Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42

Жогорку Кеңеш комитеттери апрель жана июнь окуялары боюнча парламент токтомдорунун аткарылышы тууралуу 16-апрелде өкмөттүн маалыматын укту.

Анда 2010-жылдагы коогалаң күнөөкөрлөрүн таап, жазага тартуу иштерине байланыштуу сын пикир айтылды.

Жыйында Жогорку Кеңештеги оппозициячыл “Ата Журт” фракциясынан депутат Акматбек Келдибеков өкмөттү парламенттин токтомдорунда көрсөтүлгөн тапшырмаларды жетиштүү аткара албады деп айыптады:

- Эмне үчүн жикчилдер дегендин бирөөсү жөнүндө маалымат жок? Эмне үчүн Кадыржан Батыров эркин учуп, Стамбулга келип кетип жүрөт? Ким кандай иш алып барды? Эмне үчүн Инамжанды издөө жүргөн жок? Салахуддиновду ким алып чыкты? Мына, Алмаз Шаршенович "иликтегиле деп УКМКга бердим" дейт. Келгиле, хронологиясын тактап чыгалы. Ким биринчи баштап атат, ким күнөөлүү, келгиле, тактайлы. Парламенттин токтомунун бир да пункту аткарылган жок.

Башкы прокурор Аида Салянованын билдиришинче, апрель жана июнь окуялары боюнча айыпталып, качып жүргөн ондогон адамдардын ичинен мурунку президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиев менен өзбек лидерлеринин бири Жалалидин Салахуддинов гана эл аралык издөөгө алынган:

- Экстрадиция боюнча иштеп жатабыз. Бирок Кыргызстандын укук коргоо органдарынан көз каранды эмес, башка мамлекеттерге тиешелүү маселелер да бар экен. Көп учурда саясий мотивациянын шылтоосу менен качып жүргөндөрдү бизге берүүдөн ачык эле баш тартып жатышат. Мисалы, жикчилдер деген тизменин ичинен Салахуддинов гана эл аралык издөөгө алынган. Калгандары алынган эмес. Апрель окуялары боюнча Жаныш Бакиев гана эл аралык издөөгө алынган. Калгандары алынган эмес. Баарына эле саясий куугунтук деген жооп келип атат. Кээде бизге “Курманбек Бакиевди бербейбиз деп айттык эле, бирок азыр анын бир тууганы боюнча кайрылып жатасыңар. Булар бир эле кылмыш иш боюнча кетип баратыптыр, ошондуктан буларды да берүүдөн баш тартабыз”, деген жооп келет.

Жогорку Кеңештин токтомунда улут аралык жаңжалды козуткан маалыматты тыюу тапшырмасы берилген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Шамил Атаханов мындай сексенден ашык иш каралып жатканын айтып, бирок экспертиза жүргүзүүдө кыйынчылыктар бар экенин белгиледи:

- Бүгүнкү күндө улуттар аралык жаңжалдарды козуткан материалдар боюнча экспертиза жүргүзүү боюнча мыйзам керек. Мен атын айтпай эле коеюн, биз бир улутчул маанайдагы билдирүү боюнча экспертиза жүргүзгөнбүз. Ал билдирүүнү ким айтканын билгенден кийин эле эксперттердин баары катышуудан баш тартты. Эксперттерге эч кандай айлык төлөнбөйт жана алар жетиштүү деңгээлде корголбойт. Ошон үчүн мыйзам керек. Андан сырткары маалыматтарды көзөмөлдөп туруш үчүн техника керек. Биз Жогорку Кеңештин токтомунун негизинде маалымат коопсуздугу, интернет сайттардын баарын карап, текшерип туруу боюнча программа иштеп чыктык. Бул программа 3-4 айда ишке кирип калат.

Апрель окуялары боюнча сөз жүргөндө депутаттар ыңкылаптан кийин банк ячейкаларынан алынган акча, анын бөлүштүрүлүшүнө көбүрөөк кызыгышты. Башкы прокурор Аида Салянованын жообу мындайча болду:

- Ячейкадан алынган акчалар боюнча эки маселени бөлүп алыш керек. Биринчиси, акчалар кандай болуп алынып калган. Ал мыйзамдуубу, же мыйзамсызбы? Экинчиси, бул акчалардын колдонулушу. Мен, мисалы, башкы прокурор катары экинчи маселени карадым. Мен Убактылуу өкмөткө баа бере албайм. Убактылуу өкмөттүн токтомдору, декреттери турганда прокуратура аларды мыйзамсыз деп айтпайт.

Кыргызстан 2010-жылы оор окуяларды башынан өткөргөн. Апрелде бийлик күч менен алмашып, 87 адам Ак үйдүн алдында окко учкан. Июнь айында өлкөнүн түштүгүндө улут аралык жаңжал тутанган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG