кызматташууга басым жасайт?

А.Жумабаев: Биринчиден, менимче бул тарыхый жактан түзүлүп калган абал ушундай. Экинчиден, биздин өкмөттөгү менеджерлердин жеткен акылы эле ушул болсо керек.

“Азаттык”: Мен дагы бир маселени айтар элем. Европа өлкөлөрү Орусиядан газ болобу, кара май болобу рыноктук баада эле алып, кадимкидей эле өз саясатын жүргүзүп атышат. Кыргыз өлкөсү эмне себептен “кошумча төлөмдөрдү алып койгула” деп соодалашууга барбастан, рыноктук алакага өтө албай атат?

А.Жумабаев: Менин оюмча бүгүнкү күнү Кыргызстан тизесинен туруп, түздөнүп, ийнин да түздөп, эл катары башка коңшулар менен кол алышып, тең ата сүйлөшкөнгө, жаңы турмуш баштаганга убакыт келген эле да эбак. Ошондуктан биздин баягы эле бийликке келген адамдарыбыз ушуну оңдошу керек эле. Себеп дегенде алардын колунда азыр элдин үмүтү, ишеними турат да. Ошону булар акташы керек эле.

Акаевдин убагындагы өкмөттөр биздин ишенимди акташ керек болчу, Бакиев ыңкылап жасап келген соң ал да ошону акташ керек болчу. Бакиевдер беш жыл бою акча топтоп, канча элдин көз жашына калып, мына кийин мамлекеттен качып кетүүгө аргасыз болушту. Алар кеткенден кийин жаңы бийлик ошону оңдоого аракет кылышы керек эле. Бирок, тилекке каршы, азырынча ошого үлгү көрсөткөн эч ким деле боло элек.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG