Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:54

Эл аралык комиссиянын сунуштары эленеби?


Июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Кильюнен "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында. Бишкек, 2011-жылдын 3-майы.

Июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Кильюнен "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында. Бишкек, 2011-жылдын 3-майы.

Эл аралык көз карандысыз комиссиянын тыянагында этникалык мамилелерди жөнгө салуу боюнча бир катар сунуштар берилген.

Бирок мамлекеттик бийликтин жана коомчулуктун өкүлдөрү берилген сунуштардын айрымдары негизсиз экендигин айтышып, алар тескерисинче кырдаалды курчутуп жибериши мүмкүн экендигин белгилешүүдө.

Эл аралык комиссиянын баяндамасында Кыргызстандын өкмөтүнө постконфликттик кырдаалды жөнгө салуу жана этникалык өнүгүүнү камсыздоо боюнча отуздан ашуун сунуштар берилген. Алардын негизгиси Кыргызстандын көп улуттуу экендигин таануу менен улутчулдукка жол бербөө жана этникалык азчылыктын тең укуктуулугун бекемдөө жагы көрсөтүлгөн.

Өзбек тилине өзгөчө мамиле

Эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Кильюнен өзбек тектүү жарандар көп жашаган аймактарда өзбек тилинин колдонулушун таануу маселесин сунуштады:

- Биз өзбек тилине расмий тил макамын ыйгаруу керек деген жерибиз жок. Бирок биз өзбек тектүү жарандар көп жайгашкан аймактарда өзбек тилинин өзгөчө макамын таануу зарылдыгын айтып жатабыз. Анткени Кыргызстандын түштүк аймагындагы көпчүлүк райондорунда өзбек тилдүү калктын саны отуз пайызга жакын. Биз Кыргызстандын бийлиги өлкөнүн көп улуттуу курамын эске алуу менен бул маселеге көңүл бурат деген ниеттебиз.

Бирок мындай сунушка Кыргызстандын бийлик органдары макул эмес. Анткени Кыргызстанда улуттук азчылыктардын тилинин жана маданияттынын өнүгүшүнө тоскоолдук жасалган саясат жок экендиги мисалга алынды.

Президенттик администрациянын этникалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Аблабек Асанканков аталган сунушту кабыл алууга негиз жок деп эсептейт:
Аблабек Асанканов

- Азыр деле же болбосо буга чейин деле Кыргызстандагы өзбектердин тилине кысым көрсөтүү, же болбосо алардын маданиятынын өнүгүшүнө тоскоолдук жасалгыдай саясат болгон эмес. Тескерисинче өзбек тили жана маданияты Кыргызстанда кеңири өнүгүп өсүүгө ээ болду. Бул сунуш жанагы чатактан кийин чыңалууну бошоңдотуу чарасы катары айтылып жатса керек. Биз эми өзүбүздүн шартыбызга жана ыңгайыбызга жараша ал сунуштардын баарын эле кабыл ала бербейбиз да. Кереги барын алып, кереги жогун угуп коюшубуз керек.

Макам ыйгаруу: зарылдыкпы же чайкоочулукпу?

Буга чейин Кыргызстандагы өзбек коомчулугу алар көп отурукташкан аймактарда иш-кагаздарынын жана көрнөк-жарнактардын өзбек тилинде жазылышын талап кылып келишкен. Анткени буга айрым жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн иш кагаздарды мамлекеттик тилде гана жүргүзүү боюнча буйруктары түрткү болгон.

“Эркиндик үнү” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Абдумомун Мамараимов өзбек тилине өзүнчө макам ыйгарыш керек деген сунушка мындайча пикирин билдирди:
Абдумомун Мамараимов

- Өзбек тилин жер-жерлерде колдонууга киргизүү үчүн атайын макам бериш керек деген маселе бизде Кыргызстанда өзү мурда болгон. Бул чен-өлчөм 1993-жылга чейин иштеп келген. Андан кийин алынып салынган. Эми азыр бул маселени кайра көтөрүп, мына ошону талап кылып чыкканда коомубуздун экинчи жагы аны жакшы кабыл албай коюшу мүмкүн. Анткени мамлекеттик тил өзү жакшы өнүгө албай жатканда улуттук азчылыктардын тилине көңүл буруу керек дегенди коом туура эмес көрөт.

Ошол эле учурда талдоочулар мамлекеттик макамдагы кыргыз тилин өзбек тектүү жарандардын түшүнүшүндө маселе жок экендигин айтып келишет. Көз каранды эмес серепчи Имамберди Жалилов көпчүлүк учурда тил маселеси саясий куралга айланып жаткандыгына токтолду:

- Тилди биз саясий чайкоочулуктун каражаты катары колдонуп келе жатабыз. Маселенин эң коркунучтуулугу ушунда. Баш мыйзамда “мамлекеттик бийлик органдарында мамлекеттик тилде иш-кагаздары жүргүзүлөт” деп турат. Мына Германияда 3,5 миллиондон ашуун түрк диаспорасы өздөрү жыш олтурукташкан жерлерде тил макамын бергиле деген маселе койбой эле турушат. Ал жакта мындай аракеттер жана андай сунуштарды эч ким бергиси келбейт. Бул эми жөн эле сасык саясат болуп жатат.

Этникалык азчылык өкүлдөрүн бийликке тартуу

Мындан сырткары эл аралык иликтөө комиссиянын сунуштарында этникалык топтордун өкүлдөрүнүн башкаруу жана күч органдарындагы тең салмактуулугун камсыздоо маселеси көтөрүлгөн.

Башкы прокурордун орун басары Рыскул Бактыбаев бул маселеде адистин улуттук өзгөчөлүгүнө эмес, кесиптик жөндөмүнө жараша мамиле болушу керек деп эсептейт:
Рыскул Бактыбаев

- Кызматка алуу үчүн тиешелүү талаптар бар. Атайын билими, аскерге милдеттүүлүгү болушу керек. Мына ошого жараша башка улуттардын уул-кыздары жакшына эле иштеп жүрүшөт. Деги эле мына ошого кошулууга болбойт. Мамлекеттик бийлик органдарында мынча пайыз кыргыздар жана калган мынчасы башка улуттар болушу керек дегендин өзү туура эмес. Адистер кызматка улуттук өзгөчөлүгүнө карата эмес, ишке жөндөмдүүлүгү боюнча тандалышы керек.

Анткен менен бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары июнь коогалаңында күч түзүмдөрүнүн жана армиянын курамы жалаң гана бир улуттун өкүлдөрүнөн тургандыгын байкашкан. Мындай жагдай окуяга карата бир жактуу мамиленин орун алышына шарт түзөөрү айтылган.

Абдумомун Мамараимов бул боюнча сунуштар аткарылса этникалык абал жакшырмак деген ойдо:

- Эл аралык комиссия мына ошол эл аралык укуктун алкагында эл аралык стандарттарды колдонуу сунуштарын берген. Бирок биздеги жергиликтүү шарттарды эске алганда мына ошол стандарттарды колдонуудан конфликт пайда болот. Буга эми биздин элибиздин саясий аң-сезиминин деңгээли дагы таасирин тийгизет. Бизде качан гана мамлекеттик бийликке жана күч түзүмдөрүнө башка улуттарды аралаштырганда көйгөйлөр азыраак болот.

Мындан сырткары сунуштарда коогалаңда өрттөлгөн өзбек тилдүү маданий жана билим берүү мекемелерин калыбына келтирип, мурдагыдай иштөөсүн камсыздоо жагы жазылган. Ошондой эле өзбек тектүү жарандарды мыйзамсыз кармоолорду токтотуу жана кылмышка шектелгендердин иштерин акыйкат териштирүү зарылдыгы сунушталган. Анан июнь коогалаңына катышы бар адамдарды этникалык тегине карабастан жазалоо жагы көрсөтүлгөн. Сунуштар аткарылбаган учурда ага карата эл аралык коомчулуктун мамилеси кандай боло тургандыгы боюнча суроого комиссия төрагасы Киммо Кильюнен алардын Кыргызстандын бийлиги тарабынан аткарылышына ишеними бар экендигин айтуу менен гана чектелди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG